Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:38

Таласта 27 жаштагы келин кызы жана баласы менен киши колдуу болду


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы 24-майга караган түнү Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылында 27 жаштагы келин жана анын төрт жаштагы кызы менен эки жаштагы уулу киши колдуу болгонун билдирди.

Бул факты Айтматов райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен катталып, кылмыш иши козголду.

Маркумдун үйүнөн сайсыз ок атуучу курал жана балта далил катары алынган. Тергөө-ыкчам аракетинин жүргүзүү учурунда шектүү катары, буга чейин соттолгон, Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылынын 48 жаштагы тургунуна издөө жарыяланды. Ички иштер органдарына багыттамалар жиберилип, Кыргызстандан чыгып кетишине бөгөт коюлду.

Кылмыш иши боюнча соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-баллистикалык жана соттук-криминалистикалык экспертизалар дайындалды. Ушул тапта Талас облустук милициясынын жана Айтматов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери шектүүнү издеп жатат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG