Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:40

Жетигендин кыйноого кабылганы тууралуу арызын иликтөө уланууда


Аскат Жетиген Бишкектин Свердлов райондук сотундагы отурумда. 23-май, 2024-жыл.
Аскат Жетиген Бишкектин Свердлов райондук сотундагы отурумда. 23-май, 2024-жыл.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан акын жана активист Аскат Жетигендин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык бөлүмүндө кыйноого кабылганы тууралуу арызы боюнча иликтөө иштери улантылып жатканын билдирди.

Мекеме 24-майда “Азаттыкка” комментарий берип, экспертизалар дайындалганын, жыйынтыгы азырынча чыга электигин кошумчалады. Ишти Аскер прокуратурасы териштирип жатат.

Аскат Жетиген Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) шаардык бөлүмүндө кыйноого кабылганын 23-майда сотто көрсөтмө берип жатып айткан.

Ал “20-марттагы соттун чечиминен кийин укук коргоо органдары мени УКМКнын шаардык бөлүмүндө, мекеменин жертөлөсүндө бир саатка жакын ток менен кыйнашкан, башыма баштык кийгизип, сабашкан. Алардын талабы боюнча бийликке каршы чыкпай, кечирим сурашым керек болчу”, - деген жана бул боюнча Акыйкатчыга жана Кыйноолорго каршы улуттук борборго кайрылганын билдирген.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор Аскат Жетиген кыйноого кабылганы боюнча 9-апрелде арыз менен кайрылганын ырастаган.

Улуттук коопсуздук комитети өзүнө караштуу мекемеде Аскат Жетигендин кыйноого кабылганы тууралуу маалыматтарга комментарий бере элек.

Жаза аткаруу кызматы Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурган активистке бул мекемеде күч колдонуу болбогонун 23-майда кабарлап, Аскат Жетигендин “ага каршы күч колдонуу жана кыйноо чаралары колдонулбагандыгы” жөнүндө оозеки жана жазуу жүзүндө түшүндүрмөсүн жарыялады.

УКМК алгач аны 16-мартта Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келген. Коомдо анын кармалышы катуу талкууланып, бошотуу талабы коюлган. 18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

20-мартта УКМК Аскат Жетигенге дагы бир иш козгогон. Ушул эле күнү Биринчи май райондук соту аны камакка алган.

Учурда Аскат Жетигенге эки кылмыш иши ачылган: биринчиси - 2020-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен, экинчиси - быйыл 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) менен козголгон.

Аскат Жетиген - ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Анын “Зарыкканда” баштаган бир канча ыры эл арасында белгилүү.

Аскат Жетиген 2021-жылдан баштап азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинен казинону иштетүү, желекти өзгөртүү боюнча демилгелерге каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы иштерди айыптаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG