Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:27

"Мекен-карт" макамын 118 киши алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда "Мекен-карт" макамы 118 кишиге берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу 24-майда “Ишеним” фракциясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, “Мекен-карт” макамы 2023-жылдын март айынан баштап бериле баштаган.

“Мекен-карт” макамын алган жарандар Кыргызстанга эркин кирип-чыгат жана визадан бошотулат. Бүгүнкү күнгө 169 жаран тапшырып, анын ичинен 118и алышты. Орусиядан 67, Германиядан 69 киши, калгандары Түркмөнстан, Корея мамлекеттери кетет”, - деди ал.

“Мекен-картка” документ кабыл алуу 2023-жылы мартта башталган. Бул документ мурда Кыргызстандын жараны болгон чет өлкөлүктөргө, алардын балдары жана неберелерине берилет.

“Мекен-картты” алуу үчүн калкты тейлөө борборлоруна, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтерине, мекемелерине кайрылуу керек.

“Мекен-карт” алган кыргызстандыктарга “Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш” деген макам берилип, тарыхый мекенине визасыз кирип-чыгууга, уруксат документи жок эле иштөөгө, убактылуу жашоого жана билим алууга, медицина мекемелеринин кызматын колдонууга шарт түзүлөт. “Мекен-карт” 10 жылга чейин жарактуу болот.

Документ Кыргызстан менен чектешкен Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Кытайдын жарандыгын алган кыргызстандыктарга берилбейт.

Кыргызстанда жашап, кийин башка мамлекеттин жарандыгын алган адамдардын укуктарын кеңейтүүчү мыйзамга 2020-жылы кол коюлган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG