Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:08

ИИМге 18-майдагы тополоңго байланыштуу 266 маалымат түштү


Бишкек шаары. 18-майга караган түнү чогулган жаштар.
Бишкек шаары. 18-майга караган түнү чогулган жаштар.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев парламенттеги “Ишеним” фракциясынын жыйынында 18-майга караган түнү Бишкекте чет элдиктер сабалган тополоңго байланыштуу маалымат берди. Абдиев милицияга жалпы 266 маалымат түшүп, массалык башаламандыкка тиешеси бар шектүүлөрдү аныктоо уланып жатканын билдирди.

“Азыркы күндө ушул факты боюнча 266 маалымат катталган. Анын ичинен иликтөө жүргүзүлүп, 11 кылмыш иши козголду. Ал кылмыштар “бейбаштык”, “тоноочулук”, “каракчылык”, “улуттар аралык кастыкты козутуу”, “массалык башаламандык” боюнча тергөө жүрүп жатат. Ушул кылмыштарга байланыштуу бардык шектүүлөр аныкталып, кылмыш жоопкерчилигине тартылат”, - деди министрдин орун басары.

Абдиев учурда 4000 милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштеп, чет элдиктер жайгашкан жайлар кайтарууга алынганын кошумчалады.

Буга чейин ИИМ 13-майга караган түнү Кыргызстан менен Египеттин жарандарынын мушташы жана ушул мушташ тартылган видеодон кийин 18-майга караган түнү болгон башаламандыкта 49 киши жабыркаганын билдирген. 13 киши кылмышка шектүү катары аныкталган. Алардын ичинен төртөө Египеттин, калган жети адам Кыргызстандын жарандары.

18-майга караган түнү Бишкек менен Чүйдө жалпы жети жайга кол салуу болгон. Анын ичинен адамдар Бишкекте чет элдик студенттер жашаган алты жатаканага жана мейманкага кирип башаламандык кылып, чет өлкөлүктөрдү уруп-сабаган.

Андан тышкары ушул эле күнү Чүйдүн Аламүдүн айылында тигүү цехинде жашап иштеген Индиянын, Бангладештин жана Пакистандын жарандарына 60-70 киши кирип барып сабап, акчасын, уюлдук телефондорун алып кетишкен. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен бир кылмыш иши козголуп, 14 жабырлануучу аныкталган. Беш киши кылмышка шек саналып кармалды.

17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. 18-майга караган түндө Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, чет элдик студенттер жашаган жатаканага кирип барып башаламандык жаралган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) ошол күнү Бишкектеги Чүй менен 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук баары тарап кеткенин билдирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG