Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Газа тилкесине убактылуу порт курулат


Гумжардамга бараткан палестиндер. 6-март, 2024-жыл.
Гумжардамга бараткан палестиндер. 6-март, 2024-жыл.

АКШнын президенти Жо Байден деңиз аркылуу Газага гуманитардык жардам жеткирүү үчүн убактылуу порт куруларын билдирди. Порттон тилкеге күн сайын тамак-аш, таза суу жана дары-дармек ташыган жүздөгөн кеме кирет. ​​​​​​​Бирок анын курулушу жана гумжардам ташыган кемелердин негизги багыты тактала элек.

8-мартка Газа тилкесинде караган түнү жөөт аскерлери Дейр-ал-Балах шаарынa сокку урганда, кеминде тогуз жайкын тургун набыт болгону кабарланды. Окуя болгон жердеги күбөлөрдүн айтымында, кээ бир адамдар урандылардын астында калган.

"Алар эч нерсеге тиешеси жок бейкүнөө жарандар эле. Аларды ракета менен атып, тогузу шейит кетти. Жарадарлар ооруканага жеткирилди. Кээ бирлери урандылардын астында жатат. Биз аларды чыгара албай отурабыз", - дейт күбөлөрдүн бири Абдул-Азиз Абу Амра.

АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал уюму башкарган Газанын саламаттык сактоо мекемеси соңку бир суткада сектордо 78 киши каза болгонун, 104 киши жараат алганын кабарлады. Өлгөндөрдүн басымдуу бөлүгү - аялдар жана жаш балдар.

Убактылуу порт курулат

АКШнын президенти Жо Байден бейшембиде Конгресстеги сөзүндө деңиз аркылуу Газага гуманитардык жардам жеткирүү үчүн убактылуу порт куруларын билдирди.

Газага жардам жеткирүү аракети
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:25 0:00

Аталган порттон тилкеге күн сайын тамак-аш, таза суу жана дары-дармек ташыган жүздөгөн чоң кемелер кирери айтылууда. Азырынча гумжардам ташыган кемелердин негизги багыты тактала элек.

"Бүгүн кечинде мен америкалык аскер күчтөрүнө Газанын жээгинде, Жер Ортолук деңизинде тамак-аш, таза суу, дары-дармек жана убактылуу баш калкалоочу чатырларды ташыган, чоң жүктөрдү кабыл ала турган убактылуу порт куруу миссиясын жетектөөгө буйрук берем. Ал жерде америкалыктар болбойт. Убактылуу порт Газага күн сайын ташылуучу гуманитардык жардамдын көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет", - деди Байден.

Порттун курулушу бир нече жумада бүтөрү айтылууда. Алгачкы жүктөр Израилдин көзөмөлү менен Кипр аркылуу кирери болжонууда.

Америкалык CBS телеканалы портту курууга Вирджиния штатында жайгашкан "7-транспорт бригадасы" деп аталган аскердик топ аткарарын билдирди. Бирок аталган бригада азырынча Кошмо Штаттардан жөнөп чыга элек.

Жума күнү кайрымдуулук кемеси Газа тилкесине гуманитардык жардам менен жиберилерин Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен да билдирди.

Ал Кипрдин президенти Никос Христодулидис менен бирге пресс-конференцияда сүйлөгөн сөзүндө Евробиримдик АКШ, Бириккен Араб Эмираттары жана башка катышуучу өнөктөш өлкөлөр менен бирге "гуманитардык катастрофага" жооп катары Газага ири көлөмдөгү жардам жеткирүү үчүн деңиз коридорун ишке киргизип жатканын билдирди.

"300 миң палестиналык тамак-ашка муктаж"

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 4-мартта 300 миң палестиналык тамак-аш жана таза суудан өксүп, Газанын түндүгүндө балдар ачкачылыктан өлүп жатканын эскертти.

Ал эми БУУнун Газа тилкесинде гумжардам маселелери боюнча башкы координатору Сигрид Кааг уюмдун бейшембидеги кеңешмесинде аймакта гуманитардык каатчылык өкүм сүрүп, тилкеге абадан ыргытылган жардам океандагы тамчыдай эле экенин баса белгиледи.

"Биз Газадагы базарларды гуманитардык товарлар менен толтурушубуз керек, жарандардын муктаждыктарын чындап чечүү жеке секторду кайра жандандырышыбыз керек", - деди Кааг.

Ушул эле кеңешмеде сөз сүйлөгөн уюмдун азык-түлүк укугу боюнча атайын баяндамачысы Майкл Фахри: "Газадагы ачарчылыктын кесепети жан чыдагыс, а силер эч нерсе кылбай отурасыңар", - деди.

Израилдин БУУдагы өкүлчүлүгүнүн юридикалык кеңешчиси Йела Цитрин нааразылык иретинде жыйындан чыгып кетерде Израил ачарчылыкты согуш куралы катары колдонуп жатат деген айыптоолорду четке кагарын айтты.

Газадагы атышууну Рамазан айында токтото туруу жөнүндө сүйлөшүүлөр АКШ, Египет жана Катардын ортомчулугу менен уюштурулууда, бирок азырынча майнап чыга элек. Израил соңку сүйлөшүүгө өз делегациясын жөнөтпөй койгон.

Эл аралык уюмдар Газа гуманитардык апаат коркунучуна кептелгенин көптөн бери эскертип келатышат. Ай башында АКШ армиясынын учагы Газага биринчи жолу абадан гуманитардык жардам таштаган. Ал жерде тамак-аш тартып келаткан оор машиналардын жанында 110дон ашуун палестиналык каза тапкандан кийин Вашингтон жардамды ушундай жол менен жеткирерин билдирген.

Израил аскердик операциясын былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа секторунан кол салып, 1200 кишини, анын ичинен аялдарды, улгайган адамдарды жана балдарды өлтүрүп, 250дөй адамды Газага барымтага алып кеткенде баштаган.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси ошондон бери сектордо 30 миңден ашуун палестиналык жай тургун, анын ичинен аялдар жана балдар да набыт кеткенин билдирүүдө.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG