Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:51

Газадагы гуманитардык абалдан улам Израилге басым күчөдү


Газа сектору.
Газа сектору.

Газа секторунун согуш уланып жаткан аймактарына эң зарыл гуманитардык жардамды жеткирүү аракети күчөтүлгөнүн Associated Press маалымат агенттиги билдирди. Агенттик белгилегендей, 6-мартта Европа Биримдиги Газага Кипр тараптан деңиз жолун ачуу үчүн басымын күчөттү, ал эми Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Израилдин союздаштарынын чыдамы түгөнүп баратканын айтты.

Укук коргоочулар Газа секторунда гуманитардык кризис курчуп жатканын билдирүүдө. Алардын айтымында, Израил армиясынын чабуулдарынан качып, качкындар лагерлеринде жашап жаткан палестиналык жай тургундар азык-түлүктөн, дары-дармектен өтө кыйналууда, эки жашка чейинки курактагы наристелердин ар бир алтынчысы тоё тамактана албай жатат.

Газадагы атышууну Рамазан айында токтото туруу жөнүндө сүйлөшүүлөр АКШнын, Египеттин жана Катардын ортомчулугу менен уюштурулууда, бирок азырынча майнап чыга элек. Израил соңку сүйлөшүүгө өз делегациясын жөнөтпөй койгон.

Израил аскердик операциясын былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа секторунан кол салып, 1200 кишини, анын ичинде аялдарды, улгайган адамдарды жана балдарды өлтүрүп, 250дөй адамды Газага барымтага алып кеткенде баштаган.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси ошондон бери сектордо 30 миңден ашуун палестиналык жай тургун, арасында аялдар жана балдар набыт кеткенин билдирүүдө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG