Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:12

УКМК Талас суу чарба башкармалыгынын мурдагы жетекчилерин кармады


Талас шаары. Архив
Талас шаары. Архив

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Талас райондук суу чарба башкармалыгынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иштерин аныктап, мурдагы жетекчилери жана башка кызматкерлер кармалганын 7-мартта билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Коргоо министрлигинин бөлүктөрүндө эмгектенген аскер кызматкери Талас райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчилери менен келишип алып, 2020-жылдан 2023-жылга чейин суу чарба башкармалыгынын кызматкери катары айлык акы алып жүргөн.

Факты боюнча Кылмыш-Жаза кодексинин 337-беренесинин ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") 2-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, райондук суу чарба башкармалыгынын мурдагы эки жетекчиси жана башка кызматкерлер кармалган.

Шектүү тарап азырынча комментарий бере элек.

Учурда келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана тийиштүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу иштери жүрүп жатканы кабарланды. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG