Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:13

Ибраев майнинг фермалар электрди Орусиядан алып жатканын айтты


Таалайбек Ибраев
Таалайбек Ибраев

Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев өлкөдөгү майнинг фермаларга байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берип, алар электр энергиясын Казакстандан эмес, Орусиядан сатып алып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 7-мартта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында айтты.

6-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары министр Ибраевдин маалыматын угуп жатып, “Кыргызстанда электр жарыгын пайдаланууга чектөө кирип, гидростанцияларда суу жетишсиз болуп жаткан маалда майнинг компанияларга энергия сатылып жатканын” сынга алышкан. Ибраев “учурда Кыргызстанда бир гана майнинг компания бар экенин, ал электр энергиясын Казакстандан өзү түз сатып алып жатканын” айткан.

7-мартта Казакстандын Энергетика министрлиги Кыргызстандагы майнинг фермаларга берилип жаткан электр энергиясы жөнүндө медиаларга түшүндүрмө берип, казак тарап токту мамлекеттик мекемелерге сатарын, андан ары кайсы жакка таратарын кыргыз тарап өзү чечерин билдирген. Кыргызстандын министри мындан соң берген маалыматында Казакстан транзит гана болуп берерин кеп кылды.

“Казакстандын Энергетика министрлиги менен биздин “Электр станциялары” ишканасынын ортосунда электр энергиясын сатып алуу тууралуу келишим бар. Ооба, алар туура түшүндүрмө беришкен, бул Токтогул суу сактагычында жетиштүү көлөмдө суу сактап калуу үчүн керек. Ал эми бизде иштеп жаткан жалгыз майнинг ферма болжолдуу түрдө 30 МВт электр энергиясын пайдаланып жатат. Ал Орусиянын “Интер РАО” компаниясынан сатып алып, Казакстан аркылуу транзит менен алып келүүдө”, – деди Таалайбек Ибраев.

Былтыр апрелде – Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Орусиядан 875 млн кВт/саат электр энергиясын импорттоо боюнча макулдашууга кол коюлган. Ошол маалда орусиялык “Интер РАО” компаниясы Кыргызстанга электр энергиясын Казакстандын энергосистемасы аркылуу жеткирери айтылган.

2023-жылдын июль айында “Азаттык” “Энергокризис: Кеминдеги майнинг ферма кимдики?” деген иликтөө жарыялаган. Анда фермага ээлик кылган “Соларкоин” Кыргызстандын энергетика системасынын 30 МВт электр кубатын ала турганы, бул айрым райондордун бүтүндөй же теңинин керектөөсүнө тете экендигин тактаган.

Иликтөөгө президент Садыр Жапаров жооп берип,“жаз-жай мезгилинде өлкөдө электр энергиясы жетиштүү экенин, ал тургай ашып жатканын" тактаган. Ал ошол себептүү мамлекет майнинг фермага электр жарыгын эң кымбат баа менен 1 кВт/с 5 сом 4 тыйындан сатып жатканын айткан.

Мунун артынан энергетика министри Таалайбек Ибраев "Азаттыкка" маек куруп, Кыргызстандын криптовалюта чыгара турган эки гана майнинг компания – Кеминдеги “Соларкоин” жана "Камбар-Ата-2" ГЭСиндеги "МБТ Строй" компаниялары менен келишим түзүлгөнүн тактаган. Ошол эле маалда ал кеп болгон иликтөө чыккандан кийин "Соларкоин" компаниясы электрди Казакстандан алууну чечкенин билдирген. Ал өз интервьюсунда Кыргызстандын энергетика системасы транзит катары гана кызмат кылып жатканын айткан.

Интернетте гана жүгүртүлгөн санариптик акча – криптовалюны өндүрүү, кадимки кендерди казып алуу сыяктуу эле майнинг деп аталат. Аны жүргүзгөн ишкерлер “майнер”, ишканалар “майнинг-ферма” деген атка конгон. Майнинг кылуу үчүн мындай фермаларга үзгүлтүксүз түрдө жана көп көлөмдө электр энергиясы керектелет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG