Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:39

Газа боюнча АКШнын резолюциясын Орусия менен Кытай четке какты


Газанын Рафах шаарындагы качкындар лагеринде тамак жеп аткан бала. 14-март, 2024-жыл.
Газанын Рафах шаарындагы качкындар лагеринде тамак жеп аткан бала. 14-март, 2024-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде Газадагы ок атышууну токтотуу боюнча АКШнын резолюция долбооруна Орусия менен Кытай вето койду. Анда Вашингтон анклавга гуманитардык жардам жеткирүү үчүн ок атышууну дароо токтотуу зарыл экенин белгилеген эле.

АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАС радикал уюму менен Израилди мунасага чакыруу үчүн мамлекеттик катчы Энтони Блинкен Тель-Авивге барды.

АКШ сунуштагы резолюция долбооруна Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү Орусия менен Кытай вето коюп салды. Кошмо Штаттардын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу элчиси Линда Томас-Гринфилд "Орусия бул жолу да саясатты жогору койду" деп айтты.

Резолюцияны өткөрүү үчүн Коопсуздук кеңешиндеги 15 мүчөнүн тогузунун колдоосу керек эле. Андан тышкары кеңештин туруктуу мүчөлөрү АКШ, Орусия, Франция, Британия жана Кытай документке вето койбошу зарыл болчу. Бул жолу Вашингтондун сунушун 11 мамлекет колдоп, үчөө каршылыгын билдирди. Кеңештин дагы бир мүчөсү добуш берген жок.

АКШ сунуштаган Газадагы ок атышууну токтотууну көздөгөн резолюция долбоорунда "карапайым тургундарды коргоп, эң зарыл жардам менен камсыздап, кыйынчылыктарды жеңилдетүү үчүн ок атышууну дароо токтотуу зарыл" экени белгиленген. Ошондой эле авторлор Рафах шаарындагы жай тургундардын тагдырына тынчсызданып, "эки мамлекет" концепциясынын үстүндө ишти улантууга чакырышкан.

Буга чейин Газадагы согушту токтотууга чакырган резолюцияларга Вашингтон үч жолу вето койгон. Байкоочулардын эсебинде АКШ саясатынын өзгөрүшүнө карапайым тургундардын арасындагы жоготуулар жана ачарчылык коркунучу түрткү болду.

Британиянын Коопсуздук кеңешиндеги өкүлү Дама Барбара Вудворд Орусия менен Кытайдын кадамы боюнча "терең өкүнүчүн" билдирди.

Ал Британия Газага гуманитардык жардам жеткирүү аракетин колунан келишинче көрө берерин, ошентсе да ок атышууну дароо токтотуу зарыл экенин белгиледи.

ЦАХАЛдын Аш-Шифадагы аскердик операциясы

Газа тилкесиндеги эң ири деп саналган Аш-Шифа ооруканасында жөөт армиясынын (ЦАХАЛ) аскердик операциясы уланууда. Ал жакта дарыланып же баш калкалап жаткандар аман калуунун аргасын издеп качууга аргасыз болушту.

"Ар бир имаратта снайперлер отурат. Башка жакка кетели, чыгыш жакты тандайлы десек, бизге тыюу салышты. Өзүбүз каалабасак да, түштүккө кетүүгө аргасыз болдук. Алдыбызга салып жатар төшөнчүбүз жок. Эмне ичип-жейбиз? Абалыбызды бир Кудай гана билет", - дейт качкындардын бири.

ЦАХАЛ билдиргендей, учурда оорукананын тегерегинде жана ичинде согушкерлер менен айыгышкан кармаш жүрүп жатат. Армиянын өкүлү Даниэл Хагари операция маалында жайкын тургундар, медициналык кызматкерлер жабыркабаганын билдирди.

"Ал жакта ХАМАСтын жана “Ислам жихады” кыймылынын террорчулары бар. Алар тез жардам бөлүмүндө бекинип алышты. Биз бейтаптарды эвакуациялап жатабыз. Ооруканада 220 бейтап бар", - деди Хагари.

Анткен менен, күбөлөрдүн айтымында, операция маалында жараат алган карапайым адамдар арбын. Газадагы согуштун башталышына АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАС радикал уюмунун Израилге былтыр октябрда кол салышы түрткү болгон. Анда хамасчылар 1200дөй кишини өлтүрүп, 250дөй адамды барымтага алып кеткени кабарланган. Ошондон бери Израил армиясы анклавга тынбай чабуул коюп келет. ХАМАС көзөмөлдөгөн аймактын Саламаттык сактоо башкармалыгы андан бери 31 миңдей кишинин өмүрү кыйылганын кабарлоодо. Бул санды көз карандысыз булактардын ырастоо мүмкүн эмес.

Ок атышууну токтотуу тууралуу келишим

Тараптардын ортосундагы ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу максатында АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Тель-Авивге барды.

Буга чейин ал Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мохаммед бин Салман жана Араб мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери менен Египеттин баш калаасы Каирде жолуккан.

"Пикир келишпестиктер азаюуда. Дохада макулдашууга жетишүү үчүн аракетибизди улантабыз. Алдыда дагы көп иш турат. Бирок мен баары колдон келерине ишенем", - деди Блинкен Каирдеги маалымат жыйында.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Тель-Авивге конду. 22-март, 2024-жыл.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Тель-Авивге конду. 22-март, 2024-жыл.

Американын жогорку даражалуу дипломатынын бул жолку сапары АКШ менен Израилдин мамилеси оорлошуп турган маалга туш келди. Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден Израилдин Газадагы аскердик операциясы "ашыкча" болуп, карапайым тургундардын арасындагы эбегейсиз жоготууларга алып келгенин белгилеген.

Буга чейинки ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашууга жетишүү аракеттеринен майнап чыккан эмес.

Катар, Египет жана АКШ Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотуу боюнча январь айынын соңунда Парижде макулдашууга жетишип, аны тараптарга сунуштаган.

“Рейтерс” агенттиги палестин аткаминерлерине шилтеме жасап кабарлагандай, ал макулдашуу боюнча ок атышууну токтотуу жараяны эки баскычтан турат.

Алгачкы баскычта согуш 40 күнгө токтотулат. Бул убакыт аралыгында ХАМАС радикал уюму туткундагы 100дөй кишини бошотушу зарыл.

Кийинки баскычтарда жөөт аскерлеринин жана туткунда жатып каза болгондордун сөөктөрүн Израилге өткөрүп берүү каралган.

Ал эми ХАМАС радикал уюму Газа тилкесиндеги ок атышууну төрт жарым айга токтотууну сунуштаган. Анда барымтадагы баардык туткундарды бошотуу, Израил Газа тилкесинен өз армиясын чыгарып кетиши жана согушту толук токтотуу боюнча макулдашууга жетишүү каралган.

Биньямин Нетаньяху ХАМАС койгон шарттарды четке каккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG