Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:54

"Маанай да, шарт да жок". Газадагы Орозо айт


Газалыктар Орозо айтты согуш шартында белгилешти
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:37 0:00

Газалыктар Орозо айтты согуш шартында белгилешти

Газалыктар Орозо айтты согуш шартында белгилеп жатышат. Ачарчылык коркунучу тооруган анклавдын тургундары майрамдоого шарты да, маанайы да жоктугун айтышат. Анын үстүнө Израил аскерлеринин чабуулдары токтобой жатат. АКШнын президенти Израил премьеринин Газадагы саясатын “катачылык” деп атады.

Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарында урандыга айланган мечиттин сыртында он миңдеген мусулмандар Орозо айт намазына чогулду.

Израил армиясынын бомбалоосунан кийин белгилүү ал-Фарук мечитинин ак мунарасы гана калган.

Ошол мунаранын жанына намазга жыгылгандардын бири Махмуд Алхамайде газалыктардын көбүндөй эле бул жолку айт ушундай жүрөк ооруткан шартта белгиленип жатканына кейиди:

"Балдарымды караган сайын жүрөгүм чыдабай кетет. Алар менен отурганда көз жашымды токтото албай ыйлайм. Өткөн майрамды эңсейм. Былтыркы Айтта балдарым менен кошо өзүмдү бактылуу сезген элем. Бүгүн жарадар болуп, эч жакка жыла албай отурам”.

Ал-Фарук мечити
Ал-Фарук мечити

Израил Газада ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобуна каршы согуш баштагандан бери Рафахка бир миллиондон ашуун палестиналык агылган.

Тилкенин түндүгүндөгү Жабалия качкындар лагериндегилер да ачкачылык өкүм сүрүп, илдеттердин жайылуу коркунучу күчөп, жүз миңдеген кишилер үй-жайсыз калган маалда майрамды белгилөөгө "маанай да, шарт да жок" экенин айтышкан.

ХАМАС көзөмөлдөгөн тилкенин Саламаттык сактоо мекемеси шейшембиде Израил армиясынын аба соккусунан Нусейрат лагеринде бери дегенде 14 киши каза тапканын билдирди. Палестинанын WAFA расмий агенттиги маалымдагандай, эл жашаган квартал бутага алынганда дагы бир нече киши жарадар болгон.

Ошол эле күнү Дейр ал-Балах жана Рафах дагы аткыланганы кабарланды.

Хан-Юнис шаары. 8-апрель, 2024-жыл
Хан-Юнис шаары. 8-апрель, 2024-жыл

Шейшембиде ХАМАС Израилдин ок атышууну токтотуу шарттары алардын талаптарына төп келбесин билдирди. Бирок радикал топтун делегациясы Каирдеги сүйлөшүүлөрдө айтылган сунуштар менен жакшылап таанышып чыгышарын, ортомчуларга өз жообун айтышарын кошумчалады.

АКШ, Катар жана Египеттин ортомчулугу менен бир нече убакыттан бери жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек.

ХАМАС Израилден чабуулду токтотууну, аскерлерин чыгарып кетүүнү, жер которгон газалыктарга үйүнө кайтуусуна өбөлгө түзүүнү талап кылууда. Ал эми Израил бийлиги адегенде барымтага алынгандарды бошотуу шартын коюп келет.

Былтыр 7-октябрда барымтага алынган 253 кишинин 133ү согушкерлердин колунда кала берүүдө. Ал күнү ХАМАСтын кол салуусунан Израилде 1200 киши каза болгон.

Палестин тараптан алты айдан бери жүрүп жаткан согушта 33 миңден көп кишинин өмүрү кыйылганы маалымдалды.

9-апрелде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху армияга жаңы алынган аскерлерге кайрылып жатып, ХАМАСты түп-тамыры менен жок кылуу үчүн Рафахка кирүү керектигин, операциянын датасы белгиленгенин айтты. Вашингтон шаарга аскерлерди киргизбөөнү эскертип келет.

Шейшембиде АКШ президенти Жо Байден Нетаньяхунун Газадагы саясатын “катачылык” деп атап, анын ыкмаларына макул эместигин айтты:

"Мен израилдиктерди ок атууну токтотууга, келерки 6-8 жумада азык-түлүк, дары-дармек өткөрүүгө шарт түзүүгө чакырам. Сауд Арабиянын, Иорданиянын жана Египеттин өкүлдөрү менен сүйлөштүм. Алар ошол тамак-ашты жеткирүүгө даяр. Менимче, медициналык каражаттарды, азык-түлүктү өткөрбөй коюу чечимин эч актоого болбойт. Адамдардын муктаждыктарын канааттандыруу керек”.

Байден буга чейин да Газанын жайкын тургундарына залакасын тийгизбөөгө, анклавдагы гуманитардык уюмдардын коопсуздугун камсыздоого чакырып келген.

Израил эл аралык кысымдан кийин анклавга гуманитардык жардам тезирээк жеткирилип калганын айтканы менен анын көлөмү талаш жаратууда.

Бириккен Улуттар Уюму газалыктар эң зарыл деген тамак-аш, дары-дармек менен камсыз болбой жатканын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG