Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:35

Газадагы согушка алты ай: АКШ Израилди сүйлөшүүлөрдө эпке келүүгө үндөдү


Рафахтагы палестин аялдары, 2-апрель, 2024-жыл
Рафахтагы палестин аялдары, 2-апрель, 2024-жыл

Кошмо Штаттар алты айдан бери согуш баскан Газада анклавдын түштүгүнө качып барган палестиндердин бир бөлүгүнүн кайра өз аймагына кайтып келишине шарт түзүүгө жетишүүнү көздөйт. Анклавдын түштүгүндөгү Рафахта израил армиясы (ЦАХАЛ) аскердик операция жүргүзүүнү пландап жатат. Бул аймакта миллиондон ашуун киши баш калкалап турат. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы америкалык, израилдик жана египеттик аткаминерлерге шилтеме берип 6-апрелде жазды.

Газа тилкесинде ок атууну токтотуу жана ХАМАС (АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал уюмунун жоочулары барымтага алган адамдарды Израилдин түрмөлөрүндө отурган палестиндерге алмашуу тууралуу сүйлөшүүлөр 7-апрелде Каирде өтүп жатат. Сүйлөшүүлөргө АКШнын, Катардын, Израилдин делегациялары жана ХАМАСтын өкүлдөрү катышат. Вашингтондон барган топту Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) директору Уильям Бернс жетектеп барары буга чейин маалым болгон.

Вашингтон администрациясынын улуттук коопсуздук боюнча өкүлү Жон Кирби АКШнын президенти Жо Байден Египеттин жана Катардын лидерлерине жолдогон катта сүйлөшүүлөрдө ХАМАСтын өкүлдөрүнө ок атууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу боюнча басым жасоону өтүнгөнүн билдирди.

АКШ өнөктөштөрү менен билдиргендей, анклавда ок атууну токтотуу ачарчылыктын алдында турган палестин элине гуманитардык жардам жеткирүүгө жол ачкан маанилүү шарт деп саналат.

Былтыр ноябрда 800 миңдей палестин Газа тилкесиндеги айыгышкан согуштун айынан аймактын түндүгүнөн түштүк тарапка качкан.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG