Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:01

"Борбор Азия Кытай менен мамилесин бузгусу келбей, уйгурлар көйгөйүн көз жаздымда калтырды"


Шинжаң
Шинжаң

Нетаньяху согушту атайлап создуктуруп жатабы?

Израилдин Газадагы ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобуна каршы согуш баштаганына жарым жыл болду. The New York Times (NYT) гезити буга байланыштуу кеңири аналитикалык материалын жарыялады. Иерусалимдеги бюронун башчысы Питер Кингсли айрым израилдиктер "премьер-министр Биньямин Нетаньяху коалициясы ойроң болбосун деп, урушту создуктуруп жатабы? " деген суроо салганын баяндаган.

Аш-Шифа ооруканасы. Газа, 1-апрель, 2024-жыл
Аш-Шифа ооруканасы. Газа, 1-апрель, 2024-жыл

Журналист белгилегендей, премьердин союздаштары анын Газа секторунда ок атышууну токтотууга көнбөй жатышын улуттук кызыкчылыкты коргоо багытындагы зарыл чара деп эсептешет жана израилдиктердин көбү муну колдошот.

- Бирок Нетаньяху эң кубаттуу өнөктөшү – АКШнын президенти Жо Байдендин кан төгүүнүн уланып жатышына байланышкан нааразылыгын, барымтада отургандардын жакындарынын сынын көңүл сыртында калтырып койгондой, - деп эсептейт автор.

Анын пикиринде, 7-октябрдагы кол салуудан кийин тутанган согуштун кесепеттери Израилдин геноцид жүргүзүүдө деген сынга кабылышына алып келди. Израил андай айыптоолорду четке кагууда.

Нетаньяхунун көздөгөнү, Израилдин тактикасы израилдик аскерлер урган соккудан гаманитардык кызматкерлер каза тапкандан кийин ого бетер актуалдуу болуп калды. Ал чабуул президент Байдендин катуу реакциясын жаратты.

Израилдин өзүндө да өкмөт башчынын согуштук аракеттерди улантуу чечими талаш-тартыштар менен коштолууда. Барымтадагылардын жакындары Нетаньяху аларды бошотуу үчүн ок атышууну токтотуу келишимине тезирээк макул болушу керек деп эсептешет. Бирок премьердин тарапташтарынын пикиринде, урушту улантуу хамасчылардын колунда калгандарды эркин кылуу боюнча сүйлөшүүлөрдө Израилге артыкчылык бермекчи.

Оппоненттери коалициядагы айрым оңчул фракциялар согуш ХАМАСты жок кылуу менен аяктабаса, өкмөттөн чыгарын эскерткенин, андыктан Нетаньяху барымтадагыларга байланышкан макулдашууга барбай жатканын айтышат.

Кингсли андан ары Израилдеги ички маанайга кайрылды. Бир нече айдан бери сурамжылоолор шайлоо болсо, премьердин блогу утуларын көргөзүп келди. Israel Policy Forum изилдөө борборунун талдоочусу Майкл Коплоунун көз карашында, Нетаньяху “көнүмүшкө айланган тактикасын пайдаланууну”, атап айтканда, “эч кандай чечим кабыл албоону” тандады. Анткени кандай чечим болсо да, ал мөөнөтсүз шайлоого алып келет деген ыктымалдык жогору.

Кабарчы согуштун создугушу үчүн акыркы таянычын - Рафах шаарын колдон чыгарбоого аракеттенген, барымтадагы израилдиктерди дароо бошотуудан баш тартып жаткан ХАМАС радикал тобу да жооптуу экенин баса белгилейт.

- Нетаньяху Рафахка кирүү ниетин билдиргени менен, айрым талдоочулар андай болсо, согуш аяктарын, анын артынан кезексиз шайлоо өткөрүү, 7-октябрдагы кол салууга байланыштуу өкмөттүн жоопкерчилигин иликтөө чакырыктары күчөрүн эскертишет. Мындан улам, премьер шаарды алууга шашкан жок, - деп боолгошот эксперттер.

Алар ошондой эле тилкенин Израил ээлеп алган бөлүктөрүндө башаламандык өкүм сүргөнүн, коомдук тартиптин жоктугун, бийлик боштугунун пайда болушун белгилешет. Айрым жерлерде ал боштук хамасчыларга кайра топтошууга мүмкүндүк берүүдө.

"Бул жагдайлар дагы согуштун создугушуна, гуманитардык абалдын начарлашына шарт түзүүдө", - деген пикирди жазды гезит.

"Кытай менен бизнес этикалык маселелерден жогору турат

“Америка авазы” радиосу 4-апрелде Борбор Азия лидерлери Кытайдын көңүлүн алуу үчүн уйгурлардын оор абалын көз жаздымда калтырууда деген макала басып чыгарды.

Уйгур журналисти Касым Кашгар аймактагы жетекчилер Шинжаң-Уйгур автоном районунун төрагасы жана Кытайдын коомдук коопсуздук министрин жылуу кабыл алышканын, бул Бээжиндин регион менен экономикалык байланыштары кеңейгенинен кабар берерин жазды. Орусияда иштеген борбор азиялык мигранттардын абалы 22-марттагы теракттан кийин оорлошконуна токтолду.

Кашкар шаары. Архив
Кашкар шаары. Архив

Автор Шинжаңдын эгемендигин жактаган топтун мүчөсү Салих Худаярдын сөздөрүнө таянып, ошол эмгек мигранттарынын акча которууларына көз каранды болгон аймактын лидерлери уйгурлардын жана башка түрк элдеринин укуктары бузулганына карабай, Кытай менен алакаларды тереңдетип жатканын белгилейт.

Худаярдын айтымында, эл аралык коомчулук бул багытта чара көрбөгөндүктөн, көйгөйгө салкын реакция кылынгандыктан, борбор азиялык кээ бир өкмөттөр кытайлык, шинжандык аткаминерлер менен иш жүргүзүүгө дилгир. Алар үчүн “Кытай менен бизнес кылуунун экономикалык артыкчылыктары этикалык маселелерден жогору турат” деп кошумчалады активист.

Макалада АКШ жана Евробиримдик Бээжиндин Шинжаңдагы адам укуктарын бузуусун геноцид деп расмий атаганы, БУУнун Адам укуктары боюнча башкармалыгы Кытайдын ал аймактагы аракеттери адамзатка каршы кылмыш болуп эсептелиши мүмкүн деп билдиргени эске салынат. Автономдуу райондо уйгурларды жана башка мусулман азчылык өкүлдөрүн себепсиз кармоо, күчтөп иштетүү, уруксыздандыруу, жапырт аңдуу учурлары катталып келет.

Бээжин мунун бардыгын АКШ баштаган күчтөрдүн Кытайдын өнүгүүсүнө бут тосуу максатындагы ойлоп тапкан калпы деп четке кагууда.

Журналист Шинжаң-Уйгур автономдуу районунун төрагасы, теги уйгур Эркин Тунияз 1-апрелде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолукканын, ага чейин өзбек жана казак лидерлери менен сүйлөшүү өткөргөнүн баяндаган.

Маалыматка караганда, кытайлык аткаминер адам укуктарын бузуудагы ролу үчүн АКШнын санкцияларына кабылган. Тунияз Борбор Азиядагы сапары учурунда соода, тоо-кен, маданият, гуманитардык жардам тармактарындагы кызматташтыкты талкуулады.

Ошол эле күнү Кытайдын коомдук коопсуздук министри Ван Сяохун Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен коопсуздук маселелерин талкуулады.

Макалада Карнеги Евразия борборунун эксперти Темур Умаровдун пикирине орун берилген.

“Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү авторитардык экенин эсте чыгарбоо зарыл. АКШ Кытайдагы абалга кандай тынчсызданса, чөлкөмдүн режимдерине да ошондой камтама менен карайт. Андыктан Борбор Азиянын өлкөлөрү Бээжин менен мамиле курууда Вашингтондун Кытайдын дарегине айткан айыптоолорун маанилүү фактор катары кабыл аларын ойлобойм”.

Эксперт аймактагы лидерлер Кытайсыз алардын экономикалары өнүкпөсүн, саясий стабилдүүлүк орнобосун жакшы түшүнүшөрүн кошумчалады.

Журналист уланткандай, Тунияз менен жолугушууда казак мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев жакында Шинжаңдын борбору Үрүмчү шаарында кызматташтыктын болочогун жемиштүү талкуулаганын айтты.

Умаровдун айтымында, Борбор Азиянын Кытайга экспорт жолдору, бардык логистикалык түйүндөр Шинжаң аркылуу өткөндүктөн, автономдуу район алар үчүн маанилүү бойдон кала берет.

Расмий статистикага ылайык, Кытай борбор азиялык 5 мамлекеттин негизги соода өнөктөшү жана инвестору.

Германия 20 миң пилди кайда батырат?

Ботсвана Германия Африкадан пилдин азуулары сыяктуу аңчылык трофейлерин өлкөгө алып келүү эрежелерин катаалдаштырса, он миңдеген жапайы пил жөнөтөрүн эскертти. Deutsche welle немистер ушунча жаныбарды эмне кыларын ойлоно баштаганын жазды. Автор адегенде Еврошаркеттин деңгээлиндеги жаңы чектөөлөрдү сөз кылып, Германиянын “Жашылдар” партиясынын өкүлү демилге көтөргөнүн, Ботсвананын президенти буга нааразы болуп 20 мин пилди көчүрөрүн айтып коркутканын баяндады. “Билд” гезити 2-апрелде жарыялаган билдирүүсүндө Мокгвитси Масиси немистердин жаныбарларга кам көргөнүн жогору бааларын, бирок аңчылардын олжолорун импорттого салынган тыюу анын өлкөсүнө залака тийгизерин, кедейлердин көбөйүшүнө, браконьерликтин жайылышына алып келерин айтты. Ботсвананын айлана-чөйрөнү коргоо министри ага чейин Берлинге барып кеткенде аңчылык 2 миллиондон ашуун кишинин киреше булагы экенин белгилеген.

Ботсвана
Ботсвана

Макалада президент Масисиге шилтеме менен айтылгандай, африкалык бул өлкөдө 130 миңден ашуун пил бар. Жаныбарлардын жок болуп бараткан түрлөрүн сактап калуу аракеттеринин аркасы менен алардын саны барган сайын көбөйүүдө. Пилдер өтө көп болгондуктан, жапайы жаныбарлар адамдарга кол салган, айылдарды, түшүмдү тебелеп жок кылган учурлар көп жолугат. Жергиликтүү бийлик «көзөмөлдөнгөн аңчылык» алардын санын тескеп турууга жардам берерин айтат.

Масиси: «Пилдер ошончолук жакса, белекке беребиз. Бирок алар сиздер бизге кеңеш бергендей Германияда ээн-эркин жүрүшү керек», - деп айтты.

Андан ары бул билдирүү немис саясатчылары жана социалдык тармактардын колдонуучулары арасында кандай реакция жаратканы талданды. Айрым депутаттар «жашылдардын» демилгесин сындап, маселени жакшы билбеген адамдар дипломатиялык араздашууга алып келерин белгилешет.

Мыйзам чыгаруучу Аня Вайсберг «Билдге» курган маекте «белек тартуулоо жана белек алуу – дипломатиялык салт экенин, 20 миң пилди кабыл алуу өтө кыйын болорун» билдирди. Ошон үчүн ал Боствана жаныбарларды жөнөтө электе сүйлөшүү жургүзүүнү сунуш кылды.

Журналист жазгандай, Германия корголгон жаныбарлардын аңчылык олжолорун көп импорттогон өлкөлөрдүн бири. Аларды алып келүүнү чектөө, атүгүл толук тыюу салуу демилгесин буга чейин активисттер да көтөргөн.

Макалада мындай ири жаныбарларды жиберүү тажрыйбасы да кеп болот. Алсак, Ботсвана кошуна Анголага 8 мин пилди жөнөткөнү бар. Намибия 2013-жылы Кубага 150 жапайы жаныбарды учактар менен жеткирген. Жакында 22 пилди Бириккен Араб Эмираттарына берген. Бирок 20 мин пилди буга чейин эч ким көчүрүп көргөн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG