Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:21

Түркия Израилге айрым товарлардын экспортун чектейт


Түркиянын Соода министрлиги шейшембиде Израилге айрым товарлардын экспортун чектей турганын билдирди. Мындай чектөө Израил Газада ок атышпоо чечимин жарыялаганга чейин күчүндө калары белгиленди. Расмий Тель-Авив "түрк экономикасына зыян келтире турган каршы чаралар көрүлөрүн" эскертти.

Түркиянын Соода министрлиги 9-апрелде Израилге айрым товарлардын экспортун чектерин билдирди. Бул чечим Газа тилкесинде ок атышпай турганын жарыялаганга чейин күчүндө болору баса белгиленди.

"Бул чечим эл аралык мыйзамдарга ылайык Израил Газа тилкесинде ок атышууну тез арада токтотконун жарыяламайынча жана Газа тилкесине жетиштүү гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз келишине уруксат бермейинче күчүндө болот", - деп айтылат билдирүүдө.

Чектөөлөр 54 түрдүү категориядагы продукцияга, анын ичинен темир, мрамор, болот, цемент, алюминий, жер семирткич, курулуш материалдары, авиациялык күйүүчү май жана башкаларга киргизилген. Билдирүүдө ошондой эле "эң негизги азык-түлүк, медициналык жардам жана буюмдарды жеткирүүгө Израил тоскоолдук кылганы, ачкачылыктан каза болгондор көбөйүп, эпидемиялык оорулар күч алганы" белгиленет. Бул эреже дароо күчүнө кирери кабарланды.

Фидан: "Израил биздин талапты четке какты"

8-апрелде Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Анкарадан Газага абадан гуманитардык жардам жеткирүү талабы четке кагылганын, мындан улам Израилге каршы чаралар чукул көрүлөрүн айткан.

Хакан Фидан.
Хакан Фидан.


"Жүк ташуучу учактар менен гуманитардык жардам операцияларына катышуу талабыбызды билдирдик. Иорданиянын бийлиги жылуу кабыл алганы менен, Израиль бул талабыбызды четке какты. Ачка отурган газалыктарга абадан жардам жеткирүүбүзгө Израилдин тоскоол болушуна эч кандай шылтоосу жок", - деди Фидан.

Ал эми Израилдин тышкы иштер министри Исраэл Кац шейшембиде Анкара Тель-Авив менен болгон соода келишимдерин бир тараптуу бузганын белгилеп, Эрдоган ХАМАС радикал тобуна колдоо көрсөтүү үчүн Түркиянын экономикалык кызыкчылыктарын курмандыкка чалганын Х баракчасына жазды.

Исраэл Кац.
Исраэл Кац.


"Израиль зомбулукка жана шантажга моюн сунбайт, соода келишимдерин бир тараптуу бузууларга көз жуумп койбойт, түрк экономикасына зыян келтире турган чараларды көрөт", - деп жазды Кац.

Түркиянын Экспортчулар ассамблеясы жарыялаган маалыматка караганда, Израил менен соода өткөн жылдын 7-октябрынан бери азайса да, Израилге экспорт 2024-жылы ай сайын көбөйүп, март айында 423,2 миллион долларга жеткен.

2022-жылдын статистикасына ылайык, Израил Түркиядан эң көп товар экспорттолгон 10 өлкөнүн ичине кирген. 2024-жылдын алгачкы эки айындагы көрсөткүчтөргө караганда, Израил 13-орунга түшкөн. Бул тизменин сап башында Германия, АКШ жана Ирак турат.

Шайлоодон кийин чыккан чечим

Соңку апталарда Эрдогандын өкмөтү Израил менен соода байланыштарын үзгүлтүксүз улантып жатканы жергиликтүү калктын кыжырын келтирип, өкмөткө каршы нааразылык акциялары өтүп жаткан.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Газадагы палестиналыктарга тилектештик үчүн уюштурган митингде сахнада турат. Стамбул. 28-октябрь, 2023-жыл.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Газадагы палестиналыктарга тилектештик үчүн уюштурган митингде сахнада турат. Стамбул. 28-октябрь, 2023-жыл.


6-апрелде Стамбулда полиция Израил менен сооданы токтотууну талап кылган ондогон демонстранттарды кармаганы кабарланган. Анда күч кызматкерлери акцияга чыккандарды ур-токмокко алганы талкууга түшкөн. Ички иштер министри Али Йерликая окуяга байланыштуу эки полиция кызматкери дароо кызматтан четтетилгенин билдирген.

"Нааразылык акциясы аяктагандан кийин демонстранттар тарап кетишти, бирок бир уюшкан топ бардык эскертүүлөргө карабастан тараган жок. Мамлекеттик кызматкерлерге акарат айтып, коопсуздук күчтөрүнө каршылык көрсөттү", - деген аткаминер 43 киши кармалганын, 38 киши тек-жайы текшерилгенден кийин коё берилгенин, беш кишинин көрсөтмөсү алынып, сот иштери башталганын кабарлаган.

7-октябрда Израил менен ХАМАСтын согушу башталгандан бери Түркиянын ири шаарларында Газанын тургундарын колдоо акциялары өтүп келет. Алардын эң ирисин бийликтеги АК партиясы (АКР) уюштуруп, ага президент Эрдоган өзү катышкан учурлар да болгон.

Фатих Эрбакан.
Фатих Эрбакан.


Түрк президентинин Израилге жана Газадагы жаңжалга карата позициясы анын бийликтеги партиясынын 31-марттагы жергиликтүү шайлоолордо утулушунун негизги себеби катары каралууда. "Йениден Рефах" партиясынын (Yeniden Refah) лидери Фатих Эрбакан шайлоо алдында тарапташтарына сүйлөп жатып: "Биздин шарттарыбыз белгилүү - өкмөт Израил менен сооданы токтотушу керек", - керек деп позициясын ачык билдирген.

Шайлоонун жыйынтыгы боюнча, "Йениден Рефах" партиясы оппозициячыл Элдик-републикалык партия жана бийликтеги АК партиядан кийин үчүнчү орунду ээлеп, эки чоң шаардын бийлигин колго алды. Серепчилер жаңы түзүлгөн партиянын мындай "жеңиши" дал ушул Анкара менен Тель-Авивдин алкасынан улам келгенин айтышууда.

Элдик-републикалык партиянын төрага орун басары Волкан Демир түрк оппозициясы Анкаранын Израилге экспортту чектөө чечимин колдоорун, бирок "бул чечим өлкөнүн кызыкчылыктарын жана аймактын тынчтыгын коргоо үчүн жетишсиз" экенин, "сооданы толугу менен токтотуу керектигин" Х баракчасына жазды.

Эрдогандын Израилге кезеген сөөмөйү

Президент Режеп Тайып Эрдоган былтыр 25-октябрда парламентте сүйлөгөн сөзүндө ХАМАС радикал тобун террордук уюм деп атаган өлкөлөрдү сынга алган. Эрдоган бул уюмду "өз жерин жана өз жарандарын коргоо үчүн күрөшкөн боштондук тобу" деп айткан. Израилдик аткаминерлер түрк президентинин мындай билдирүүсүн четке кагып, эки өлкөнүн ансыз да солгундап турган мамилесин кайра карап чыгууга мезгил келгенин жарыялашты.

Эки өлкөнүн мамилеси 2010-жылы Израилдин атайын күчтөрү Түркиядан Газа тилкесине чыккан "Мави Мармара" кемесин кармагандан кийин кескин начарлап кеткен.

2018-жылы май айында АКШ элчилигинин Тель-Авивден Иерусалимге көчүрүлүшүнө байланыштуу Газа тилкесиндеги нааразылык акцияларынан кийин Анкара Израилдин Түркиядагы элчисине өлкөдөн чыгып кетүүнү сунуштаган. Ал кагылышууларда 60ка жакын палестиналык набыт болгон.

2022-жылдын аягынан тартып Анкара менен Тель-Авив алака-катышын элчилердин деңгээлинде жанданткан. Анда Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Анкара палестиналыктардын укугун коргоону улантарын эскертип келген.

Израил жана Батыш өлкөлөрү ХАМАСты "террордук кыймыл" деп эсептебейт, бирок Түркия аны террордук уюм катары тааныбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG