Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:15

"Шайлоодон кийин Эрдогандын алдында эки тандоо турат"


31-мартта Түркияда жергиликтүү кеңештерди жана шаар мэрлерин шайлоо өтүп, анда жалпы эсепте оппозиция жеңди. Бул президент Режеп Тайып Эрдоган бийликке келгенден бери бийликтин партиясы алдыга озбой калган алгачкы учур экени белгиленип жатат.

Түркиянын негизги шаарларынын бийлиги оппозициялык партияга өтүшү эмнеден кабар берет? Мындай жагдай былтыр президенттик шайлоодо жеңген президент Эрдогандын саясий кадамына кандай таасир тийгизет? Түркиядагы жергиликтүү шайлоонун жүрүшүнөн Кыргызстан алчу кандай сабактар бар? Бул тууралуу теги түркиялык, учурда АКШнын Сан-Диего университетинин профессору, саясат таануу илимдеринин доктору Ахмет Куру менен маектештик.

- Ахмет мырза, Түркиядагы жергиликтүү бийликке шайлоо бул өлкөдө эле эмес, сыртта да кызыгуу жаратты. Буга оппозициядагы Элдик-республикалык партиянын жеңиши бир себеп болууда. Бул Эрдоган бийликке келген 20 жылдан ашык убакыттан берки алгачкы жолу болуп жаткан окуя катары сыптталууда. Сиз мындай жыйынтыкты эмнеге байланыштырасыз?

- “Азаттык” радиосуна ыраазылык билдирем. Буга чейин менин кыргызчага которулуп жаткан "Ислам, авторитаризм жана артта калуу" аттуу китебим тууралуу сүйлөшкөнбүз. Ал китепте авторитаризм жөнүндө сөз болот. Жылдап созулган изилдөөдө Түркия да камтылган. 25 жылдан бери АКШда академиялык илим чөйрөсүндө жүргөнүм менен, тегим түркиялыкмын. Түркия шайлоолордо авторитардык режимди карманабы же демократиялык баалуулуктарга таянабы деген суроонун тарыхый мааниси бар эле. Себеби дүйнө жүзүндө, АКШда, Европада, мусулман өлкөлөрүндө да бийликтин бөлүштүрүлүшү же теңдештирилиши абдан маанилүү. Эгер бир өлкөнүн лидери 20 жылдан бери бийликте турган болсо, ал жерде демократия эскире баштаган же начар иштеп калган болот. Мындан улам Америкада 8 жылдык мөөнөт чеги коюлган. Түркиянын демократиясындагы башкы маселе – Тайып Эрдогандын 2002-жылдан бери бийликте турганы жана дагы канча убакыт башкарары белгисиз болуп жатышы. Түркияда ушундай бир дилемма бар эле: бир тарапта оңчулдардын өкүлү болгон Эрдоган болсо, экинчи тарапта солчулдардын Элдик-республикалык партиясы. Адатта солчулдардын Түркиядагы шайлоолордо алган добуштары 35%, оңчулдардыкы 65% болуп келгени үчүн “өлкөдө бийлик алмашпайт, Эрдоганды эч ким жеңе албайт” деген түшүнүк калыптанып калган. Бул шайлоодо Элдик-республикалык партиянын жеңиши жана алган добуштарынын 35% көп болушу жогорудагы түшүнүктү өзгөртүп жатат. Мындан ары Эрдоганды жеңе ала турган альтернативалык топ пайда болду. Биринчи жолу Эрдогандын "Адилеттик жана өнүгүү" партиясы шайлоодо экинчи орунга түшүп, тарыхтагы эң аз добушун алды. Бул шайлоонун арты менен Стамбулдун мэри Экрем Имамоглунун да атагы артып, жаш лидер катары алдыда Эрдогандын ордуна бийликке келиши мүмкүн деген пикирди пайда кылды. Мындан улам тарыхый шайлоону көрдүк деп айтсак болот.

- Биз сөз кылган оппозициялык Элдик-республикалык партиясы бийликтин негизги атаандашы экени белгилүү. Мындан бир жыл мурда болгон президенттик шайлоодо да Эрдогандан биринчиликти талашкан да ушул партия болду. Мындан улам ушул саясий топтун негизги шаарларды, облусту колго алышы Эрдогандын мамлекекеттик башкаруусуна, саясий кадамдарына кандай таасир этет?

- Мындан аркы процесс боюнча чечим кабыл ала турган адам – президент Эрдоган. Түркиянан алдыда эки жол турат. Биринчиси, ал “элдин мага ишеними, колдоосу азайды, менин каталарым бар, авторитаризмге ыктадым, экономикалык кризисти жөнгө сала албадым, демократияга жана эркиндикке жакын болоюн, бийликтеги алгачкы он жылдагы саясатыма кайтайын” дей алат.

Экинчи жактан, “менин колумда армия, полиция бар, күрд маселесин козгойм, оппозицияны көзөмөлдөп, цензураны күчөтүп, атаандаштарымды камакка алып, бийликти улантам” деши да мүмкүн. Бул эки жолдун кайсы бирин тандай турганын ал өзү билет. Бирок узак мөөнөттүү келечегин караганда, Түркия Орусияга окшошпой турганын байкоого болот. Түркиянын өтмүштө парламенттик тажрыйбасы бай. 1877-жылы Осмон империясы алгачкы парламентти түзүп, анын 60% мусулмандар, 40% христиандардан туруп, көп диндүү парламент болду. Андан соң 1950-жылдан бери туш болгон түрдүү көйгөйлөргө карабай, көп партиялуу саясий турмуш уланууда. Эрдогандын 20 жылдык бийлигине карабай, анын былтыркы шайлоодогудай араң 52% добуш алып жатышы жана бул жолку жергиликтүү шайлоодо партиясынын 32% түшүп калышы Түркиянын узак мөөнөттүү диктатура орной турган өлкө эмес экенин көрсөтүп турат. Мындай жагдайдан улам алдыда кайра демократиялашуу толук мүмкүн. Эрдогандын бийликтен кетип, анын ордуна Имамоглу же башка бирөөнүн келиши, бийликтин бөлөк партияга өтүшү толук ыктымал болуп калды. Бул шайлоо бизге ушуну көрсөттү.

- Президент Эрдоган элге кайрылуусунда мындай жыйынтыкты элдин добушу, тандоосу катары баалай турганын, анын партиясы "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" үчүн бул кайра күчтөнүп келүүнүн, бурулуш жасоонун, каталарды үстүнөн иштөөнүн мезгили экенин белгиледи. Сиздин оюңузча, Эрдоганга жана анын партиясына болгон ишеним кандайча азайды?

- Бул маанилүү суроо. Мындагы негизги фактор – экономикалык кризис. Себеби соңку төрт жылда түрк лирасы долларга салыштырганда убакыт өткөн сайын кунун жоготуп баратат. Төрт жыл мурда бир доллар 6 лира болсо, азыр бир доллар 33 лира деп бааланып жатат. Инфляция акыркы эки жылда 50 пайыздан жогору. Айрым эсептөөлөрдө жүздөн да жогору экени айтылып, пайыздык чен 52 пайыздан өттү. "Адилеттик жана өнүгүү" партиясынын шайлоочусу да бул кризис үчүн Эрдоган жооптуу экенин түшүнүп турат. Анткени ал инфляция натыйжа, пайыздык чен себеп деп, пайыздык ченди көтөрбөй кармап турду жана мындан улам доллар кымбаттап, инфляция өстү. Кийин пайыздык ченди көтөрдү, бирок доллардын кымбатташы менен инфляция токтогон жок. Инфляциядан улам Эрдоган пенсияны көтөрө албай койду, буга көптөгөн пенсионерлер нааразы болуп, каржылык жактан кыйынчылык тартып жатышат.

Экинчи фактор – Газа менен Израилдин окуясы. Түркия Израилди кескин айыптап жатса да, Эрдоган жетектеген өкмөт Газа аткыланып жаткан маалда да Израиль өкмөтү менен соода алакасын улантып жатты. Муну сынган алган Yeniden Refah ислам партиясы маселени күн тартибине чыгарып, өзүнүн добуштарын 7% көтөрдү.

Үчүнчү фактор – эки шаардын атактуу мэрлери. Анкаранын башчысы Мансур Яваш жана Стамбулдун мэри Экрем Имамоглу да – Элдик-республикалык партиянын мүчөлөрү. Экөө оңчул көз караштагы катмардын да бир бөлүгүнүн колдоосун алып, эки партиянын ортосундагы чекти жок кылып, бир топ оппозициялык, диний, улутчул шайлоочулардын добушуна ээ боло алды. Яваш 60%, Имамоглу 50% өттү. Эрдоган мындай атактуу талапкерлерге каршы күчтүү атаандаш чыгара алган жок. Себеби Эрдогандын бийлиги учурунда жана партиясында өзү жалгыз доминант болгону үчүн альтернатива болгудай кадрлар даярдалбайт. "Адилеттик жана өнүгүү" партиясында Эрдоган президенттиктен кеткенден кийин деле анын ордун ээлегидей даяр саясатчы жок. Мындан улам кийинки президент катары Анкаранын мэри Явашты же андан да маанилүү Стамбулдун башчысы Имамоглуну болжоп турушат.

- Жергиликтүү шайлоонун Түркиядагы ролунун маанилүүлүгүнө кайрылсак. Учурда Түркиянын негизги шаарлары Анкара, Стамбул, Измир жана Анталья өңдүү бир нече шаар, провинциялар боюнча да жеңишке жетти. Айрым басылмалар 64% аймагы оппозициянын башкаруусунда болорун жазып жатышат. Мындай шартта Эрдоганга өлкөнү башкаруу кыйындайбы? Бул өлкөдөгү саясий жагдайды кандай нукка өзгөртөт? Эрдогандын соңку саясий чечимдеринен улам өлкө авторитаризмге карай баратканын айтып, сындагандар болуп келет. Оппозициянын жеңиши Түркиядагы демократияны өнүктүрүүгө өбөлгө боло алабы?

- Эрдоган менен анын партиясы 2002-2012-жылдар аралыгында демократия, адам укугу, кыз-келиндер укугу жаатында жана Түркияны Евробиримдикке кошуу программасынын негизинде саясат жүргүзгөн. Бирок соңку он жылда 2013-2024-жылдары авторитаризмге бет алды. Мунун арты менен Түркия экономикалык кризиске кептелип, “акыл көчү” башталып, жаштар экономикалык кыйынчылыктан жана эркиндиктин чектелишинен улам өлкөдөн чыгып кете баштады. Бул Түркияны артка тарткан көрүнүш болгону үчүн "Адилеттик жана өнүгүү" партиясынын шайлоочуларында деле мурдагыдай ышкыбоздугу жок. Алдыдагы жылдары бийликчил партия кризисти чече албаса, бийликтин алмашуусу күтүлөт.

- Эрдогандын өлкөнү президенттик башкарууга кайтаруусу жана бул жааттагы чечимдер бир бийликти түптөө жалгыз топтун башкаруусун орнотуу аракети катары бааланган. Ушундай шартка карабай, жергиликтүү бийликти тандоонун дагы эле элдин колунда калышы же шайлоо менен гана болушу таң калыштуу көрүнүш. Адатта авторитардык режимдер өлкөнү вертикалдуу система менен башкарат. Башкаруунун мындай ыкмасы учурда төрт жыл мурун президенттик башкарууга кайткан Кыргызстанда да жайылууда. Түркия автономдуу бийлик системасын кантип сактап калды же улантып келе жатат?

- Бир жагынан алганда, Түркияда эркин жалпыга маалымдоо каражаттары жок. Медиа толугу менен бийликтин башкаруусунда турат. Көп сандагы журналисттер абакта жатат. Бул ушундай өлкө. Бирок, экинчи жагынан, жарандык коом, оппозиция бар, саясий күрөш уланып жатат. Осмон империясынан бери келаткан татаал жана плюралисттик катмар калыптанып калган. Авторитардык режим өзүн канчалык орнотууга аракет кылбасын, бул Түркияда ишке ашкан жок. Учурдагы негизги көйгөйү - мураскордун жоктугу. Эрдогандан кийин бийликте "Адилеттик жана өнүгүү" деген партия болбой турганын эл да түшүнүп турат.

6) Түркиянын саясаты тууралуу сөз кылууда Стамбулду өзүнчө бөлүп кароо да маанилүү деп ойлойм. Анткени саясий атаандаштыкта бул жердин ролу зор экени, анын калкынын санын көптүгү да бир фактор экени белгилүү. Азыркы президент да ушул жол аркылуу мамлекеттин башына келген, анын "Стамбулду алган Түркияны алат" деген сөзү бар. Азыр бул калаанын кайра шайланган мэри Экрем Имамоглун бийликтин негизги оппоненти катары баалап жатышат. Имамоглунун кайра шайланып келиши 2028-жылдагы президенттик шайлоодогу мүмкүнчүлүгүн арттырды десе болобу? Негизи эле анын жеңиши азыркы бийликтин ишине кандай таасир тийгизет?

- Туура, Стамбул - Түркиянын негизги шаары. Ал жерде 16 миллион эл жашайт. Өлкөнүн калкынын 20%, экономикасынын болжолдуу 25% ушул шаарда. Имамоглу 2019-жылы алгачкы жолу утуп чыкканда, Эрдоган жана бюрократиялык түзүлүш шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоо дайындалды. Экинчи жолкуда Имамоглу мурдагыдан да көп добуш менен жеңип чыкты. Бирок ал утуп чыкканы менен, Стамбулдагы шаардык кеңеште "Адилеттик жана өнүгүү" көпчүлүк орунду ээлеп, Имамоглунун ишин чектеп турушкан. Имамоглу бул жолу да чоң айырма менен жеңип, шаар парламентиндеги көпчүлүк мандатты Элдик-республикалык партиясы алып отурат. Мындан улам Имамоглу эми Стамбулдун эң күчтүү фигурасына, саясатчысына айланды.

2017-жылы Эрдогандын түзгөн президенттик башкаруу системасы бир адамга байланган. Мында парламенттин орду жок, министрлер президенттин катчысы, жардамчысы сыяктуу болуп клаган. Мындан улам өлкөдө президенттен кийинки таасирдүү адам Стамбулдун мэри болуп турат. Башка өлкөлөрдө, мисалы, Кыргызстанда Бишкектин мэри экинчи таасирдүү адам боло албашы мүмкүн. Түркиядагы жагдай ушундай жана Имамоглу 2028-жылкы президенттик шайлоодогу эң таасирдүү талапкер болуп турат. Бирок мен саясий кырдаал 2028-жылга чейин барбайт, мындай экономикалык кризис маалында мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп, анда Имамоглу утуп чыгышы мүмкүн деп ойлойм.

- Шайлоонун мөөнөтүнөн мурда болушу канчалык реалдуу нерсе?

- Шайлоо 2028-жылга чейин болуп калбашы үчүн Эрдоган экономикалык кризисти чечиши керек болот. Ал үчүн чет өлкөдөн колдоо алуу керек. Түркиянын азыркы тышкы саясатында Батыш менен мамилени солгундатып, Орусия менен алаканы теңдеп, Перс булуңдарынан колдоо алып келди. Мындан кийин араб өлкөлөрүнөн колдоо уланабы, алар Эрдогандан кийинки абалды эске алып, кызматташууну улантабы? Булар экономикалык жактан тыкыр каралып чыгышы керек. Дагы бир жагынан, бийликтеги топ Эрдогандын партиясынын жалпы добуштун үчтөн бирин гана алганын көрүп, өзүнүн келечеги тууралуу ойлоно баштайт, мунун арты менен бир адамга ылайыкташкан башкаруу системасы алсырайт. Булардын баары 2028-жылга чейин эле бийликтин алмашуусуна негиз болушу мүмкүн.

- Эми Түркиядагы саясий процесстерден алынчу сабактар же анын артыкчылыгы тууралуу сөз кылсак. Жергиликтүү башкаруунун болушу, анын шайлоо менен аныкталышы жана алардын өзүнүн ыйгарым укуктарынын болушу эмне үчүн маанилүү? Бул система кантип сакталып турат? Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр кандай сабак алышы керек?

- Ар өлкөнүн өзүнө жараша талаптары, критерийлери бар. Кыргызстан Түркиядан, тескерисинче Түркия Кыргызстандан үйрөнүшү мүмкүн. Мындагы эң маанилүү нерсе - бийликтин бир адамдын колуна топтолуп калбашы. Борборлошкон бийликте бир чечимди кабыл алаар убакта тийиштүү маселе тууралуу жетиштүү кеңешүү, талкуулар болбой калат. Мисалы, Түркияда Эрдоган акыркы эки жылда пайыздык чендерди көтөрбөйм деп, өзгөртпөй койду. Бул эң туура эмес саясат эле. Муну өзү да түшүнүп, кийин пайыздык ченге кийлигишпей калды. Эгерде борбордон алыстатылган бийлик же жергиликтүү бийликке ыйгарым укук берилген система болгондо, Борбордук банк Америкадагыдай көз карандысыз болгондо, экономиканын ыргагына жана эсебине карап, пайыздык ченди жогорултмак. Эрдоган бир туруп пайызды Исламга каршы келет деди, бир туруп эле “менин экономикада тажрыйбам бар” деди. Соңунда анын чечими ката экени билинди, бирок эки жыл бою ага эч ким каяша айта алган жок.

Ошол себептүү бийликтин бөлүштүрүлүшү маанилүү. Дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун, демократия орносо, бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактын сакталышы, бийликтин тең бөлүштүрүлүшү, лидердин бийликтеги мөөнөтүнө чектин коюлушу сыяктуу принциптер болушу керек. Түркия мунун баарын четке какканы үчүн азыр кризисте.

- Түркиядагы шайлоолорго жарандардын катышуусу жогору болорун билебиз. Калктын шайлоого олуттуу карап, ага массалык катышуусун камсыздоо эмнелерден көз каранды? Күчтүү бийлик болгону менен, шайлоого анчейин таасир эте албай, чектелип жатышы да кызык көрүнүш. Мындай жагдай кантип жаралды? Жарандардын шайлоого катышууга маани берип, добушу аркылуу маанилүү чечимди кабыл алып жатканына кантип ынандырса болот? Же болбосо эл кандай шартта шайлоого ишенбей, ал аркылуу өзгөрүү жасай аларына ынанбай калат?

- Түркиядагы шайлоочуларды экиге бөлүп кароо керек. Чыгыш тарапта күрддөр көпчүлүктү түзгөн жерлерде шайлоо ачыктыгы орной элек, бийлик алигүнчө таасир этип, өзүнүн адамын коюп келет. Башка жерлерде эл өз добушун коргой ала турган абалга жеткен. Бирок бул бир түндө же бир шайлоодо болуп калган жок. Себеби соңку он жылда мөөр басылбаган бюллетендер колдонулуп, көп добуштар жокко чыгарылганынан жарандардын күмөн саноосу көбөйүп отурду. "Биздин добуш берип койгонубуз эле жетиштүү эмес экен, аны коргошубуз да маанилүү экен" деп түшүнүштү. Түрк эли муну кайгылуу тажрыйбалардын арты менен түшүнүп, кабыл алды. Түркияда борборлошкон бийлик болгону үчүн адамдар саясаттан тыш жашай алышпайт. Мисалы, мен Америкада төрт жыл Дональд Трамптын маалында саясаттан көп таасирленбейт элем. Ал көптөгөн каталарга жол берди, мен аны шайлаган эмесмин. Башкача айтканда, саясат менин күнүмдүк турмушума чагылышкан жок. Эгер ушул көрүнүш Түркияда болсо, менин университеттеги жумушума коркунуч жаралып, медиада эркин пикир билдиргеним үчүн цензурага кабылмакмын. Түркияда шайлоо жана бийлик сиздин жашооңузга түз таасир этет. Мындан улам түрк эли үчүн шайлоо нан табуу, күн көрүү дегендей мааниге ээ. Ошол себептүү шайлоого катышуунун пайызы 78ге жетти, бул Түркия үчүн аз. Өткөн шайлоодо бул 83% болгон.

- Шайлоого катышуунун төмөн көрсөткүчү Кыргызстанда да байкалат. Соңку шайлоолордо 50 пайыздан төмөн болуп келе жатат. Бул көйгөй катары кабылданышы керекпи? Шайлоочулардын добуш берүүгө катышпоосу жана буга ишенимдин төмөн болушуна эмне себеп?

- Буга саясатчыларга болгон ишенимдин жоктугу бир себеп. Алардын көйгөйлөрдү чече албашы, көйгөйлөрдү жөнгө сала албашы шайлоочуларды нааразы кылат. Же болбосо кош партиялуу Америкадагыдай кайсынысына добуш берсем да баары бирдей деген көз караш менен шайлоого катышпайт. Бул түзүлгөн саясий системага да байланыштуу. Көп партиялуу шайлоолор добуш берүүгө көп кишини тартат.

- Ушул жерден Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши өзгөрүп, баары президент башкарган вертикалдуу бийликтин бир мүчөсү болуп калганы тууралуу сурагым келип жатат. Борборлошкон бийлик менен борбордон оолактап, өз алдынча шайланып, көз карандысыз башкаруунун айырмасы кандай болот?

- Мен мындан 10-12 жыл мурда Египетте изилдөө кылып жүргөнүмдө Каир шаарында олуттуу көйгөйлөр бар эле. Мисалы, миллиондогон адамдар үй-жайсыз эле, шаар таштандыга толгон. Мен бул жердин мэри ким деп сурасам, бизде мэр жок, губернатор бар, аны да тааныбайбыз, биз бир гана президентти билебиз дешти. Анда бул жерде жергиликтүү бийлик жок экен, баары борборлоштурулган башкаруу экен дедим. Мындай шартта аймактан маалымат алуу кыйын болот. Жергиликтүү бийликке ыйгарым укук берилген, алар ошол жердин тургундары тарабынан шайланганы үчүн алардын бардык көйгөйлөрү менен таанышып, чече алышат. Бирок борбордон жөнөтүлгөн жетекчинин элге аралашып иштеши кыйын болот. Мындан улам дүйнөдө жергиликтүү бийликтин болушу маанилүү. Мисалы, Америкада эки жылда бир жолу бир катар чечим сунуштары жазылган референдум болуп турат. Анда жарандардан түшкөн сунуштарга карап, элдин тандоосуна коёт. Бийликтин баарын борборго калтырар замат авторитаризмге, туңгуюкка жол ачкан болосуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG