Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Айсулуу Тыныбекова алтынчы жолу Азия чемпиону болду


Айсулуу Тыныбекова, 14-апрель, 2024-жыл, Бишкек
Айсулуу Тыныбекова, 14-апрель, 2024-жыл, Бишкек

Айсулуу Тыныбекова 6-ирет Азия чемпиону болду. Ал Бишкекте өтүп жаткан Күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалында жапониялык балбан Сакура Мотокини 9:6 эсебинде утту.

Буга чейин Тыныбекова Кореянын балбаны Субин Жону 3,3 мүнөткө жетпеген убакта жеңип алган. Жарым финалда Монголиядан келген Церенчимед Сукхени 13:3 эсебинде утту.

Тыныбекова 2016, 2017, 2019, 2021, 2023-жылы Азия чемпиону болгон.

Айсулуу Тыныбекова жана Сакура Мотоки
Айсулуу Тыныбекова жана Сакура Мотоки

Азия чемпионатында 13-апрелде кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы жеңишке жетишип, алтын медал тагынган. Ошондой эле Арууке Кадырбек кызы менен Гүлнура Таштанбекова коло байгеге ээ болушкан.

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионаты 16-апрелге чейин уланат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG