Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:11

“Чоң жети” Ирандын Израилге жасаган аба чабуулун кескин айыптады


АКШ президенти Жо Байден, Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен "Чоң жетиге" кирген мамлекеттердин лидерлери менен Ирандын Израилге жасаган чабуулун онлайн талкуулап жатышат. 14-апрель, 2024-жыл. Вашингтон.
АКШ президенти Жо Байден, Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен "Чоң жетиге" кирген мамлекеттердин лидерлери менен Ирандын Израилге жасаган чабуулун онлайн талкуулап жатышат. 14-апрель, 2024-жыл. Вашингтон.

“Чоң жетиге” кирген кубаттуу мамлекеттердин лидерлери Ирандын 14-апрелге караган түнү Израилге жасаган аба соккуларын кескин айыпташты. Бул тууралуу АКШ, Британия, Франция, Канада, Италия, Германия жана Жапониянын лидерлеринин видеобайланыш аркылуу өткөн жыйынынан кийинки биргелешкен билдирүүсүндө белгиленген.

14-апрелдин кечинде өткөн жыйында лидерлер Иранды жана чөлкөмдөгү иранчыл күчтөрдү мындан аркы чабуулдардан карманууга чакырып, эгерде бүлгүнчүл аракеттер кайталанса жооп кайтарууга даяр экенин эскертти.

Андан тышкары билдирүүдө Иранга каршы жаңы санкциялар салынышы мүмкүн экени белгиленет. "Чоң жети" ошондой эле Израилге тилектешик билдирип, коопсуздугун коргоого укугу бар экенин кошумчалады.

Израилдин аскердик кабинети жекшемби кечинде Иранга кандай жооп чара көрүү маселесин талкуулады. CNN телеканалы жана башка батыштын маалымат каражаттары Израилдеги булактарына таянып жазгандай, азырынча бирдиктүү чечим кабыл алына элек. Кабинет мүчөлөрүнүн арасында бул боюнча пикир келишпестик бар экени кабарланды.

The New York Times басылмасы өз булактарына таянып, Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху АКШ президенти Жо Байден менен телефондон сүйлөшкөндөн кийин Иранга дароо жооп кайтаруу демилгесинен баш тартканын жазды.

Иран 14-апрелге караган түнү Израилдин аймагына 300дөн ашуун канаттуу жана баллистикалык ракета, дрондор менен абадан сокку урду. Бул ондогон жылдардан бери каршылашып келаткан Израилдин аймагына Тегеран түз жасаган биринчи чабуул болуп калды.

Тегеран муну Сириядагы консулдугуна 1-апрелде жасалган кол салуу үчүн өч алуу деп түшүндүрдү. Ирандын бийлиги бул чабуул үчүн жөөт бийлигин айыптап келет. Тель-Авив расмий жоопкерчилик албаган ал чабуулда жети ирандык аскер, анын ичинен эки генералдын өмүрү кыйылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG