Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

Ташкент Израилдеги жарандарын этият болууга чакырды


Атып түшүрүлгөн ракета. Иерусалим, Израил.
Атып түшүрүлгөн ракета. Иерусалим, Израил.

Өзбекстандын Израилдеги элчилиги бул өлкөдө жүргөн жарандарына кайрылып, этият болууга чакырды.

«Ушул оор күндөрдө жеке коопсуздукка коркунуч туудурган жагдайларды болтурбоо үчүн зарылчылык болбосо, жашаган жериңизден чыкпоону сунуштайбыз», — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Иран жекшембиге караган түнү Израилге учкучсуз учактар жана ракеталар менен сокку урган.

Израилдин Коргоо күчтөрү – ЦАХАЛ билдиргендей, алгач жүздөгөн камикадзе-дрондорун учурган. Кийинчерээк канаттуу жана баллистикалык ракеталар колдонулганы кабарланган.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ишемби күнү кечинде телекайрылуу жасап, өлкө бийлиги Ирандын ыктымал чабуулуна даяр экенин билдирген. Ал эгер Иран Израилге кол салса, анын кесепеттери оор болорун эскерткен.

Батыш мамлекеттери жана "Чоң жети" кол салууну кескин айыпташты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG