Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

УКМК Бишкектин вице-мэри Максат Сазыкулов кармалганын билдирди


Максат Сазыкулов.
Максат Сазыкулов.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкектин вице-мэри Максат Сазыкулов “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген шек менен кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ал шаардын чок ортосунан коммерциялык объект куруу үчүн муниципалдык жер тилкесин кайсы бир ишкерге мыйзамсыз бөлүү тапшырмасын берген деп айыпталууда. Ал жердин базар баасы 200 миң доллар деп эсептелген.

Андан тышкары 300 чарчы метр жерге коммерциялык объект эч кандай уруксат берүүчү документтери жок курулганы, аны бузууга Максат Сазыкулов тоскоолдук кылып, мыйзамсыз объект буздурулбай калганы айтылды.

“Аянтты көрктөндүрүү боюнча тендер да С.М.Ш. тарабынан демилгеленип, аны өткөрүүдө да коррупциялык факты аныкталды. Алсак, аянтка жергиликтүү бюджеттен 17 миллион сомдон ашык каражат жумшалса, курулуш экспертизасынын алдын ала анализинин жыйынтыгында иш жүзүндө аткарылган иштер 6-7 миллион сомго ашыкча бааланган”, - деп айтылат маалыматта.

Максат Сазыкулов менен кошо дагы бир ишкер кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Анын аты-жөнү айтылган жок. Атайын кызмат бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка да кызмат адамдарын аныктоо иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Максат Сазыкулов буга чейин мэрияда ар кандай кызматтарда иштеп келген. 2021-жылдан 2022-жылга чейин Бишкек мэринин экономикалык маселелер боюнча орун басары болгон. 2023-жылы октябрь айында вице-мэр кызматына дайындалган. Анын адвокаттары менен жакындары коюлган айып боюнча комментарий бере элек. (BTo)

XS
SM
MD
LG