Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:15

Пакистан менен кызматташтык: деңизге жол, дүйнөгө коридор


Карачи деңиз портуна алып барган Кыргызстан - Кытай - Пакистан транспорттук коридору.
Карачи деңиз портуна алып барган Кыргызстан - Кытай - Пакистан транспорттук коридору.

Бишкектеги 18-майга караган түндөгү окуялардан кийин Кыргызстан менен Пакистандын расмийлери бир нече жолу жолугуп, бул өлкөнүн тышкы иштер министри сапар менен келип кетти.

Эки өлкөнүн студенттерди окутуудан башка тармактардагы кызматташуусу кандай жүрүүдө деген суроо кызыгуу жаратууда. Өткөн жылы Кыргызстанга Пакистандан алгачкы жүк ташуучу автоунаа Пакистан - Кытай - Кыргызстан багыты боюнча жүрө баштаган. Ошондон бери Карачи деңиз портуна чыгуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланып келүүдө.

17-майдагы пакистандык студенттерге байланышкан жаңжалдан кийин ал өлкөнүн тышкы иштер министри Исхак Дар Бишкекке келип, кыргыз бийлигинин өкүлдөрү менен жолугуп кетти. Анда эки өлкөнүн башкы дипломаттары пакистандык студенттердин коопсуздугун жана билим берүү маселелерин талкуулашканы кабарланды.

Мындан тышкары, эки дипломат Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы кызматташтыктын бардык багыттары боюнча пикир алмашып, алаканы өнүктүрүү жана бекемдөөнү макулдашкан.

Расмий статистика боюнча, 2023-жылы Кыргызстандын Пакистан менен соода жүгүртүүсү 20 млн доллардан бир аз ашты. Анын 18,7 миллиону импорт, 1,5 млн доллары экспорттон турат. Пакистандан негизинен фармацевтикалык товарлар жана цитрус жемиштери, кумшекер өңдүү азык-түлүк импорттолот.

Экономика министрлигинин маалыматында, соңку 10 жылда Пакистандан Кыргызстанга 50 млн доллардан ашуун түз инвестиция келген.

Расмий эсепке таянсак, Кыргызстанда 18 миңден ашуун пакистандык студент билим алат. Алардын басымдуусу - медицина тармагында окугандар. Мындан тышкары, соңку жылдары Кыргызстанга келип иштеген пакистандык эмгек мигранттары да көбөйгөн. Улуттук статистика боюнча, өлкөдөгү чет элдик эмгек мигранттарынын ¼ бөлүгүн пакистандыктар түзөт.

2021-жылы эки өлкөнүн Билим берүү министрликтери Кыргызстан-Пакистан илимий фондун түзүүнү макулдашкан. Анын алкагында университеттердин академиялык кызматташтыгы жаңы нукка бурулмак. Бирок ал демилгелер азыркыга чейин ишке аша элек.

Түштүк Азия - кыргыз ишкерлери үчүн жаңы базар

Кыргызстандын экономикасы тыгыз байланышкан орус базарындагы татаалдашкан жагдайлардан улам, жергиликтүү ишкерлер соңку кездери жаңы аймактарды издөөнү күчөтүп келет. Кыргыз соодасы үчүн жаңы базарлардын арасынан мүмкүнчүлүгү жана келечеги кең аймактардын бири катары Түштүк Азия өлкөлөрү, алардын ичинен калкы жыш Индия, Пакистан, Индонезия, Бангладеш, Иран жана Араб өлкөлөрү аталып турат.

ЖИА ассоциациясынын президенти Жоодар Омошов Түштүк Азия өлкөлөрүнүн рыногу кыргыз ишкерлери үчүн кызыгууну жаратып келатканын айтууда. Арийне, Пакистан менен соода алакасы жакшы өнүкпөй келатканын белгилейт. Ишкер түштүк азиялыктар көбүнчө англис тилинде иш алып баргандыктан, кыргыз ишкерлери бир топ кыйынчылыкка кабыларын эске салат. Ага карабай, учурдагы геосаясий жагдайга байланыштуу кыргыз ишкерлери Түштүк Азия өлкөлөрү менен көбүрөөк иштешкени оң болот деп эсептейт:

“Пакистан болсун, Индия болсун, буларда калктын саны аябай чоң Ооба, балким, Индияга окшоп калкынын 30-40% көбү кедей жашайт. Бирок сатып алуу жөндөмү жогору катмар деле абдан калың. Мисалы, ошол эле Индияны ала турган болсок, калкы 1,5 миллиардга жакын, базары аябай чоң. Башкача айтканда, Индиядагы 100-150 млн калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгү Европанын деңгээлинде турат. Маселе бизде, биздин ишкерлерде – бир жагынан тил билбейбиз, анан логистика жагынан топтомо (консолидацияланган) товар алып чыга албай келебиз. Акча которууда эч кандай кыйынчылык деле жок, кеңири которсоңуз болот. Биз көлөм жагынан алардын бир топ эле арттабыз. Ал жактагы өлкөлөрдүн чоң компаниялары бизге, биздин базарга кызыкпайт. Алардын ири компаниялары Америка, Европа базарларына, Латын Американын, Африканын өнүккөн өлкөлөрүнө чыкканга аракеттенишет. Биз алардын орто жана чакан бизнестери менен иштешкенге умтулуп жатабыз”.

Жаңы транспорттук каттам жана Карачи порту

Кыргызстан эл аралык базарга чыгууда Казакстанга көз каранды болуп келет. Ар түркүн саясий себептерден улам казак чек арасында тоскоолдуктар байма-бай жаралып турат. Мындай жагдайдын кыргыз экономикасынын алдыга жылышына олуттуу таасири тийип жаткандыктан, расмий Бишкек соңку жылдары альтернативдүү транспорттук каттамдарды өздөштүрүүгө аракеттенип келет. Мындай эл аралык транспорт багыттарынын бири Өзбекстан, Түркмөнстан жана Каспий деңизи аркылуу өткөн “Түштүк коридору” болсо, дагы бири Кытай жана Пакистан аркылуу деңизге чыккан каттам болуп эсептелет.

2003-жылы Кыргызстан, Казакстан, Кытай жана Пакистан өлкөлөрүнүн ортосунда транзиттик жүк ташуу боюнча төрт тараптуу келишим түзүлгөн. Ага ылайык, Борбор Азиядан товарлар Кытай менен Пакистанды бириктирген Каракорум шоссеси аркылуу өтүп, Карачи портунан ары деңиз жолуна чыгарылмак. Карачи 20 жылдан бери Кыргызстан менен Казакстанга деңиз портун пайдаланууну сунуштап келет. Карачи портуна жеткен борборазиялык товарлар андан ары деңиз аркылуу дүйнөлүк базарларга чыкмак.

Узак жылдар бою кагаз жузүндө калып келген ал келишим 2023-жылы кайра жандана баштады. Күз айларында Пакистандан жүк ташуучу автоунаалардын алгачкы колоннасы пилоттук каттамды аткарды. Кыргызстан тарап ошол каттамды дыкат изилдеп, мүчүлүштүктөр болсо оңдоп, жооп каттамды аткарууга киришерин билдирген.

Эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Азамат Жумабаев Кыргызстан - Кытай - Пакистан эл аралык транспорттук коридорунун мааниси кыргыз экономикасы үчүн чоң экенин айтууда. Эксперт өкмөттөр долбоордун саясий жагын чечип берсе эле каттам жанданарын белгиледи:

“Бул биринчи кезекте Кыргызстан үчүн, жүк ташуучулар үчүн жакшы ачылыш. Биз үчүн бул жаңы эл аралык транспорттук коридор. Жаңы мейкиндик, жаңы мүмкүнчүлүктөр. Географиялык жайгашуубузга карабай, кыргызстандыктар дүйнөлүк сооданын катышуучусу болуп калабыз. Транспорт жана соода мамлекеттин эң маанилүү тармактары экенин баарыбыз жакшы билебиз. Башка мамлекеттердей эле, Кыргызстан үчүн да тышкы соодада ушундай транспорттук коридорлор чоң роль ойнойт. Биздин өкмөт Тышкы иштер министрлиги жана Экономика министрлиги менен биргеликте долбоордун саясий жагын жакшылап иштеп чыгышы керек. Өнөктөштөр менен келишип, жөнгө салып турушу зарыл. Азыр бул долбоор 80% жакын бышып калды. Биз бизнес тармак өзүбүз тараптан тийиштүү иштерди аткардык, талдоолорду жүргүздүк, сунуштарды бердик. Айрым техникалык жагдайлар гана калган. Аны эми өкмөтүбүз аткарышы керек”.

CASA-1000 энергетикалык долбоору

Кыргызстан менен Пакистандын кызматташтыгы энергетикалык тармакта да жүрөт.

CASA-1000 долбоорунун наркы 1,2 млрд доллар турат. Анын алкагында жайкы аптап мезгилинде Кыргызстан менен Тажикстан Ооганстан менен Пакистанга 1300 Мегаватт электр энергиясын өткөрүү милдетин алат. Долбоор чөлкөмдүк электр энергия рыногунда ири киреше булагы болот деп күтүлөт. Линия аркылуу жылына 4,6 млрд кВт/саат электр жарыгы берилет деп эсептелген.

CASA-1000 долбоорунун донорлору Дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы, Европа инвестициялык банкы, Европа реконструкция жана өнүгүү банкы, Улуу Британиянын Тышкы иштер жана эл аралык өнүгүү министрлиги жана АКШнын эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) кирген эл аралык уюмдардын өнүгүү боюнча консорциуму болуп саналат.

Энергетика жаатындагы эксперт Мырзатай Султаналиев бул энергетикалык долбоордун кыргыз экономикасы үчүн мааниси чоң экенин айтууда:

“CASA-1000 долбоору Борбор Азия - Түштүк Азия кызматташуусун билдирет. Дүйнөлүк банк ушул долбоорду 30 жылдан бери сүрөп, акча таап келет. Азыр мына этегине чыгып калды. Талкуулап, акча-каражатын издеп келгенден бери эле 30 жыл өтүп кетти. Электр энергияны Ооганстан менен Пакистан кабыл алат. Ал эми Тажикстан менен Кыргызстан бериши керек. Мисалы, бир сезондо – майдан сентябрга чейин 1000 мегаватт бериш керек. Биз ал долбоордун толук катышуучусубуз. Ошондуктан бул биз үчүн чоң мааниге ээ. Эгерде бизде электр энергиянын кору көбөйүп, сатканга мүмкүнчүлүк жетишсе, жылына 2 млрд кВт/саат сатсак болот. Ошон үчүн мунун мааниси өтө чоң. Долбоор 2025-жылы ишке берилиши керек. Ал мамлекеттердин кызматташтыгына чоң таасир этет. Анткени төрт өлкө чогуу келишим түзгөн. Кызматташуу, электр энергиясын сатуу, чогуу иштешүү боюнча төрт келишим бар”.

Диний билим, “Таблиги жамаат”

Эксперттер Кыргызстан менен Пакистанды бириктирип турган жалпы баалуулуктардын бири диний билим тармагына таандык экенин белгилешет.

Дин таануучу Канатбек Мурзахалилов Пакистандын көпчүлүк медреселериндеги диний билим Кыргызстанда таанылбагандыгына карабай, кыргыз жарандары динди үйрөнүү жана аны калк арасына жайылтуу усулдарын алуу үчүн ал жакка байма-бай каттап турарын айтты:

“Биздин жаштар Пакистандын жогорку окуу жайларында, медреселеринде окушат – бул биринчи фактор. Экинчиси – “Таблиги жамаат” кыймылы бириктирет. Себеби, “Таблиги жамааттын” башкы кеңсеси Лахордо жайгашкандыктан, бул кыймыл ошол Пакистандан тараган деп эсептелет. Жыл сайын Пакистанда өтүүчү “Таблигдин” дүйнө жүзүндөгү 2 миллиондон ашык адам топтолуучу жыйындарына дагы Кыргызстандын жарандары барышат. Азыркы биздин таанымал эле диний аалымдардын дагы көпчүлүгү ошол Пакистандан диний билим алып келген. Пакистан шарият негизинде башкарылган ислам мамлекети болгондуктан, диний билим дагы эч кандай светтик мазмунсуз окулат. Мен билгенден, Пакистандан диний окуу жайлар менен Кыргызстандын Билим берүү министрлиги тарабынан эч кандай расмий келишимдер жок. Пакистандан бүтүп келген кыргыз жарандарынын диплому биздин өлкөдө таанылбайт жана нострификациядан (таануу) дагы өтпөйт”.

Пакистан 250 миллионго жакын калкы жана 380 млрд доллар ички дүң өндүрүмү менен Түштүк Азия чөлкөмүндөгү ири өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Экономикасы соңку жылдары бир катар кыйынчылыктарга тушугуп, өсүү темпи жайлаган жана инфляциянын деңгээли 30% да ашып кеткен.

Кыргызстан менен Пакистандын ички дүң өндүрүмүнүн көлөмүн салыштырганда 27 эсе айырмачылык болгону менен, анын киши башына тийиши дээрлик бирдей – экөөндө тең эки миң долларга жетпейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG