Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:09

"Бангладештин жарандары жыл башынан бери 35 миң виза алды"


Мекенине кайтып жаткан пакистандык студенттер “Манас” аэропортунда. 2024-жылдын 21-майы.
Мекенине кайтып жаткан пакистандык студенттер “Манас” аэропортунда. 2024-жылдын 21-майы.

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкери, милициянын полковниги Улан Керимкулов “Азаттыкка” берген маегинде чет мамлекеттерден келген адамдар менен иштөө тартиби, мыйзамсыз жүргөндөрдү аныктоо, бирдиктүү саясат жүргүзүү маселелерине токтолду.

Жыл башынан бери Кыргызстанга 4,6 млн адам кирген, ал эми Бангладештин жарандарына 34634 виза берилген.

- Улан мырза, 18-майга караган түндөгү окуяга өлкөдөгү мыйзамсыз миграция да өз таасирин тийгизди деген маалыматтар бар. Ички иштер министрлигинин тийиштүү кызматы катары сиздер буга кандай баа бердиңиздер? Кыргызстанда миграция жаатындагы саясатты ким жүргүзөт?

- Ооба, биздин кызмат өз укуктарыбыздын алкагында мыйзамсыз миграцияга чара көрөт. Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, алгач биз протокол түзүп, мыйзам бузган адамга тапшырабыз. Мисалы, чет өлкөлүк жаран Кыргызстандын миграция жаатындагы мыйзамдарын бузса, протокол түзүп, эскертүү кагазын тапшырабыз. Ал адам 30 күндүн ичинде укук бузууну жоюшу керек. Эгер ошол аралыкта жыйынтык чыгарбаса, анда “Укук бузуу жөнүндө” кодекстин 431-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, кайрадан протокол түзүп, сот органдарына материалдарды жөнөтөбүз. Сот органдары ал адамды Кыргызстандын аймагынан тышка чыгаруу жөнүндө токтомун чыгаргандан кийин гана биз ал адамды чек арадан тышка чыгарабыз.

Улан Керимкулов
Улан Керимкулов

- Ошондо сиздердин кызмат өткөн жылы жана быйыл 4-5 айдын аралыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн канча чет өлкөлүктү аныктады жана алардын канчасы өз мекенине кайтарылды?

- Жыл башынан бери Кылмыш-жазык кодексинин негизинде 79 факт каттаганбыз. Жалпысынан 81 иш сотко жиберилген, анын экөө өткөн жылдан калган иш. Миграция жаатында жалпысынан 3357 укук бузуу катталган. Мунун ичинен 2478 иш чет өлкөлүк жарандарга байланыштуу, аларга 14,4 млн сом айып пул салынды. Бул өткөн жылга салыштырганда 2 млн сомго көп, себеби улам барган сайын Кыргызстанга чет өлкөлүктөр көп келе баштады. Биз Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен бирге мыйзамсыз миграцияга каршы атайын рейддерди өткөрүп турабыз. Анын натыйжасында мыйзамсыз жүргөндөр өз эрки менен өлкөдөн чыгып кетүүдө. Сот аркылуу кеткендер да бар. Алсак, быйыл жылдын башынан бери 22 адам соттун токтомунун негизинде Кыргызстандан чыгарылган.

- Ошол мыйзамсыз жүргөндөрдү аныктоо, аларды кайра өз мамлекетине кайтаруунун жол-жобосун түшүндүрүп бересизби? Алардын кете турган белетин мамлекет сатып береби?

- Мыйзамсыз жүргөн адам аныкталгандан кийин, жогоруда айткандай, биз аны дароо эле чет мамлекетке кетирип жибере албайбыз. Соттун чечими чыгат, ал чечимге арызданууга 10 күндүк убакыт берилет, эгер арызданса, ал дагы созулушу мүмкүн. Ал эми белетти ошол адам өзү сатып алат, эгер кайра кеткенге каражаты жок болсо, мыйзамга ылайык чакырган тарап бардык чыгымдарды көтөрүшү керек. Эгер чакыруучу тарап да көтөрбөсө, анда мамлекет чыгымды өз мойнуна алат деп мыйзамда каралган, бирок иш жүзүндө андай мисал буга чейин боло элек.

- Чет мамлекеттен Кыргызстанга жумушчу күчүн тарткан канча компания бар?

- Чет элдиктердин биздин өлкөгө жумуш күчүн тартуу маселеси Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин алдында комиссия бар, ошол комиссия чечет. Анын курамында аталган министрликтен тышкары УКМКнын, ИИМдин өкүлдөрү бар. Мыйзам боюнча компаниялардан тышкары жеке ишкерлер да чет элдиктерди жумушчу күчү катары алып келе алат. Министрлер кабинети былтыр квотанын саны 16 миң кылса, быйыл анын санын 25 миңге көбөйткөн. Негизинен азыр министрлик аркылуу уруксат алган 5322 чет өлкөлүк бар. Алардын 919у пакистандык, 514ү бангладештик, 253ү индиялык, 540 түркиялык, 314 өзбекстандык жана 2203 кытай жарандары.

- Миграция боюнча бир нече мамлекеттик орган иштейт экен. Бирдиктүү координация, бирдиктүү саясат барбы? Кыргызстанга турист, жумушчу, студент болуп келген бардык жарандарды бирдиктүү каттоо реестри барбы? Аны менен сиздер иштейсиздерби?

- Бирдиктүү реестр бар. А негизи виза саясаты Тышкы иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде. Жумушка уруксатты Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги берет. Чет өлкөлүк жарандарды каттоонун болсо Калкты каттоо департаменти жүргүзөт. Укук бузууларды Ички иштер министрлиги менен УКМК карайт.

- 18-майдагы окуядан кийин коомчулукта “чет өлкөдөн жарандарды алып келүү, чет өлкөлүктөрдүн Кыргызстандын аймагында жүрүшү аябай коррупциялашкан, пайдалуу бизнеске айланып кетиптир” деген пикирлер басымдуулук кылууда. Ушуга кандай баа бересиз? Канчалык мыйзам көзөмөлдөнүп жатат?

- “Коррупциялашып кетиптир” деген пикирлерге мен макул эмесмин. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-24 -окуу жылында өлкөбүздө 28800 чет өлкөлүк студент окуйт. Алардын көбү Индия, Пакистан жана Бангладештен. Бул мамлекеттерди биз “тобокелдик өлкөлөр” деп коёбуз. Андан тышкары биздин мамлекетке визаны дүйнөнүн каалаган өлкөсүнөн туруп электрондук арыз жазып, беш күндүн ичинде алууга болот. Албетте, ошондой жол менен келип алып, Кыргызстандын аймагында иштеп жүргөндөр бар, мен андайларды жок деп айта албайм. Биз мына ошондойлорду аныктап, алар менен күрөшүп жатабыз.

- Сиз айта аласызбы – канча адам турист катары Кыргызстанга келген? Ар бир мамлекетке турист катары ар кандай мөөнөт берилет, бирок мыйзамды бузуп кала бергендер да болот эмеспи. Андай адамдардын саны канча болушу ыктымал?

- Ооба, тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү каттоосу боюнча мамлекеттик кызматтар бири-бирибиз менен маалымат алышып, интеграция болгонбуз. Биз Тышкы иштер министрлиги берген визалардын санын көрүп турабыз. Азыркы убакта, мисалы, жыл башынан бери Бангладештин жарандарына 34634 виза берилген, анын ичинде студенттик виза, жумушчу виза, туристтик визалар бар. Мунун баарын биз көрүп турабыз.

- Улан мырза, жалпысынан студенттерди, туристтерди, жумушчу виза алгандарды кошуп эсептегенде Кыргызстанда туруктуу жашабаса дагы көбүрөөк, узак жашап, иштеп, окуп жаткан 120 миңдей чет өлкөлүктөр бар деген маалыматтар айтылууда. Чыныгы саны канча болду экен?

- Ооба, туура айтасыз, тышкы миграцияны эсепке алуунун системасына ылайык ошондой маалыматтар бар.

- Кандай маалыматтар, канча адам?

- Жалпысынан, жылдын башынан бери төрт айдын ичинде Кыргызстандын аймагына 4 млн 657 миң 511 адам кирген, кайра 4 млн 555 миң 599 адам өлкөдөн чыгып кеткен. Бул тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасынын маалыматы.

- Айырма эки миң адамга жакын экен, ошондо бул эки миң адам мыйзамсыз калып жатат дегенди түшүндүрбөйбү?

- Жок, себеби айрым мамлекеттер менен биздин ортобузда визасыз карым-катыш каралган.

- Бишкекте жүрүп жаткан жаңы Ак үй жана башка бир катар курулуштарга Түштүк Азия мамлекеттеринен жумушчулар алып келинип жатканы белгилүү. Алардын саны канча? Канча убакыт иштеп, кайра өз өлкөсүнө качан кетишет?

- Негизи жумушчу виза бир жылга берилет. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, 6239 квота, анын ичинен 514 уруксат Бангладеш жарандарына берилген.

- Кыргызстандын аймагында Кытайдын канча жараны бар?

- Кытайдын 2203 жараны уруксат кагаздарын алган.

- Улан мырза, жумушчу виза алгандардын мөөнөтү өтүп кеткени системадан кызарып көрүнөбү? Же аны бир адам көзөмөлдөп, кагаздардан карап турабы?

- Кимдир бирөөнүн мөөнөтү өтүп кеткени тышкы миграцияны көзөмөл жасоочу системадан көрүнөт. Анын ээси Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тийиштүү маалыматты бизге берип турат.

- Мисалы, Ички иштер министрлигинин жооптуу кызматкери катары ошол системага сиз кире аласызбы?

- Ооба, биз ал системага кирип, ал тургай чет элдик жарандын бул жактагы катталган дарегине чейин көрө алабыз.

- Ал эми Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин эмгек квоталарынын системасын сиздер көрө аласыздарбы?

- Жок, ага бизге уруксат жок. Бирок, жогоруда айткандай, жумуш квотасын атайын комиссия карайт.

- Улан мырза, мыйзамдык жактанбы, айлык акы жагынанбы же материалдык-техникалык жабдууданбы - сиздердин иште эмне кыйынчылыктар бар?

- "Укук бузуу" кодексиндеги миграциялык ченемдерди бузгандарга жазаны катаалдатуу максатында өзгөртүүлөрдү сунуштап жатабыз. Азыркы мыйзам боюнча мөөнөттү бир күнгө бузабы же бир жыл өткөрүп жибереби - 5500 сом төлөп коюп эле жоопкерчиликтен кутулуп кетсе болот. Ошого бөгөт коюу максатында биз мыйзам бузуунун оордугуна жараша миң сомдон 30 миң сомго чейинки айып пул салууну сунуштадык. Азыр ал коомдук талкууда турат. Мисалы, эми эгер чет өлкөлүк Кыргызстандын аймагында алты айдан бир жылга чейин мыйзамсыз жүрсө, мындан ары 17500 сом айып төлөйт. Ал эми бир жылдан ашык мыйзамсыз жүрсө, 20 миң сомдон өйдө айып салынат.

- Маегиңизге ракмат.

Бишкек: 60тай тигүү цехинин иши токтоп калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:50 0:00

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG