Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:27

"Кабарчыларга басым күчөдү". Ооганстанда дагы үч радиостанция жабылды

Ооганстан. Иллюстрация сүрөт. 2021-жылы бийликке "Талибан" келгенден бери медиада цензура күчөп, аялдардын катышуусу чектелди.
Ооганстан. Иллюстрация сүрөт. 2021-жылы бийликке "Талибан" келгенден бери медиада цензура күчөп, аялдардын катышуусу чектелди.

Ооганстандын талибдер көзөмөлдөгөн өкмөтү өлкөнүн медиа мейкиндигиндеги репрессиясын улантып, дагы үч жергиликтүү радиостанциянын ишмердүүлүгүн токтотту. 2021-жылы ооган бийлигинин башына келген "Талибандын" мындай саясаты башталгандан бери, "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун ооган кызматы билдиргендей, өлкөдө медиа чөйрө дээрлик жок кылынды.

«Тахсин ал-Куран», «Санга» жана «Зама Зивер» радиостанциялары Ооганстандын түштүк аймагындагы Кандагар провинциясында иштеп келген. Бул аймакты талибдердин мекени жана негизги таянычы деп аташат.

Өлкөнүн талиб өкмөтүнүн Маалымат жана маданият департаменти 24-майда жарыялаган билдирүүсүндө аталган үч радиостанциянын ишмердүүлүгүнө "салык төлөгөн эмес, лицензиясы жок иштеп жаткан жана уктурууларынын сапаты талапка жооп бербейт" деген негизде тыюу салынганын маалымдады.

Ошол эле билдирүүдө өлкөдөгү башка да радиостанциялар эфирлерин, жарыялаган маалыматын «ислам принциптерине жана этика талаптарына» шайкеш келтириши керек экени катуу эскертилди.

Ооганстандын медиа тармагындагы соңку чектөөлөр дароо жалпыга маалымдоо каражаттарынын укуктарын коргоо менен алектенүүчү укук коргоо топторунун жана уюмдарынын кескин сынын жаратты.

«ЖМКга басым-кысым күчөдү. Айрыкча радиостанциялар мына ушундай мамилеге кабылууда», — деп билдирди «Азади» радиосуна курган маегинде "Ооганстандын журналисттерин колдоо уюмунун" (The Afghanistan Journalists Support Organization, AJSO) башчысы Хамед Обаиди.

Обаиди кошумчалагандай, жогоруда аталган радиостанциялардын жабылышы коомдук пикирди жайылтуу, чагылдыруу ишине бөгөт коюу үчүн шылтоо гана болду.

Өткөн аптада "Бамин Радио" лицензиясынын мөөнөтү узартылбагандыктан жабылды. "Азадинин" өз булактары билдиргендей, талиб бийлиги аны узартууга өзү тоскоолдук жаратты. 2003-жылы негизделген станция Ооганстандын борбордук бөлүгүндөгү Бамиан аймагында ачылган алгачкы эркин маалымат каражаты болчу.

"Чек арасыз кабарчылар" (RSF) эл аралык уюмунун басма сөз эркиндиги боюнча соңку баяндамасында талибдер башкарган Ооганстан рейтингдеги 180 өлкөнүн арасынан 175-орунду ээледи. Андан кийинки эле орунда сөз эркиндигинин абалынын начардыгы боюнча Сауд Арабиясы, Иран, Кытай, Түндүк Корея жана Эритрея турат.

2021-жылдан бери, "Чек арасыз кабарчылардын" эсеби боюнча, Ооганстанда ошол убакка чейин иштеп турган жалпыга маалымдоо каражаттарынын дээрлик 43% жабылып калды. Ошондой эле, көз каранды эмес медиа тармактын жок кылынышында, журналистика кесибин аркалаган кыз-келиндер көбүрөөк жабыркады.

2021-жылдын август айынан бери Ооганстанда жалпыга маалымдоо каражаттарында иштеген 165 киши түрдүү себептерден улам камакка алынды, алардын 25и былтыркы жыл ичинде эркиндигинен ажыратылды.

Уюм өз баяндамасында Ооганстанда «журналистика токтоосуз уланып келаткан цензуранын айынан муунтулуп бүттү» деп белгилеген.

Цензура жана репрессия күчөгөнүн "Ооганстандын журналисттер борбору" The Afghanistan Journalists Center (AFJC) да өзүнүн 2025-жыл боюнча жыйынтык баяндамасында мисалдар менен келтирип жазган. Бул баяндама былтыр жыл соңунда жарыяланган.

«Мисалы, камактагы журналисттерден күч колдонуп көрсөтмө алуу, жогорку кызматтагы адамдар өткөргөн маалымат жыйындарына аял журналисттердин катышуусуна чектөө коюу жана түз эфирдеги жаңылыктарда аялдардын үнүн цензуралоо», — деп айтылган анда.

"Ооганстандын журналисттер борборунун" баяндамасында 2021-жылдан бери өлкөдө кеминде 20 телеканал жабылганы да документтештирилген. Ошондой эле аталган борбор Кандагарда жайгашкан үч радиостанциянын жабылышын айыптаган.

"Талибандын" медиа тармагындагы эрежелери кеңири цензурага жол ачып, ошондой мамилеге шарт түзгөнү, көңүл ачуу программаларына жана тасмаларга тыюу салып, аялдардын медиага катышуусуна чектөө койгону да талдоочулардын баяндамаларында айтылып келет.

АКШнын Ооганстанда «Талибанга» каршы согушу 2001-жылдын 11-сентябрындагы Кошмо Штаттардагы ири террордук актыдан кийин башталып, 2021-жылдын августунда жыйынтыкталган. Ооганстандын көпчүлүк бөлүгүн, анын ичинде борбор калаа Кабулду кайрадан өз көзөмөлүнө алган талибдер жаңы «Ооганстан ислам эмираты» түзүлгөнүн жарыялашкан.

Макаланын англис тилиндеги түп нускасы бул жерде

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG