Орусиянын армиясы 26-майга караган түнү Украинанын бир нече аймагында ракета жана дрондор менен сокку урду.
Одесса облусунда чабуулдардан бир киши каза таап, кеминде үчөө жараат алганын дубандын губернатору Олег Кипер Телеграмга жазды.
Одесса шаардык аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак сокку эл жашаган аймакка урулганын кабарлады.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы шаардын инфраструктуралык объектисине зыян келтирилгенин кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, Полтава облусунда да жеке сектор жана инфраструктура объектилери талкаланды. Полтава районунда турак жай талкаланып, бир аял жараат алды. Сумы облусунун Ромны шаарында үч киши жабыркады.
Запорожьеге орус аскерлеринин чабуулунан үч киши жараат алганын облустук аскердик администрациянын башчысы Иван Федоров билдирди. Херсон облусунун Никольское кыштагында түнкү артиллериялык аткылоолордон бир киши каза тапканын облустук прокуратура кабарлады.
Украин Аба күчтөрү 26-майга оогон түнү Орусия эки баллистикалык ракета, 122 учкучсуз учак учурганын, 111 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Орусиянын Коргоо министрлиги эртең мененки күнүмдүк маалыматында 26-майга караган түнү украиналык 59 дрон кармалып, атып түшүрүлгөнүн жарыялады. Дрондор Белгород, Брянск, Курск, Новгород, Смоленск облустары менен аннексияланган Крымдын үстүндө жок кылынганын кошумчалады. Түштөн кийин Орусиянын Белгород облусунун ыкчам штабы Крутой Лог айылында 25-майдын кечинде дрон автоунаага сокку урганда айдоочу каза болгонун кабарлады. Штаб окуянын чоо-жай тууралуу башка маалымат берген жок.
25-майда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Киевге такай сокку уруларын эскертип, чет элдиктер менен дипломаттарды шаардан чыгып кетүүгө чакырган.
Ал тапта Украинага 24-майдагы жапырт соккулардын курмандыктары көбөйдү. Киевде дагы бир кишинин сөөгү уранды алдынан табылган. Муну менен каза тапкандар үчкө жетип, жараат алгандардын саны 100дөн ашты.
Орусия Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери күн сайын сокку уруп келет, андан бери миңдеген киши бейкүнөө ажал тапты, жараат алгандар миңдеп саналат. Киев Москванын согушуна жооп иретинде, орусиялык мунай заводдору менен армияны каржылаган башка объектилерге маал-маалы менен чабуул коюп жатат.
Шерине