Wildberries’тин украиналык дрондордун соккусуна кабылган кампалары
Vantor жарыялаган чабуулга чейинки, андан кийинки сүрөттөр спутниктен тартылган. Wildberries кампаларына келтирилген зыяндын көлөмүн көрсөтөт. "Орусиянын Амазону" деп аталган эң ири маркетплейстин кеминде 20 кампасы июлдун ортосунан тартып украиналык дрондордун бутасына айланган.
Before
After
1
Vantor жарыялаган спутниктен тартылган сүрөттөрдө Орусиянын Волгоград шаарындагы Wildberries компаниясынын кампасы көрсөтүлгөн. Биринчи сүрөт 14-июлда тартылган болсо, экинчиси украин дрондорунун чабуулунан кийин 1-августта тартылган.
Before
After
2
Орусиянын Электросталь шаарындагы Wildberries компаниясынын кампасынын 16-майда жана 5-августта тартылган сүрөттөрү. Июлдун аягындагы соккудан кийин объект дээрлик толугу менен күйүп кеткенин көрсөтөт.
Before
After
3
Vantor тарабынан берилген спутниктен тартылган сүрөттөрдө Орусиянын Симферополь шаарындагы Wildberries компаниясынын кампасы көрсөтүлгөн. Сүрөттөр 22-июлда жана 4-августта тартылган.
Before
After
4
Орусиянын Краснодар шаарындагы Wildberries компаниясынын кампасынын 21-июлда жана андан кийин, украиналык дрондордун соккусунан болжол менен эки жума өткөн соң, 5-августта тартылган сүрөттөрү.
Before
After
5
Спутниктен тартылган сүрөттө 22-июлда Орусиянын Невинномысск шаарындагы Wildberries объектисинен көтөрүлгөн коюу түтүн көрүнүп турат. Бул сүрөттөр Европа Биримдигинин Copernicus Sentinel-2 спутниги тарабынан тартылып, таратылган.
Before
After
6
Planet Labs PBC тарабынан жарыяланган соккуга чейинки жана андан кийинки спутниктен тартылган сүрөттөрдө Орусиянын Самара облусундагы Новосемейкино айылындагы Wildberries объектиси көрсөтүлгөн. Бул объект 2-августта украиналык дрондордун чабуулуна кабылган.
Before
After
7
22-июлдагы Европа Биримдигинин Copernicus Sentinel-2 спутниги тарткан сүрөттө Орусиянын Алексин шаарындагы Wildberries объектисинен түтүн көтөрүлүп жатканы көрүнөт. Дагы бир сүрөттө бул объект 19-июлда, чабуулга чейин көрсөтүлгөн.