Дүйнөгө белгилүү америкалык ишкер жана инженер Илон Масктын аэрокосмостук SpaceX компаниясы мобилдик байланыш рыногуна чыгуу үчүн жаңы кадам жасады. Компания инвестициялык Grain Management фирмасынан радиожыштыктардын ири топтомун сатып алуу тууралуу келишим түзгөнүн билдирди.
SpaceX бул чечим анын Starlink спутниктик түйүнүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөрүн айтууда. Азыркы учурда Starlink интернетти спутник аркылуу камсыздайт, бирок аны колдонуу үчүн атайын антеннасы бар терминал керек. Жаңы алынган 800 МГц диапазонундагы лицензиялардын жардамы менен сигналды кадимки байланыш каражатына, анын ичинде смартфонго жеткирүү жана имараттардын ичинде да байланышты камсыз кылуу мүмкүн болот.
Келишимдин суммасы расмий жарыяланган жок. Бирок The Wall Street Journal басылмасы анын көлөмү болжол менен 8 млрд долларга жетиши мүмкүн экенин жазды. Макулдашуу күчүнө кириши үчүн аны АКШнын Федералдык байланыш комиссиясы (FCC) жактырышы керек.
Бул жаңылыктан кийин, Deutsche Welle белгилегендей, бир катар телекоммуникациялык компаниялардын акциялары арзандады. Ошол эле учурда SpaceXтин акцияларынын наркы өскөнү айтылууда.
Илон Маск жаңы мүмкүнчүлүк аркылуу АКШнын бардык аймагын, анын ичинде учурда мобилдик интернет жеткиликтүү эмес болгон алыскы жана калкы сейрек жашаган жерлерди байланыш менен камсыздоону көздөй турганын билдирди.
Аналитиктердин баамында, SpaceX менен салттуу байланыш операторлорунун атаандаштыгы бара-бара менен күчөйт.
Шерине