Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:18

Ош милициясы Өзгөндө "өз жанын кыйды" делген адамдын окуясына комментарий берди

Ош облустук ички иштер башкармалыгы.
Ош облустук ички иштер башкармалыгы.

Ош облусунун ички иштер башкармалыгы Алай районунда болгон окуя боюнча комментарий берди. Облустук милициянын маалыматында 2026-жылдын 17-июнунда Алай райондук ички иштер бөлүмүнө ушул эле райондун тургуну 18 жаштагы (С.Н.) кызга 39 жаштагы (К.Р.) адам WhatsApp мессенжеринен түшүнүксүз сөздөрдү жазып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, окуяга тиешеси бар делген адамдар тергөө кызматына жеткирилип, суракка алынып, көрсөтмө беришкен.

Текшерүүнүн жүрүшүндө К.Р. аттуу жарандын аракетинде Кылмыш-жаза кодексинин “Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо” беренеси боюнча кылмыштын белгилери байкалган. Бирок 17-июнда Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычынан анын сөөгү табылып, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынган.

Бул факты боюнча маркумдун 37 жаштагы (М.А.) жубайы милицияга арыз менен кайрылып, анда жолдошуна А.К. жана Д.К. аттуу адамдар зомбулук көрсөтүп, ошонун айынан жолдошу каза болгонун билдирген. Маркумдун өлүмүнүн анык себебин аныктоо үчүн тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Чогултулган материалдын жана экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин “Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө.

Андан тышкары Алай районунда милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү Н.Н. аракетине баа берүү үчүн райондук прокуратура текшерүү жүргүзүп, Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Кылмышты жаап-жашыруу” беренелери менен иш козгоп, ишти УКМК тергеп жатат. Милиция кызматкери июль айында өз каалоосу менен кызматтан кеткен. (BTo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG