Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:27

Кыргызстан күз-кыш мезгилине 4,1 млрд кВт/с электр жарыгын импорттойт

"Датка-Кемин" көмөк чордону. Иллюстрациялык сүрөт.
"Датка-Кемин" көмөк чордону. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан 2026-жылы 19,6 млрд кВт/саат электр энергиясын керектейт деп эсептелсе, анын 15,5 млрд кВт/сааты өлкөдө өндүрүлөт. Калган бөлүгүн суунун көлөмүн төмөндөтпөө жана сууну сарамжалдуу пайдалануу үчүн 4,1 млрд кВт/саат электр жарыгы импорттолот.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйында айтты. Өкмөт электр энергиясы кайсы өлкөлөрдөн сатылып алынарын тактаган жок.

Күз-кыш мезгилинде калк 1483,63 миң тонна, бюджеттик мекемелер 319,4 миң тонна көмүр керектейт деп эсептелген.

Кыргызстан өзү өндүргөн электр энергиясы керектөөнү жаппайт. Ушундан улам жыл сайын күз-кыш мезгилине Казакстандан, Түркмөнстандан, Өзбекстандан жана Орусиядан электр жарыгын сатып алат. (BTo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG