Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:20

Оштогу Кара-Суу базары Президенттин иш башкармалыгына өттү

Кара-Суу базары. Декабрь, 2023-жыл.
Кара-Суу базары. Декабрь, 2023-жыл.

Оштогу “Туратали” деген ат менен таанылган Кара-Суу базары Президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кыял” мамлекеттик ишканасынын курамына кошулду. Бул тууралуу маалымат Кара-Суу базарынын Фейсбуктагы баракчасына чыкты.

Анда буга чейин түзүлгөн ижара жана башка келишимдер күчүн жоготуп, соодагерлер 10 календардык күндүн ичинде жаңы ижара келишимдерин түзүшү керектиги айтылат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 2024-жылдын январь айында Кара-Суу базары мамлекетке өтө турганын айткан.

Кара-Суу базары 1984-жылы түптөлүп, ошол кездеги Киров колхозунан атайын 12 гектар жер бөлүнүп берилген. Базар 1987-жылы ал убактагы Кыргыз керек-жарак коомуна, өлкө эгемен болгондон кийин Ош облустук керек-жарак коомуна өткөн. 1990-жылдардын башында өкмөт аны өзүнө кайтарып алган.

Соттошуулар ошондон тартып башталып, араздашуу ырбаган. Облустук керек-жарак коому базардын жерин “Кыргыз соода биримдигине” саткан. Мүлк фонду базарга Керек-жарак коомунун ээлик кылууга укугу жок болгонун жүйө келтирип келген. (BTo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG