Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Кыргызстанга кумшекерди ташып келүүгө алты айга убактылуу тыюу салууну сунуштады. Министрлик коомдук талкууга чыгарган токтом долбоорунда мындай демилге өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, бааны турукташтыруу үчүн көтөрүлгөнү жазылган.
Расмий маалыматка ылайык, кыргызстандыктар жылына 120 миң тонна кумшекер керектейт. Алдын ала болжолдор боюнча 2024–2025-жылдардагы жаңы түшүм 900 миң тоннага жакын кант кызылчасын түзөт, бул 120 миң тоннага жакын кумшекер алууга мүмкүнчүлүк берет.
2026-жылдын январь–июль айларында Кыргызстанга 67 миң тоннага жакын кумшекер ташылып келген. 2025-жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 16 миң тоннадан ашкан. Импорттун көлөмү 50 миң тоннага же 4,06 эсе өскөн. Өлкөгө кумшекер негизинен Бразилиядан, Орусиядан, Азербайжандан, Казакстандан жана Беларустан импорттолот.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги 2026–2027-жылдары 84 миң тонна кумшекер өндүрүү планы коюлганын, бул импортко убактылуу тыюу салуу күчүндө турган мезгилдеги керектөөнү жаап, андан да ашарын кабарлады. (BTo)
Шерине