Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:22

Киевдин тургундарына мүмкүн болсо шаардан убактылуу чыга туруу сунушталды

Киев. 2026-жылдын 8-октябры. Орусиянын соккусунан кийинки куткаруу иштери.
Киев. 2026-жылдын 8-октябры. Орусиянын соккусунан кийинки куткаруу иштери.

Украинада борбор калаа Киевдин мэри Виталий Кличко Орусиянын аба чабуулдары күчөгөндүктөн шаар тургундарына башка аймактарда туугандары же жакындары болсо, убактылуу ошолордукуна бара турууну сунуштады.

AFP агенттигине курган маегинде Кличко соңку кезде Киевге сокку күчөп, турак жайлар кыйрап, каза болгондор менен жараат алгандар көбөйүп жатканын айтты.

Анын сөзүнө караганда, эгер орус соккулары суу менен камсыздоо системаларынын ишин үзгүлтүккө учуратса шаарда гуманитардык кризис жаралышы мүмкүн.

Ошол эле учурда Кличко Киевди толук эвакуациялоого чакырбай турганын белгиледи. Ал муну Орусиянын Украинадагы калкты ири шаарлардан кетүүгө мажбурлоо аракеттери менен байланыштырды.

Мэрдин айтымында, кышка даярдык көрүү максатында шаар бийлиги резервдик жылытуу системаларын түзүп, күйүүчү майдын, азык-түлүктүн жана ичүүчү суунун запасын камдоодо. Бирок ал абадан коргонуу системалары жетиштүү натыйжа көрсөтпөсө кырдаал татаалдашы мүмкүн экенин эскертти.

Сентябрдан бери Орусия Киевге чабуулдарын күчөткөнү кабарланууда. Соңку күндөрү Днепр дарыясынын эки жээгин байланыштырган көпүрөлөргө, ошондой эле энергетика, байланыш жана темир жол объектилерине да соккулар урула баштады.

Украин президенти Владимир Зеленский буга чейин Кремль жаңы сокку тактикасы аркылуу Киев жана башка ири шаарлардын тургундарын көчүп кетүүгө мажбурлоого аракет кылып жатканын билдирген.


Шерине

​
XS
SM
MD
LG