Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:22

Нобел тынчтык сыйлыгы БУУнун Адам укуктары боюнча мурдагы жогорку комиссары Нави Пиллэйге ыйгарылды

Нави Пиллэй. Архив
Нави Пиллэй. Архив

Быйылкы Нобел тынчтык сыйлыгы Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча мурдагы жогорку комиссары Нави Пиллэйге ыйгарылды.

9-октябрда Ослодо жарыяланган чечимде Пиллэй «тынчтыкты жана эл аралык укукту чыңдоого кошкон салымы үчүн» сыйлыкка татыганы белгиленди.

Быйыл сыйлыкка 208 адам жана 79 уюм көрсөтүлгөн. Алардын арасында АКШ президенти Дональд Трамп да болгону маалым.

85 жаштагы Пиллэй Түштүк Африка жумуриятында индиялык тамил тектүү үй-бүлөдө төрөлгөн. 2008-2014-жылдары БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары болуп иштеген.

Пиллэй буга чейин Түштүк Африканын Жогорку сотунун судьясы болуп эмгектенген. Бул кызматты аркалаган ак эмес улуттан чыккан алгачкы аял болгон. Ошондой эле ал Эл аралык кылмыш сотунда судья болуп иштеп, Руандадагы геноцид боюнча эл аралык трибуналдын төрайымы кызматын аркалаган.

2021-жылдан 2025-жылга чейин Пиллэй БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши түзгөн Палестина аймактарындагы абалды иликтөө боюнча көз карандысыз комиссияны жетектеген.

2025-жылдын сентябрында бул комиссия Газадагы согуштук аракеттерге байланыштуу Израилди геноцидге айыптаган. Пиллэй өзү Израилди курал менен камсыздоого чекит коюуга жана «адам өлтүрүүлөрдү токтотуу» үчүн басым көрсөтүүгө чакырган.

Комиссиянын ишмердиги жана Пиллэйдин позициясы Израилдин жана дагы бир катар өлкөлөрдүн сынына кабылган.

2025-жылы Нобел тынчтык сыйлыгы Венесуэланын оппозициялык саясатчысы Мария Корина Мачадого ыйгарылган. Ал сыйлыкты Венесуэла элинин демократиялык укуктарын коргоодогу аракети жана өлкөнүн диктатурадан демократияга тынч жол менен өтүшү үчүн күрөшү үчүн алган.

Январда Мачадо Нобел медалын АКШ президенти Дональд Трампка өткөрүп берип, муну Венесуэланын эркиндигин колдоодогу «өзгөчө берилгендигин таануунун белгиси» деп түшүндүргөн.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG