Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:27

Адылбек Касымалиев балыктын жеми боюнча талашка комментарий берди

Адылбек Касымалиев.
Адылбек Касымалиев.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстанга балыктын тоютун ташып келүүгө салынган тыюу жана балык чарбалары боюнча маалымат берди.

Өкмөт башчы бул тууралуу Фейсбуктагы расмий баракчасына пост жазып, өлкөдө 2026-жылдын 9 айында 5 500 тонна балык тоюту өндүрүлгөнүн, “Тянь-Шань форель”, “Салих ЛТД”, “Био жем” жана “Аква вин” ишканалары жылына 67-73 миң тонна балык тоютун чыгара аларын билдирди. Анын маалыматына караганда, “Тянь-Шань форелден” башка үч компаниядан 80-90дой балык чарбасы тоют сатып алып, жалпы инвестиция 15,83 млн долларды түзгөн. Бул ишканаларда жалпы 120 адам жумуш менен камсыз болгон.

“Тоюттун курамына келе турган болсок, анын 25% жергиликтүү кошулмалардан турат. Ага жүгөрү жана жүгөрү белогу, буудай уну, крахмал, минералдык кошулмалар кирет. Калган 75% импорттолгон кошулмалардан турат. Ага балык уну, соя майы жана шроту, астаксантин, амин кислоталары, премикстер кирет. Жыйынтыктап айтканда, жергиликтүү өндүрүш 2022-жылдагы 590 тоннадан 2026-жылдын 9 айында 5 500 тоннага чейин өскөн. Импорт 2022–2023-жылдары эң жогорку чекке жетип, 12,5–12,9 миң тоннаны түзгөн. Экспорттун 75% форель тоюту түзөт. Жергиликтүү жана сырттан келген балык тоюттарынан проба алып, Алматыга экспертизага жиберип, жыйынтыгын алдык. Эч кандай айырма аныкталган жок. Сапаты бирдей болуп чыкты”, - деди ал.

Адылбек Касымалиев “Кыргызстанда өндүрүлгөн жемдин сапаты начар деген жалган маалымат” экенин, жергиликтүү компаниялар өндүргөн балык жеми өлкөдөгү чарбалардын муктаждыктарын толук жаап, экспортко чыгарыларын кошумчалады. Ал мындан ары балыктын тоюту импорт болбой турганын айтып, балык өндүрүүчүлөрдү ата мекендик тоютту алууга чакырды.

Кыргыз өкмөтү ата мекендик ишкерлерди колдоо деген негизде сырттан балыктын жемин ташып келүүгө тыюу салган. Айрым балык чарбалары өлкөдө өндүрүлгөн жемдин сапаты начар экенин билдирип, андан балыктар өлүп жатканын айтып чыгышкан. (BTo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG