Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Борбор Азия аймагындагы сөз эркиндигинин жана журналисттердин коопсуздугунун абалына тынбай көз салып турарын 9-октябрда Бишкекте өткөн медиа конференцияда аталган уюмдун ЖМК эркиндиги боюнча өкүлү Ян Браату билдирди.
Өз сөзүндө ал журналисттердин кармалышы жана соттук териштирүүлөр тууралуу маселелер ЕККУга мүчө мамлекеттердин өкмөттөрү менен жолугушууларда дайыма көтөрүлүп келерин белгиледи. Уюм түрдүү себеп менен камакка алынган журналисттерди бошотуу, соттук териштирүүлөрдү мыйзамга ылайык жана ачык-айкын өткөрүү жагына көңүл бурарын айтты.
«Айрым журналисттер бошотулду, кээ бирлери дагы эле соттук териштирүүлөрдөн өтүп жатат. Биз бул маселелер боюнча ишти үзгүлтүксүз жүргүзүп, аларды дипломатиялык каналдар аркылуу чечүүгө аракет кылып жатабыз. Бул эң натыйжалуу жана конструктивдүү жолдордун бири», - деди Браату.
Конференция «Санарип доорунда маалыматтын ишенимдүүлүгү, медиа этикасы жана коомдук ишеним» деген темада өттү. Анда сөз эркиндиги, журналисттердин санариптик коопсуздугу, маалыматтын ишенимдүүлүгү жана жасалма интеллекттин медианын ишине тийгизген таасири талкууланды.
Иш-чарага Борбор Азия өлкөлөрүнүн журналисттери, медиа эксперттер, жарандык коомдун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Борбор Азия медиа конференциясын ЕККУнун ЖМК эркиндиги боюнча өкүлчүлүгү ушуну менен 26-жолу уюштуруп жатат.
Кыргызстанда соңку жылдары сөз эркиндиги жана журналисттердин ишмердүүлүгү боюнча түрдүү пикирлер айтылып келет. “Азаттык” 2020-жылдын ноябрь айынан бери социалдык түйүндөргө жазган билдирүүсү, бөлүшкөн маалыматы, жаcаган материалы үчүн суракка чакырылган, кылмыш жоопкерчилигине тартылган 50дөн ашык жарандын ишин тизмектеген. Башка басылмалар болсо пикири үчүн соңку төрт-беш жылда 140 киши камалып же куугунтукка алынганын эсептеп чыккан.
Эл аралык уюмдар бул иштер журналисттерге басым катары бааланарын билдирип келишсе, кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги сакталганын жана бардык чечимдер мыйзамдын негизинде кабыл алынып жатканын айтып келет. (KS).
Шерине