Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:20

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары жана экс-министр кармалганы кабарланды

Курванбек Авазов жана Каныбек Досмамбетов. Коллаж.
Курванбек Авазов жана Каныбек Досмамбетов. Коллаж.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Курванбек Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов кармалганы кабарланды. Бул тууралуу “Азаттыктын” ишенимдүү булактары билдирди.

Мурдагы чиновниктерди 9-октябрда Аскер прокуратурасы кармаганы айтылууда. Башкы прокуратура иштин чоо-жайы боюнча комментарий бере элек.

Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын февраль айында Камчыбек Ташиевди УКМКнын төрагасы кызматынан алгандан кийин Курванбек Авазовду да атайын кызматтын төрагасынын биринчи орун басары - Антитеррордук борбордун жетекчиси кызматынан бошоткон.

Каныбек Досмамбетов да февраль айында саламаттык сактоо министри кызматынан алынган. Ал ага чейин УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынынын жетекчиси, УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

Мурдагы чекисттердин жакындары кылмыш иши тууралуу комментарий бере элек. (BTo)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG