Кытай 2027-жылдан тартып автоунаа жана мотоцикл экспорттоо боюнча жаңы талаптарды киргизет. Өлкөнүн Соода министрлиги билдиргендей, экспорттук лицензия алуу үчүн өндүрүүчүлөр чет өлкөлөрдө тейлөө борборлору жана запастык бөлүктөр менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү бар экенин тастыкташы керек.
Жаңы тартипке ылайык, компаниялар тейлөө борборлору тууралуу келишимдерди, оңдоо иштерин жүргүзүү укугун ырастаган документтерди, жайлардын сүрөттөрүн, жабдуулар, запастык бөлүктөр жана кызматкерлер тууралуу маалыматтарды тапшырат.
Талап кылынган тейлөө борборлорунун саны өндүрүүчүнүн категориясына жараша белгиленет. Ири экспорттоочулар чет өлкөлөрдө кеминде 50 борбору бар экенин көрсөтүшү керек. Экинчи категориядагы компаниялар үчүн бул көрсөткүч кеминде 10 борборду түзөт.
Ошондой эле Кытай буга чейин колдонулуп келген айрым экспорттук схемаларды токтотот. Мурда кадимки жеңил автоунааны бир аз өзгөртүп, атайын кызматтык же окуу унаасы катары экспорттоого мүмкүн болчу. Эми чет өлкөгө чыгаруу үчүн алардын өндүрүүчүсүнүн расмий уруксаты талап кылынат. Завод чет өлкөдө оңдоо кызматын жана запастык бөлүктөрдү камсыздай турганын жазуу жүзүндө ырасташы керек.
Адистер жаңы эрежелер дароо чоң өзгөрүү алып келбейт деп эсептешет. Бирок узак мөөнөттө көз карандысыз экспорттоочулардын саны азайып, негизинен ири компаниялар жана автоөндүрүүчүлөр калары болжолдонууда.
Борбор Азия кытайлык автоунаа үчүн ири рынок бойдон калууда. Статистикалык маалыматтарга караганда, 2025-жылы Казакстанга, Өзбекстанга, Кыргызстанга жана Тажикстанга Кытайдан кеминде 330 миң жеңил автоунаа экспорттолгон. Алардын эң көбү Казакстанга жөнөтүлгөн. Айрым автоунаа коңшу өлкөлөргө кайра экспорттолуп жатканы белгиленет.
Шерине