ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:39

"700 миңдей орус аскери каза тапты". Росстаттын купуя маалыматы

Оккупацияланган Луганскиде орус аскерлерин жерге берүү. Украина, 2023-жыл
Оккупацияланган Луганскиде орус аскерлерин жерге берүү. Украина, 2023-жыл

Борбор Азия өлкөлөрү орус армиясы үчүн чет элдик жоокерлердин негизги булагына айланып калды. Согушта каза болгон чет өлкөлүктөрдүн басымдуу бөлүгү да ушул аймактын жарандары. Мындай жыйынтыкка Росстаттын ачыкка чыгып кеткен купуя маалыматтарын талдаган "Досье" басылмасы менен NEST Centre келишкен.

Ага ылайык, Орусия тарапта согушуп жүрүп каза болгон дээрлик 7 миң чет өлкөлүктүн 60 пайызга жакыны борборазиялыктар. Ал эми Meduza жана Mediazona басылмалары биргелешип даярдаган талдоодо дээрлик беш жылга созулган согушта 700 миңден ашуун орусиялык аскер каза болгону айтылат.

Meduza жана Mediazona буга чейин да негизинен мураскорлук иштерине байланышкан маалыматтардын негизинде орус армиясынын жоготууларын эсептеп келишкен. Алар Орусиянын мамлекеттик статистика кызматы - Росстаттын маалымат базасынан жакында ачыкка чыккан маалыматтардын негизинде жарым миллион адамдын каза болгону бышыкталганын, ошондой эле биринчи жолу дайынсыз жоголгондорду да санап чыгышканын билдиришти.

Сөз болгон маалыматтарды өздөрүн "Беларусь киберпартизандары" жана Silent Crow деп атаган хакердик топтор жарыялаган.

Жарадар болгон аскерлер боюнча эсептерди да кошкондо, Орусиянын жалпы жоготуулары 2 миллиондон ашышы мүмкүн. Бул көрсөткүч Москванын Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки бардык согуштарда тарткан жоготууларынан кыйла көп.

Жаңы эсептөөлөр Батыш өлкөлөрүнүн аскердик жана чалгын кызматтарынын ачык булактардагы баалоолоруна да жалпысынан туура келет.

Май айында Британиянын өкмөттүк байланыштарды көзөмөлдөө мекемеси майданда каза тапкан орусиялык аскерлердин саны 500 миңден ашканын билдирген.

Ал эми Нидерланддын аскердик чалгын кызматы өткөн айда жарыяланган жылдык баяндамасында 2025-жылдын аягына карата Орусиянын жалпы жоготуулары 1,2 миллион адамга жеткенин, анын ичинен 500 миңден ашууну каза болгонун белгилеген.

Орусия согушка тартуу үчүн ыктыярчыларды чоң айлык акы менен азгырып, алардын үй-бүлөлөрүнө ири компенсацияларды убада кылат. Ошондой эле согушка жөнөтүлгөндөрдүн арасында абактарда отургандар да олуттуу үлүштү түзөт.

Талдоочулар дайынсыз жоголгондор көп болгондуктан, каза болгондордун чыныгы саны мындан кыйла жогору болушу мүмкүн экенин белгилешет.

Эксперттер Борбор Азиядан барган жоокерлердин көп болушун эмгек мигранттарын алдап же кысым көрсөтүү аркылуу согушка тартуу көрүнүшү менен байланыштырышат. Мигранттарды депортация менен коркутуп, чоң айлык акы же Орусиянын жарандыгын убада кылышат.

Жакында эле Орусиядан “Азаттыкка” WhatsApp аркылуу байланышка өзүн Алибек деп тааныштырган жигит чыккан. Ал “тылда иштейсиң” деген сөзгө ишенип, келишим түзгөнүн, эми согушка жөнөтүлүү алдында турганын айткан.

Манас шаарынан Элистан Токтогуловдун окуясы тууралуу видео жарыялангандан кийин жакындарын согушка алдап же мажбурлап алып кетишкенин айтып, “Азаттыкка” кайрылгандар көбөйдү.

Ал эми кыргыз өкмөтү башка өлкөнүн аймагындагы аскердик аракеттерге катышкан жарандары кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертип келет.

Өз кезегинде Украина да Орусиянын баскынчылыгынан коргонууда чоң жоготууларга учурады. Киев бир нече жылдан бери бул тууралуу расмий маалымат жарыялай элек.

Ошентсе да АКШдагы Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун (CSIS) баасында, өлкөнүн жоготуулары, анын ичинде каза болгондор жана оор жаракат алгандар, болжол менен 600 миң адамга жеткен.

Украинанын калкы Орусияныкына караганда кыйла аз экенин эске алганда бул өтө чоң көрсөткүч болуп саналат.

Орусия фронттогу күчтөрүн айлык акы жана компенсациялар аркылуу толуктап келсе, Украина жаңы жоокерлерди тартууда кыйынчылыктарга туш болуп, мобилизациянын катаал ыкмалары эл арасындагы нааразылыкты күчөтүп жатат.

XS
SM
MD
LG