ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Орусия тарапта согушкан чет элдиктердин 11 миңинин өлүмү тастыкталганы маалымдалды

Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Орусиянын мамлекеттик статистика кызматынын (Росстат) маалыматтарына таянган Bloomberg агенттиги Украинадагы согушка катышкан чет элдик жарандардын арасынан кеминде 11 335и каза болгонун билдирди.

Маалыматта айтылгандай, сөз Орусиядан тышкары жерде төрөлгөн же башка мамлекеттин жарандыгын алган адамдар тууралуу болууда. Иликтөөдө алар согушка акчалай сыйлык убадасы, алдоо же мажбурлоо жолу менен тартылганы айтылат.

Каза болгондордун арасында Казакстандын жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары көп экени белгиленген. Ошондой эле мурда Украинанын оккупацияланган аймактарында жашаган миңдеген адамдар да согушка катышып, набыт кеткен.

Bloomberg белгилегендей, бул сан толук эмес болушу мүмкүн. Анткени дайынсыз жоголгондор, таанылбай калган сөөктөр жана документтери кийинчерээк катталган учурлар статистикага кирбей калган.

Иликтөөдө Орусия согушка дүйнөнүн дээрлик 100 өлкөсүнөн адамдарды тартканы айтылат. Акыркы жылдары Непал, Шри-Ланка, Кытай, Колумбия, Кения жана Нигерия сыяктуу мамлекеттердин жарандарынын арасындагы жоготуулар көбөйгөнү белгиленген.

Украинанын мамлекеттик "Жашагым келет" ("Хочу жить") долбоору 1-октябрга карата Орусия Украинага каршы согушка Борбор Азия мамлекеттеринен Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Тажикстандан 20 437 жаранды тартканын аныктаган. Алардын 2 219у кыргызстандык экени белгиленген.

“Хочу жить” долбоору былтыр ноябрда жарыялаган тизмеде согушка жалданып барган делген кыргызстандыктын 143ү окко учкан.

Кыргыз тектүүлөрдүн айрымдарында эки өлкөнүн, Кыргызстан жана Орусиянын паспорту бар экени белгилүү болгон.

Кыргызстандын Кылмыш-жазык кодексинин 256-беренесинде чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу же ага жалданма катары катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Муну кыргыз бийлиги буга чейин бир нече жолу эскертип, өз жарандарын башка өлкөдөгү согушка же аскердик конфликттерге катышпоого чакырган.

Буга чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроосуна жооп берип жатып Орусиядан Украинадагы согушка тартылган мигранттар эртерээк кайрылса аларды кайтарып алып келүү мүмкүн экенин билдирген.

Министр согуштан канча кыргызстандык кайтарылганын айткан эмес.

Кыргыз бийлигине кайрылып, бирок баласын, жакындарын согуштан кайтара албай убара тарткандар дагы бар.

XS
SM
MD
LG