ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Бишкекте курулуш компаниясынын жетекчиси алдамчылыкка шектелип кайра кармалды

Бишкек шаардык милициясы тараткан сүрөт.
Бишкек шаардык милициясы тараткан сүрөт.

Бишкек шаарында курулуш компаниясынын жетекчиси кайра кармалды. Шаардык ички иштер башкы башкармалыгы 12-ноябрда билдиргендей, жарандын арызынын негизинде ал алдамчылыкка айыпталууда.

“Арыз ээсинин айтымында, шектүү 2021-жылдын апрель айынан 2025-жылдын май айына чейинки мезгилде анын ишенимине кирип, борбор калаада курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен эки бөлмөлүү батир берүүнү убада кылуу менен 2 миллион 924 миң 986 сом өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алган. Кийинчерээк арыз ээсине үлүштүк курулуш келишимин башка курулуш компаниясына кайра тариздөө сунушталган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин убада кылынган батир берилген эмес жана келтирилген материалдык зыяндын орду толтурулган эмес”, - деп жазылган маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) менен кылмыш иши козголуп, Э.Н. кармалды. Сот анын бөгөт чарасын карап, Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизди.

Ишкердин кармалышы жана коюлган айып боюнча өзүнөн, жакындарынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Милиция берген инициал Нурлан Эшбаевдин ысымына туура келет. Ал буга чейин 2025-жылы да алдамчылыкка шектелип кармалган. Социалдык тармакта ал Brand house курулуш компаниясынын жетекчиси деп көрсөтүлгөн.

Ошол кезде жабырлануучулар курулуш компаниясы Бишкек мэриясынын мамлекеттик архитектурасынан уруксат берүүчү документтери жок туруп 2021–2024-жылдары үлүшчүлөрдөн көп суммадам акча алып, турак-жайды бүтүрүп бербегенин жазышкан.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри, буга чейин Мамлекеттик курулуш агенттигин жетектеген Нурдан Орунтаев жакында "Азаттыкка" маек курганда "Ханстрой" (Brand house) курулуш компаниясынын иши тууралуу да сөз болгон. Бишкекте бир эмес үч турак жай комплексин салып келатып, бирок беш жылдан бери курулуш иштерин бүтүрбөй жатканын айткан үлүшчүлөр президентке кайрылышкан.

​
XS
SM
MD
LG