ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:43

Киев: Башкы бутага айланган көпүрөлөр, эл түйшүгү жана өзгөргөн унаа түйүнү

Орусиянын соккусунан жабыркаган Киев көпүрөсү аркылуу өтүп бара жаткандар.
Орусиянын соккусунан жабыркаган Киев көпүрөсү аркылуу өтүп бара жаткандар.

Киев шаары. Жергиликтүү тургундардын бири эртең менен жумушка жетүү үчүн үч-төрт саат убактысы кетерин айтууда. Дагы бири алдыда оор күндөр күтүп турганын белгилеп, ошентсе да оптимисттик маанайды сактоого аракет кылып жатканын билдирди. Ал эми биз маектешкен бир айым жолдогу тыгындан жана коомдук транспорттун кармалып, кечигүүсүнөн улам мурдагыдан алда канча эрте ойгонууга аргасыз экенин кошумчалады.

Днепр дарыясы экиге бөлүп турган Украинанын борбору Киевдин эки жээгин жети автоунаа жана темир жол көпүрөсү байланыштырат. Бул көпүрөлөр шаардагы үч миллион калктын согуш шартында да жашоосун, иштөөсүн жана күнүмдүк турмушунун уланышын камсыздап келет.

Октябрь айынын башынан бери Орусия бул көпүрөлөргө соккуларды улам күчөтүп, ансыз да оор кышка камданып жаткан киевдиктердин түйшүгүн арттырды. Буга чейин орус армиясы Украинанын энергетикалык тутумун жана жылуулук берүүчү объектилерин бутага алгандыктан шаар тургундары кыштан кооптонуп жаткан.

Айрыкча ушул жумадагы чабуулдар катуу болуп, көпүрөлөр аркылуу кыймыл коомдук транспорт үчүн гана ачык калды. Азыр алардан автобустар жана метро поезддери гана өтүүдө.

20-ноябрда кезектеги соккудан эки көпүрө жабыркап, мэр Виталий Кличко алардын бирин толугу менен жабууга аргасыз болду. Кол салуудан кеминде сегиз адам каза тапты.

Шаардык жана мамлекеттик бийлик өкүлдөрү көпүрөлөрдүн бири же бир нечеси ракета же дрон чабуулдарынын натыйжасында таптакыр жарактан чыгып калса, анын ордун баса турган альтернативдүү жолдорду жана чечимдерди издеп жатышат.

"Көпүрөлөргө урулган тынымсыз чабуулдардан улам биз элдин каттоосу, калкты камсыздоо, өзгөчө кырдаал кызматтарынын иши жана коргонуу муктаждыктары үчүн альтернативдүү маршруттарды түзүп жатабыз. Жалпысынан 21 суу өтмөгүн куруу мерчемделүүдө», - деп билдирген Украинанын транспорт жана инфраструктура министри Николай Калашник 30-октябрда Telegram каналында.

Анын айтымында, бул багыттагы иштер борбор калаада башталып калды. Бирок көйгөйдү тез арада чечүүнүн оңой жолу жок.

Толук масштабдуу согуштун кесепеттерин дээрлик беш жылдан бери башынан өткөрүп келаткан киевдиктердин айрымдары шаар бийлиги дарыядан өтүү маселесинде жаралышы мүмкүн болгон тобокелдиктерге алдын ала даярдык көргөн эмес деп эсептешет.

"Согуш маалында мындай кырдаал жаралышы мүмкүн экенин да ойлошкон эмес", - деди өз аты-жөнүн атагысы келбеген киевдик аял «Азаттык» радиосунун украин кызматына.

Анын айтымында, бул жагдай шаар бийлигинин ишиндеги олуттуу кемчилик болуп калды.

"Согуш учурунда бизге жаңы сейил бактар эмес, адамдар жумушуна тоскоолдуксуз жетиши үчүн өнүккөн инфраструктура керек. Азыр эртең менен да, кечинде да жол жүрүү өзүнчө эле сыноого айланды", - деди ал.

Орусиянын чабуулунан кийинки оңдоо иштери.
Орусиянын чабуулунан кийинки оңдоо иштери.

Дарыянын эки жээгин бойлогон шаар

Днепр дарыясы өтө терең болбосо да кең келет. Украинада кышкысын суук катуу болсо дарыя көбүнчө тоңуп калат, бул, өз кезегинде, инженердик көйгөйлөрдү дагы күчөтөт. Мындан тышкары, дарыянын үстүнөн өткөн көпүрөлөр көп болгону менен, анын жээктерине автоунаа же коомдук транспорт менен жетүү мүмкүнчүлүгү чектелүү.

Сунуштардын бири катары дарыядан өтүү үчүн калкып жүрүүчү понтон көпүрөлөрдү куруу каралууда.

Бирок мындай долбоорду ишке ашыруу үчүн көпүрөлөрдү жээкке бекитүүгө ылайыкталган атайын жээк курулмаларын салуу талап кылынат.

Көпүрө жана транспорттук туннелдер боюнча инженер Анна Минюкованын айтымында, айрым жерлерде даярдык иштери башталганы менен дарыянын агымы кум жана таштын бир бөлүгүн жууп кеткен.

"Бул иштерди тездетүү максатында толук долбоорлоосуз, жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жүргүзүп жатышат. Эки-үч айдын ичинде бүтүрөбүз деген мөөнөттөр, соңку маалыматтардагыдай февралда пайдаланууга берилет деген божомолдор реалдуу эмес. Анткени керектүү материалдардын айрымдары чет өлкөлөрдөн алынып келинет", - деди ал.

Бийлик өкүлдөрү адамдарды дарыянын бир жээгинен экинчисине ташуу үчүн ылдам жүрүүчү атайын кемелерди пайдалануу мүмкүнчүлүгүн да талкуулап жатышат.

Бирок понтон көпүрөлөр сыяктуу эле бул долбоор да жаңы инфраструктураны курууну талап кылат. Маселен, атайын пирстерди жана кирүүчү жолдорду салуу керек болот. Мындан тышкары, анда кемелер азыркы көпүрөлөр аркылуу өткөн жүргүнчүлөрдүн аз гана бөлүгүн ташый алат. Ар бир кеме болжол менен 80 жүргүнчүгө ылайыкталган.

Транспорт тармагындагы адис Дмитрий Беспаловдун айтымында, совет мезгилинде чыгарылган суу астындагы канаттуу кемелер күйүүчү майды өтө көп сарптаганы менен белгилүү. Алар суу алдындагы «канаттарына» көтөрүлгөндө гана жогорку ылдамдыкта жүрө алышат.

"Бул кемелер суу алдындагы канаттарына көтөрүлүп, ылдамдык топтой алат. Бирок ошол учурда күйүүчү майдын чыгымы өтө көбөйүп, экономикалык жактан өзүн актабай калат. Жаңылышпасам, алардын айрымдары саатына болжол менен 120 литр дизелдик күйүүчү май коротот деп айтылып жүрчү", - деди ал.

Киев. Орусиянын реактивдүү дрон чабуулунан улам жаралган унаа тыгыны.
Киев. Орусиянын реактивдүү дрон чабуулунан улам жаралган унаа тыгыны.

Көпүрөбү же туннелби?

Дагы бир талкууланып жаткан вариант бар. Ал - Днепр дарыясынын астынан туннель куруу.

Бийлик өкүлдөрү дарыянын түбү аркылуу бир же бир нече туннель өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууда. Киевдин совет доорунда курулган метросу өтө өнүккөн системага ээ. Анын эки линиясы шаардын калкынын жарымынан көбү жашаган сол жээкке, башкача айтканда, чыгыш тарабына каттайт.

Бирок бул линиялардагы метро поезддери Днепрди туннель аркылуу эмес, көпүрөлөр аркылуу кесип өтөт.

Азырынча туннель куруу үчүн беш мүмкүн болгон жер аныкталып, аты аталбаган америкалык компания украин бийлиги менен бул долбоорго кызыгуусун билдирген.

Бирок мындай долбоордун башкы көйгөйү чыгымда гана эмес. Туннелди долбоорлоо, инженердик иштерди жүргүзүү жана куруу бир нече жылды талап кылат.

Согуштан жабыркаган аймактарды калыбына келтирүүгө көмөктөшкөн «Калыбына келтирүү кайраты» кайрымдуулук уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири Виталий Селиктин айтымында, эң ыңгайлуу шарттарда да курулуш үч жылдан алты жылга чейин созулушу мүмкүн.

«Бул үчүн туруктуу каржылоо жана коопсуздук жаатындагы жагдай салыштырмалуу туруктуу болушу керек. Ошондо гана үч жылдан алты жылга чейинки мөөнөт тууралуу айтууга болот», - деди ал.

Селиктин айтымында, туннель куруу үчүн Днепрдин эки жээгинде тең ири курулуш аянтчалары керек болот.

«Оң жана сол жээктерде космостан көрүнгүдөй чоң курулуш аянттары түзүлүшү зарыл. Үзгүлтүксүз аткылоого кабылган жерде куруучулар иштөөгө макул болобу?» - деп суроо салды ал.

Транспорт маселелери боюнча адис Дмитрий Беспалов болсо туннель тууралуу демилгеден күмөн санайт.

«Балким, бул душманды адаштыруу үчүн ойлонулган аскердик айладыр. Бирок туннель куруу бүгүнкү көйгөйлөрдү чечүүгө жардам бербейт. Борбордук Европада мындай объекттерди куруу адатта беш жылдан он жылга чейин убакытты талап кылат», - деди ал.

Октябрдын башында Орусиянын реактивдүү дрону Киевдеги көпүрөлөрдүн бирине сокку урду.
Октябрдын башында Орусиянын реактивдүү дрону Киевдеги көпүрөлөрдүн бирине сокку урду.

Жол тыгындарынан, ошондой эле метро менен автобустардын жүргүнчүгө жык толушунан тажаган киевдиктердин көбү көпүрөлөрдөн жөн эле жөө өтүп калышты. Айрымдары үчүн бул убакытты да үнөмдөйт.

Өзүн Сергей деп тааныштырган тургун эми дарыядан өтүп убара болбош үчүн Днепрдин чыгыш жээгиндеги райондордон жумуш издеп жатканын айтты.

«Оозумду жаман сөз айтып булгагым келбейт, бирок азыр Путинди эстеп жатам», - деди ал орус президенти тууралуу.

Иштен кийин үйүнө жөө кайтып бараткан дагы бир тургун эгер кыш өтө суук болсо, каттоонун андан да кызык жолун табарын айтты.

«Баш калкалоочу жайдан эки хаски алып, аларга чанага арналган жабдык таап алам. Анан ошолор менен Днепрден өтөм», - деди ал.

Макаланын түп нускасы бул жерде

Авторлору: Borys Sachalkoа жана Daryna Kolomiyets

XS
SM
MD
LG