ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:30

Крым көпүрөсүндөгү жабыркоонун спутниктен тартылган жаңы сүрөтү жарыяланды

Керч булуңундагы көпүрөнүн 2026-жылдын 19-ноябрында тартылган сүрөтү.
Керч булуңундагы көпүрөнүн 2026-жылдын 19-ноябрында тартылган сүрөтү.

"Свобода" радиосу ("Эркин Европа/Азаттык" радиосунун орус кызматы) Керч булуңу аркылуу өтүүчү көпүрөнүн Украинанын 17, 18 жана 19-ноябрдагы катары менен урулган соккуларынан кийин зыянга учураган жери тартылган түстүү жаңы сүрөт жарыялады.

Спутниктер тартылган сүрөттөн темир жол тилкеси кеминде үч жерден катуу жабыркаганын көрүүгө болот.

19-ноябрга караган түнкү соккудан кийин темир жол кыймылы кайрадан токтотулган.

Украин президенти Владимир Зеленский 19-ноябрдагы кайрылуусунда Керч булуңундагы көпүрөсүнө жасалган чабуулду Киевдеги көпүрөлөргө соккулар үчүн жооп деп атаган. Ал эми Орусия президенти Владимир Путин орус тарап Керчтеги көпүрөнү аскердик максатта колдонбогонун айтып, "Украина үчүн алда канча оорураак" жооп болорун белгиледи.

XS
SM
MD
LG