Видео чыккандан кийин бизге “айлант менен уксус дарагы эки башка түр, силер жаңылышасыңар” деп жазгандар болду. Айрым окурмандарыбыз бул дарактан кутула албай жатканына даттанса, башкалары "бул сумах" дешип, кастарлап эгип, сугарса да өнбөй койгонун айтышууда. Мына ушул себептүү эколог Ормон Султангазы айлант менен уксус дарагынын (сумах) айырмасын айтып берет. Муну менен катар эл арасында сасык дарак аталган айлант Кыргызстандын флорасына кандай коркунуч туудуруп жатканына кеңири токтолобуз.
"Уксус дарагы айлант эмес"
- Ормон мырза, өткөндө маегиңиз чыккандан кийин айрым адистер уксус дарагы менен айлант эки башка өсүмдүк экенин айтышты. Тактоо иретинде өзүңүздөн сурасак, экөөнүн айырмачылыгы эмнеде?
- Уксус дарагы деген - бул сумах, кээде аны жалбырагына карап бугу мүйүзү деп да атап коюшат. Айланттай зыяндуу эмес. Шаарларды көрктөндүрүү максатында отургузулат.
Эки даракты сөңгөгүнөн айырмаласа болот. Айланттыкы ачык түстө, жылмакай келет. Сумахтын сөңгөгү күрөң тартып, түкчөлөрү бар.
Айланттан айырмаланып уксус дарагы жапыз келип, ашып кетсе 5-6 метрге чейин өсөт. Айлант шарты жакшы болсо 40-50 метрге чейин жетет.
Дагы бир айырмасы - сумахтын бутагы бекем, сөңгөктөн оңой менен ажырабайт. Ал эми айланттыкы морт болгондуктан кол тийсе эле сөңгөктөн ажырап кетет.
Айланттын жалбырактары жазы, чекеси сыйда болот. Күзүндө өңүн өзгөртпөй эле куурап калат. Уксус дарагынын (сумах) жалбырагы ичке, чекеси быдыракай келет. Күзүндө кызыл-сары түскө боёлот. Ошол себептүү аны шаарларга көрк берсин деп тигишет.
Уксус дарагын көрүп жатасыздар, жалбырагы саргайып, кызарып бара жатат. Негизги өзгөчөлүгү өйдө жагында кызыл урукчасы бар. Ушундан билсеңиздер болот.
Мунун жанында өсүп турган айланттын кызыл гүлү жок, бирок уругу аябай көп. Илимий маалыматтарга таянсак, бир дарак 350 миңдей урук чачат.
Эң башкысы айлант жаз-жай айларында сасык жыт бөлүп чыгарат. Сумахтын жыты жок.
Бишкектин шартында көп дарактар өсө албайт. Сары топурактуу келгендиктен көп көчөттөр, ошол эле уксус дарагы же сумах камкордукту талап кылат. Айлантка андай камкордуктун кереги жок. 350 миңлей уруктун 35 миңи эле өнсө, ошол аймакты каптап кетет.
Албетте, көлөкө берет, бирок андан башка пайдасы деле жок. Ошон үчүн буларды азыр тазалап, ордуна башка дарактардын көчөтүн эгиш керек.
- Сиз өткөндө сасык дарак чыккан жерге башка өсүмдүктөр өспөй калат, топуракты уулайт дедиңиз эле. Кантип ууларын түшүндүрүп бересизби?
- Жаратылышта айрым өсүмдүктөр уулуу зат бөлүп чыгарат. Айлант алардын бири. Тамырынан, жалбырагынан бөлүнүп чыккан айлантол топуракты уулап таштайт. Бара-бара ал жерге башка өсүмдүктөр чыкпай калышы мүмкүн.
Жазында гүлдөгөндө абдан начар жыт чыгарат дебедимби. Ошол себептүү тегерегине жаныбарлар байырлап, бутагына чымчыктар уя салбайт. Топуракка химиялык затын бөлгөндүктөн ал жерге курт-кумурска, сөөлжан дагы жолобойт.
- Айлант Кыргызстандын аймагына кантип тарап кетти, ким алып келген деген суроо туулат?
- Айланттын мекени - Кытай. Менимче, бизге Орусия тараптан келген. Балким шаарды жашылдандыруу үчүн алып келишкен. Азыр Тарых музейинин алдында 50-60 жылдык айланттар өсүп турат. Менин божомолумда алар союз учурунда отургузулган да, ошол жерден Кыргызстандын бүт аймагына тарап кеткен. Видео чыккандан кийин эл айтып жатпайбы, бул азыр Таш-Көмүр, Баткен, Таласка чейин жеткен.
- Бирок ушул жерден бир суроо туулат: эгер айлант Кыргызстанга союз маалында эле алып келинсе, эмне үчүн акыркы беш-он жылда гана Бишкекти каптай баштады? Буга эмне себеп болду?
- Менимче, бул жерде бир канча фактор бар. Климат өзгөрүп жатат. Булар ысыкка, кургакка чыдамдуу келет, табигый зыянкечтери, оорусу жок. Ошон үчүн тездик менен көбөйүп жатат. Мурда байкалчу эмес. Азыр башка бактар ооруп, ысыктан куурап жатканда даана көрүнө баштады.
Эми буларды жок кылуу үчүн көп акча талап кылынат. Америкага 1700-жылдары жашылдандыруу үчүн алып барып тигишкен экен. Кийин чектен чыгып кетип, алар азыр айлант менен күрөшкөнгө көп каражат сарпташууда. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө, Орусияда бул карантиндик өсүмдүктөрдүн катарына кирет, андай болгон соң көчөгө да, короого да отургузууга уруксат берилбейт.
- “Азаттыктын” видеосу чыккандан кийин короосундагы айлант кыйылып, дүмүрүн өрттөгөнгө карабай кайра чыгып, экинчиден аллергия кылып жатканына даттангандар болду. "Кантип жок кылса болот?" деп кеп-кеңеш сурап жатышат.
- Жазында гүлдөгөндө кээ бир адамдар жытынан аллергия болот. Менимче, механикалык жол менен эле жок кылуу туура. Кыйганда тамыры калат да, аны дагы казып салыш керек. Химиялык ыкманы колдонсок, топуракты булгап алышыбыз мүмкүн. Ал жердеги башка курт-кумурскаларды, микроорганизмдерди өлтүрүп алабыз. Ошон үчүн механикалык жол менен алып, отун катары колдонуп, чоңоюп кете электе казып салуу керек.
Талаада, токойдо өсүп жаткандарды ишембилик өткөрүп, элдин жардамы менен тазалаш керек. Бир эле жыл менен токтоп калбай, кийинки жылы дагы ошол жерди тазалаш керек. Анткени уругу түшкөн эле жерге чыгат. Азыр чара көрбөсөк, кийин кеч болуп калат.
Мэрия кандай чара көрөт?
Өткөн видеобузда “Бишкек жашыл курулуш” мекемесинин жетекчиси борбор калаага Гареев атындагы ботаникалык бактын адистери сунуштаган гана көчөттөр отургузуларын алардын арасында айлант жок экенин билдирген.
Бирок токой боюнча адис Ормон Султангазы Улуттук илимдер академиясынын Биология институту 2025-жылы чыккан “Кыргызстандын тирүү жаратылышын изилдөө” деген каталогунда айлант Бишкекке сунушталган бак-дарактардын тизмесине киргенин айтууда.
"Бат өсөт, топурак тандабайт дешсе керек. Бирок аны жоготуш керек. Ошол айланттар кыйылганда Бишкек канчалык жашыл шаар экени көрүнөт", - дейт эколог.
Биз бул маселе боюнча “Бишкек жашыл курулушка” кайрылганда мекеменин агроному Жаныбек Жумалиев мындай түшүндүрмө берди:
“Эми муну кайсы жерге сунушташы мүмкүн? Жер көчкү жүргөн жерлер бар да, ошол жактарга алып барып отургузушат. Шаар ичине отургузууга болбойт. Эрозия болуп жер көчкөнгө тамыры кубаттуу болгону үчүн кыртышты кармоону сунушташат”.
Жаныбек Жумалиев муну менен катар борбор калаадагы айланттар негизинен жеке үйлөрдүн жана мекемелердин алдында өсүп, уругу аркылуу башка жактарга жайылып жатканын айтууда.
“Бишкек жашыл курулуш” мекемеси тротуарга чейинки жерлерди карайбыз. Ал биздин милдетибиз. Мен көп байкайм, үйлөрдүн, муниципалдык мекемелердин астынан көрүп калсак алып салууну сунуштайбыз. Анткени павлония менен айланттын тамыры ирригациялык түтүктөрдү жарышат. Кыркып койсо тамыры күчтөнүп, төрт-бешөө өсүп чыгышы мүмкүн. Кээ бир адамдар тамдын түбүнө чыкса, өсө берсин деп ойлойт. Бирок бул пайдубалды жарып кетет”, - деди “Бишкек жашыл курулуш” мекемесинин аграному Жаныбек Жумалиев.
Жумалиев айлантты короосуна же эшик алдына отургузуп алгандарга “Бишкек жашыл курулуш” айып пул салып, жоопкерчиликке тартып чара көрө албасын кошумчалады.
Мекеме айлант маселесин чечүү үчүн кийинки жылдары Ботаникалык бак менен кеңешип, сунуштама жазууга даярдык көрүүдө.
Муну менен катар тургундарга чет өлкөдөн өз алдынча урук же көчөт алып келбөөнү, көрктөндүрүү ишинде адистер менен кеңешип иш кылууну эскертет.
Ачык булактардагы маалыматтарда айлантты аннексияланган Крым жарым аралына 1812-жылы алып келишкени, совет доорунда бул өсүмдүктөн ангинага каршы “Ангиноль” дарысы жасалып, кийин өндүрүштөн алынганын окууга болот. Кыргызстанда тилекке каршы, айлант же фармацевтикада, же өндүрүштө колдонулбайт. Адистер табиятта сасык даракты жеген зыянкечтер же ага туруштук бергенге жергиликтүү өсүмдүктөрдүн иммунитети жок болгондуктан өлкө аймактарына тездик менен жайылып жатканына тынчсызданышууда.
Шерине