Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинде бак-дарактарды коргоо жана жашылдандыруу боюнча мыйзам долбоору каралууда. Демилгечилердин бири, депутат Дастан Бекешевдин айтымында, жаңы долбоордо бир даракты кыйгандарга жаңы беш көчөт отургузуу милдети коюлат.
“Экинчиден, жергиликтүү органдарга бак-дарактарды инвентаризациядан өткөрүп, электрондук база түзүү тапшырмасын жүктөйбүз. Бул норма жөн эле ойдон чыгарылган эмес. Өкмөт да жашылдандыруу боюнча атайын программасын бекиткен. Анда да 2031-жылга чейин жергиликтүү бийликтер да ушундай маалыматтык тутумду иштеп чыксын деп жазылган. Ар бир адамга кеминде 14 чарчы метр жашыл аймак туш келиши керек. Мурда бул ченем 22 чарчы метр болчу, тилекке каршы, биз ал шартка кайта албайт экенбиз”, - деди Бекешев.
Долбоордо курулуш иштери жүрө турган аймактагы бак-дарактар кыйыла турган болсо, курулуш компаниясы анын ордуна отургузган көчөттөрүн үч жылга чейин өзү карашы керек деген талапты киргизүү каралган. Мындан тышкары сугаруу, ирригациялык инфратүзүмгө зыян келтиргендерди да жоопко тартуу сунушталууда.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Мусаев мыйзам долбооруна аткаруу бийлигинин каршылыгы жоктугун, айрым жагдайларды тактоо зарылдыгын белгиледи.
Бишкекте акыркы жылдары көчөлөрдү кеңейтүү максатында жол жээгиндеги бактарды кыюу арбыганын экологдор сындап келишет. "Арча демилгеси" коомдук фонду 2024-жылы Бишкек шаарындагы 250 миңдей түп бак-дарак Бишкектин аянтынын 10% да түзбөсүн изилдеп чыккан.
Бишкек мэриясы Чыңгыз Айтматов проспектинин боюндагы теректерди кыюуну ордуна жаш бак отургузуу максаты менен түшүндүргөн. Мэрия муну дарактардын айрымдарына 50-60 жыл болуп, алар картайып, кооптуу болуп калганын жүйө кылган. Иш жүзүндө аталган проспекттеги кыйылган бактардын орду жолду кеңейтүүгө алынган.
Шерине