16-июнда журналисттер менен сүйлөшүп жатып Трамп Орусия согушту токтотуу боюнча макулдашууга барышы керек экенин айтты.
Ошондой эле ал Украинадагы согуш анын тышкы саясаттагы артыкчылыктуу маселелеринин катарына кайра кириши мүмкүн экенин кыйытты.
АКШнын Украинадагы согуш боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнө ортомчу болуу аракети акыркы айларда дээрлик токтоп калган.
Айрыкча АКШ менен Израилдин соккуларынан кийин башталган Ирандагы жаңжал Вашингтондун көңүл борборуна айланган болчу.
Бирок Трамп Иран менен Вашингтондун ортосунда макулдашуу жетишилгенин жарыялангандан кийин кырдаал өзгөрүшү мүмкүн экенин ишара кылды.
"Иран азыр арткы күзгүдөгү көрүнүш сыяктуу болуп калды", – деген мааниде сүйлөгөн Дональд Трамп Вашингтондун көңүлү кайра Украинадагы согушка бурулушу мүмкүн экенин белгиледи.
"Биз Иранга көңүл буруп жатканбыз. Эми ал артта калды. Колумдан келгендин баарын кылгым келет", – деген Трамп 16-июнда Владимир Зеленский менен дагы бир жолу жолугарын билдирди.
Буга чейин Зеленский G7 саммитинин лидерлери, анын ичинде Трамп менен жолугушуу учурунда аларга түнкү өрттү чагылдырган сүрөттү көрсөткөн.
Ал сүрөттө Киевдеги ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Киев-Печерск лаврасына жасалган соккунун кесепеттери тартылган болушу мүмкүн.
Жолугушуудан кийин Владимир Зеленский Х социалдык тармагындагы баракчасына:
"Негизги максат Украинанын абадан коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү жана Орусияны согушту токтотууга мажбурлай турган дипломатиялык аракеттерди илгерилетүү. Тынчтык керек", – деп жазды.
Зеленский эл аралык жолугушууларда орус чабуулдарынын жана алардын кесепеттеринин сүрөттөрүн байма-бай көрсөтүп келет.
Киев-Печерск лаврасына жасалган сокку дүйнө жүзүндө сынга кабылып, согуштун жакын арада аяктай турган белгиси жок экенин дагы бир жолу көрсөттү.
Ошол эле учурда Орусиянын Украинанын жарандык объектилерине каршы аба соккулары уланууда.
Бул арада Украина да жооп иретинде соккуларды күчөтүүдө. Айрыкча орус мунай иштетүүчү заводдоруна алыс аралыктагы дрондор менен чабуул жасоо өнөктүгүн улантып жатат.
"Чоң жетинин" саммити башталар алдында Москвага жакын жайгашкан мунай иштетүүчү заводго дагы сокку урулду.
Украин тараптын маалыматына караганда, бул ишкана борбор калаа керектеген күйүүчү майдын болжол менен 40% камсыздайт.
Фронттогу кырдаал жана Британиянын санкциялары
Фронттогу кырдаалга келсек, орус күчтөрү акыркы мезгилде олуттуу жылышка жетише алган жок.
Саммиттин алдында Bloomberg агенттиги АКШнын өнөктөштөрү Трампты Украина азыр демилгени өз колуна алганына ынандырууга аракет кылып жатканын жазган.
Трамп журналисттерге билдирүү жасап жаткан маалда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков АКШнын өкүлдөрү Стив Уиткофф менен Жаред Кушнердин Москвага сапары азырынча пландалбаганын билдирди.
Уиткофф менен Кушнер акыркы айларда Орусиянын борборуна бир нече жолу барышкан, бирок Киевге эч качан барышкан эмес.
Дипломатиялык жана экономикалык багытта Украина дагы айрым ийгиликтерге жетишүүдө.
Алардын эң маанилүүсү – 15-июнда өлкөнүн Евробиримдикке кошулуу боюнча расмий сүйлөшүүлөрүнүн башталышы болду.
G7 саммитинин жүрүшүндө Британиянын премьер-министри Кир Стармер Х социалдык тармагындагы баракчасында Киев-Печерск лаврасына жасалган соккуну "үрөй учурган көрүнүш" деп атады.
"Мындай чабуулдардан улам мен Орусиянын согуш экономикасын колдоп жаткан кемелерге, каржылык булактарга жана ага катышкан адамдарга каршы санкцияларды жарыяладым. Бул чаралар Европанын коопсуздугуна да коркунуч жаратып жаткан аракеттерге каршы багытталган", – деп айтты ал.
Стармер жаңы санкцияларды G7 саммитине тушташ жарыялаган.
Мунун алдында, 14-июнда британ бийлиги алгачкы жолу Орусиянын "көмүскө флотуна" кирет деп эсептелген мунай танкерин кармаган.
Камерундун желеги менен бараткан «Смиртос» деп аталган танкер азыр Улуу Британиянын аймактык сууларында кармалып турат.
Кеменин капитаны 16-июнда британ сотуна жеткирилмек. Ал санкцияларга кабылган орус мунайын ташыган деген айып менен 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Шерине