Москва жана Москва облусу 17-майга караган түнү дрондордун буга чейин болуп көрбөгөндөй ири соккусуна дуушар болду.
Согуш башталгандан бери мынча көп сандагы учкучсуз аппарат Орусиянын баш калаасын бутага ала элек болчу. Аба чабуул ал жактагы кыргызстандык мекендештерди да чочулатты.
"Эмне болду?” деп эсти жыйганча экинчиси жарылгандай болду. Терезелер күбүлүп түшчүдөй солкулдап, машиналардын сигнализациялары иштеп кетти. Андан кийин дагы эки жолу болду. Терезелер титиреп жатты. Биз тарапка тийген жок. Ушундай учурда, албетте, коркосуң. “Биздин үйгө тийсе эмне болот?” деп ойлойсуң. Анан “Кудай сактасын” деп жүрө бересиң. Үнү чындыгында абдан катуу угулат экен. Коркунуч болот. Кыргыздар жабыркабаганы үчүн бир аз көңүл тынч болду", - деди Москва шаарында турган Таалайкүл.
Москванын мэри Сергей Собянин билдиргендей, бир сутка ичинде борбор калаага 120дан ашуун дрон менен чабуул коюлду.
Маалыматка караганда, үч адам каза болуп, дагы 17 киши жараат алды. Бир нече көп кабаттуу үйгө зыян келтирилди. Дрондордун бири кыргызстандык Арген жашаган үйдүн жанындагы көп кабаттуу турак жайга тийген.
"Бул биринчи жолу эмес, дрондор буга чейин да түшүп келген. Кээде бир айда бир жолу болуп калат окшойт. Буга чейин көбүнчө алысыраак жактарга түшчү. Бул жолу болжол менен 20 кабаттуу үйгө тийди. Негизи бийик үйлөргө көп түшүп жатат. Эми бул жакта окуп, иштеп жүргөндөн кийин баарына көнүп да калат экенсиң", - дейт Арген.
Орус бийлиги украин дрондору сокку урган жерлер тууралуу маалыматты жашырууда. Өткөн аптада москвалыктарга чабуулдардан кийинки сүрөттөрдү жана видеолорду жарыялоого тыюу салганына карабай, журналисттер Москвадагы мунай иштетүүчү завод жабыркаганын аныктай алышты.
Украин президенти Владимир Зеленский бул чабуулду өлкөсүнө урулган акыркы соккуларга “адилеттүү жооп” деп атады.
“Бул жолу бутага алынган жайларга чейинки аралык 500 чакырымдан ашты. Бул абдан маанилүү, анткени Москва облусу Орусиянын абадан коргонуу системалары эң көп жайгашкан аймак. Алар өз бийлигинин борборун эң катуу коргойт. Бирок! Бирок, Украинанын алыстан сокку уруучу мүмкүнчүлүктөрү муну да жеңе баштады", - деди украин лидери.
"Москва согуштун чыныгы реалдуулугун сезе баштады”
Орусиянын баш калаасына урулган соңку соккулардан кийин көптөрдү түйшөлткөн эки гана суроо бар. Биринчиси - украин дрондору Москваны курчап турган абадан коргонуу системаларынын жана радиоэлектрондук күрөш каражаттарынын бир нече “шакегинен” же айлампасынан кантип өтө алды? Экинчиси, кандай дрондор чабуулда колдонулду?
“Азаттыктын” орус кызматынын журналисттери бул чабуулдарда Украинанын FirePoint компаниясы чыгарган жаңы FP-1 камикадзе-дрондору колдонулган болушу мүмкүн деп боолгошот. Бул компания Украинанын жаңы “Фламинго” канаттуу ракеталарын, ошондой эле согуштук бөлүгү 60 килограммга жеткен реактивдүү “дрон-ракеталарды” - “Барс” системасын чыгарат. Бул өндүрүштү Германия бир жыл мурда жарым-жартылай каржылоого убада берген.
"Настоящее Время" телеканалы украин дрондорунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү тууралуу Украинанын Коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери, Украинанын келечек институтунун эксперти Иван Ступак менен маектешти. Ал Москвада жана Москва облусуна ошол түнү байланыш менен мобилдик интернет өчүрүлгөнүнө карабай сокку жасалганын белгиледи.
Ступак Украинанын дрон программасында иштеген кызматкерлерге таянып, алар Москвага анда-санда сокку уруу менен учкучсуз аппараттарын сыноодон өткөрүп жатканын айтты.
"Москва айланасында үч-төрт шакектен турган абадан коргонуу системасы бар экенин так түшүнөбүз. Аларды бузуп өтүү абдан кыйын, мындан тышкары радиоэлектрондук күрөш системалары да бар. Биз иштеп чыккан жаңы технологияларды учуруп көрүп, текшерип, өзгөртүп, кайра сыноодон өткөрүп жатабыз дешкен. Экинчиси - Орусиянын командачылыгы Москва өтө жакшы корголгон шаар экенине ишенип калбашы керек. Алар Москвадан абадан коргонуу каражаттарын алып чыгып, мисалы, Таганрогго, Ростовго, Брянскиге же Белгородго жөнөтө алабыз деп ойлобошу керек".
Ступак кошумчалагандай, Украинанын дрон иштеп чыгуу жана өндүрүү системасы жаңы деңгээлге чыкты. Бул Москванын айланасында жайгашкан, Орусиядагы эң ири абадан коргонуу системалары топтолгон көп катмарлуу коргонуу тилкелерин бузуп өтүүгө мүмкүнчүлүк берди.
"Бирок мунун дагы бир максаты бар. Ал Москванын жөнөкөй тургундарына согуш YouTube’дагы же телевизордогу эле көрүнүш эмес экенин көрсөтүү. Эми коопсуз аймак деген түшүнүк жок. Эми силер да фронт аймагында жашап жатасыңар. Белгород, Брянск жана Курск мунун баарын буга чейин эле башынан өткөргөн, бирок бул тууралуу көп айтууга аракет кылышкан эмес. Эми болсо Москва согушту жон териси менен сезе баштады”, - дейт эксперт.
Ступактын айтымында, алдыда Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна, газ жана мунай инфраструктурасына, энергетикалык объектилерине каршы жаңы чабуулдар болушу мүмкүн.
"Максатыбыз Москваны алсыратуу"
Жер алдындагы командалык пункттан Украинанын учкучсуз системалар күчтөрүнүн командачысы, “Мадяр” деген ат менен белгилүү Роберт Бровди Орусиянын аймагына урулган соккуларды кылдат пландап келет. Ал бул чабуулдар орус күчтөрүнүн Украинага негизсиз бастырып киришине жооп катары көрөт.
"Франc-пресс" агенттигине курган эксклюзивдүү маегинде Мадяр Украинанын алыстан жасалган соккулары Орусиянын коргонуу өнөр жайын жана мунай объектилерин бутага алып жатканын айтты.
“Анткени алар мунай сатуудан түшкөн каражатты согуштук техника чыгарууга жумшап, Украинанын жайкын тургундарын, шаарларын жана инфраструктурасын жок кылууну улантып жатат. Ошондой эле фронтко басым жасап, украин жеринин дагы аймактарын басып алууга аракет кылышууда”, - дейт ал.
Акыркы айларда Украина Орусиянын алыскы аймактарына чейин сокку ура баштады. Мадяр кошумчалагандай, украин күчтөрү 2025-жылдын декабрынан тарта Орусиянын абадан коргонуу системаларын бутага алууну артыкчылыктуу багытка айланткан.
"Ошондуктан алар басып алуучу өлкөнүн аймагынын кайсы гана бөлүгүндө болбосун - түштүктөбү, Уралдабы же Сибирдеби - мыйзамдуу жана артыкчылыктуу аскерий бутага айланат. Күйүүчү-энергетикалык сектордун объектилери, терминалдар, мунай жана мунай иштетүүчү комплекстер, газ иштетүүчү комплекстер, ошондой эле аскердик-өнөр жай комплексинин ишканалары бутага алына берет”, - дейт Мадяр.
Ал эми орус армиясы Москвага коюлган чабуулга көп өтпөй эле жооп кайтарды. 18-майга караган түнү Украинанын бир катар аймактарына абадан сокку урулду. Бул жолу Днепр жана Одесса шаарларга бутага алынды.
Орусиялык күчтөрдүн Украинага кеңири масштабдуу согуш ачканына төрт жылдан ашты. АКШнын ортомчулугу менен былтыртан бери уланып келаткан тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн жыйынтык чыга элек. Эки тарап аймак маселесинен, тактап айтканда Донбасстан улам мунаса таба албай келет.
Орусиянын президенти Владимир Путин буга чейин Донбасс Орусиянын “тарыхый аймагы” экенин айтып, аны аскердик же башка жолдор менен кайтарып ала турганын билдирген. Киев болсо украин аскерлери Донбасстан чыкпай турганын кайталап, мындай талап кабыл алынгыс экенин айтып келет. Украин бийлиги коопсуздук кепилдиктерин, анын ичинде союздаш өлкөлөрдүн аскерлерин Украинага жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн талап кылууда.
Шерине