АКШ менен Иран өткөн айда түзгөн убактылуу келишимдеги 60 күндүк мөөнөт ортолоп калды. Ал келишимде туруктуу тынчтыкка жетишүү боюнча сүйлөшүүлөрдү уюштуруу каралган.
Анткен менен тараптар Ормуз кысыгынын айланасында бири-бирине сокку урууну улантышты.
Бул жагдай дүйнө лидерлеринин Иран менен согуш кайрадан кеңири масштабда күчөшү мүмкүн деген кооптонууга жол ачты.
АКШнын Борбордук командачылыгы дүйшөмбү күнкү чабуулдарда Ирандагы ондогон объект бутага алынганын маалымдады.
Алардын арасында абадан коргонуу системалары, радарлар, ракета жана дрон жабдуулары, ошондой эле чакан аскердик кайыктар бар.
"Ормуз кысыгы дүйнөлүк соода үчүн өтө маанилүү деңиз жолу. Аны Иран көзөмөлдөбөйт", — деп жазылат Американын Борбордук командачылыгы тараткан билдирүүдө.
Евробиримдиктин башкы дипломаты Кая Каллас да Ормуз кысыгы согушка чейинкидей ачык болушу керектигин билдирди.
Ирандагы Ислам революциясынын сакчылар корпусу АКШнын билдирүүсүн кескин четке какты.
"Ормуз кысыгы - биздин аймак. Биз дүйнөнүн аркы четинен келген мыйзамсыз, балдарды өлтүргөн армиянын кийлигишүүсүн улантуусуна жол бербейбиз", — деп билдирди корпус.
Ал эми АКШнын аскердик күчтөрү жекшемби күнү таңга жуук Ирандагы болжол менен 140 аскердик бутага сокку урганы маалым болгон. Алардын арасында ракета жана дрон учуруучу жайлар, ок-дары кампалары, байланыш түйүндөрү жана башка аскердик объектилер болгон.
Көп өтпөй Иран бул соккуларга жооп кайтарып, Бахрейн, Кувейт, Катар, Иордания, атүгүл Оманга чейин ракеталар жана дрондорду учурган.
Ал эми дүйшөмбүдө АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн 5-флоту жайгашкан Бахрейнде ракета коркунучу тууралуу сиреналар үч жолу жаңырды. Кувейт душмандын чабуулдарын тосуп жатканын билдирди. Азырынча эки өлкөдө тең келтирилген зыян тууралуу маалымат жок.
"Бүгүн эртең менен АКШ Ирандын түштүгүндөгү аймактарга сокку ургандан кийин, Ислам революциясынын сакчылар корпусу АКШнын Кувейттеги базаларындагы күйүүчү май кампаларын, Patriot абадан коргонуу системаларын жана башка аскердик объектилерди жок кылганын билдирди", - деди IRINN телеканалынын алып баруучусу.
Иорданиянын армиясы өлкө аймагына багытталган Ирандын төрт ракетасын атып түшүргөнүн билдирди.
Аскердик мекеменин маалыматына ылайык, бул окуядан эч ким жабыркаган эмес жана материалдык зыян катталган жок.
Иорданияда АКШнын аскердик күчтөрү менен аскердик учактары да жайгашкан.
Иранда бийлик Ормузган, Хузестан жана Маркази провинцияларына чабуул коюлганын билдирди.
Мамлекеттик IRNA агенттигинин маалыматына караганда, кеминде эки адам каза болду. Ирандын жарым-жартылай мамлекеттик маалымат каражаттары Систан жана Белужистан провинциясына да сокку урулганын жазышты.
Иран кайсы коммерциялык кемелерди бутага алган?
АКШнын Борбордук командачылыгынын маалыматына караганда, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун күчтөрү Кипрдин желеги астында, Ормуз кысыгынын Оман тарабында бараткан кемеге "ачык чабуул" жасаган.
Пентагон билдиргиндей, чабуулдан кийин кеменин кыймылдаткычы бузулуп, жолун уланта албай калган. Экипаждын бир мүчөсү дайынсыз жоголгону кабарланды.
Буга чейин Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ормуз кысыгы аркылуу өзү "мыйзамсыз" деп атаган каттам менен өтүп бараткан кеме менен тирешүү болгонун билдирген.
Ирандын айтымында, кеме өзүнүн жайгашкан жерин көрсөтүп туруучу электрондук сигнал берүүчү жабдуусун өчүрүп койгон. Ошондуктан ал деңиздеги башка кемелер үчүн коркунуч жараткан.
Тегеран менен Батыштын ортосунда көптөн бери ортомчу болуп келген Оман чабуулга байланыштуу Ирандын дипломатын чакырып, нааразылыгын билдирди.
"Оман бийлиги Ормуз кысыгынын түштүк бөлүгү аркылуу кемелер тоскоолдуксуз өтөт деген макулдашууга жетиштик деп ойлогон көрүнөт. Бирок коммерциялык кемелерге болгон бүгүнкү чабуул Иран мындай көз карашты бөлүшпөй турганын көрсөттү. Эгер Вашингтон Иран мындан оңой эле баш тартат деп ойлосо, бул чоң жаңылыштык болот", - деди Карнеги фондунун улук илимий кызматкери Аарон Дэвид Миллер.
Иран Ормуз кысыгы жабылганын жарыяласа, АКШнын аскердик командачылыгы менен президент Дональд Трамп кысык кеме каттамы үчүн мурдагыдай эле ачык бойдон турганын ырасташууда.
Бирок АКШнын аскердик күчтөрү Омандын жээгине жакын өткөн түштүк деңиз жолу аркылуу бара жаткан кемелерди коштоп, алардын коопсуздугун камсыздай баштагандан кийин, Ирандын Ормуз кысыгындагы басымы бир аз алсыраган.
Дал ушул жаңы маршрут Тегерандын нааразылыгын жаратты. Иран ошол жол менен өткөн коммерциялык кемелерге бир нече жолу чабуул жасап, бул деңиз багытын да коопсуз эмес экенин көрсөтүүгө аракет кылды.
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багаи Жакынкы Чыгыштагы башаламандык үчүн Вашингтонду айыптады.
«Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун 14-беренесин карасак, америкалыктар кыска убакыттын ичинде анын ар бир бөлүгүн тигил же бул жол менен одоно бузуп салышты», — деди Багаи дүйшөмбү күнү журналисттерге.
Чабуулдардын алдында дипломатиялык аракеттер дагы уланган
Президент Дональд Трамп өткөн аптада согушту токтотууга багытталган убактылуу келишим «күчүн жоготту» деп билдирген.
Бирок Пакистан, Катар жана Египет баштаган ортомчу өлкөлөр тараптарды акыркы тынчтык келишимине жеткирүү аракеттерин улантууда.
AP агенттигине аты-жөнүн атабоону суранган, сүйлөшүүлөргө катышып жаткан аймактык аткаминердин айтымында, жекшемби күнү да ок атышууну токтотуу режимин сактап калуу боюнча дипломатиялык аракеттер жүрдү.
Ошол эле учурда Ирандын жаңы жогорку лидери Можтаба Хаменеи согуш башталгандан бери биринчи жолу элге кайрылуу жасады.
Ал атасы, мурдагы жогорку лидер Али Хаменеи жерге берилгенден кийинки алгачкы билдирүүсүндө ирандыктар анын өлүмү үчүн сөзсүз өч аларын айтты.
Шерине