Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:26

"Учкун" басмаканасынын директору Бакытбек Султанов кызматтан алынды

Бакытбек Султанов.
Бакытбек Султанов.

Президенттин иш башкармалыгына караштуу “Учкун” ачык акционердик коомунун директору Бакытбек Султанов кызматтан кетип, анын ордуна Илгиз Тапаев дайындалды. Маалыматты “Азаттык” радиосуна “Учкун” мамлекеттик ишканасы ырастады.

15-сентябрда Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталгандан кийин мамлекеттик мектептерде окуган балдардын ата-энелери китеп жетишсиз экенин, айрым окуучулар бирден-экиден гана китеп алганын айтып, арызданып чыгышкан.

16-сентябрда бул маселени Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев да көтөрүп, мектепте китеп тартыш маалда алар базарда сатылып жатканын айткан.

Буга удаа эле Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев базарларда окуу китептеринин сатылышын текшерүү тапшырмасын берген. Буга чейин Агартуу министрлиги мамлекеттик мектептер үчүн даярдалган окуу китептери сатууга чыгарылбай турганын кабарлаган. Бул окуяга байланыштуу кылмыш иши козголгон.

17-сентябрда “Учкун” ачык акционердик коому басма сөз жыйынын уюштуруп, басмакана Агартуу министрлигине жана менчик мектептерге китеп басып чыгарып берерин, аны колдонууга көзөмөл жүргүзбөй турганын билдирген.

Агартуу министрлиги мектептерде жетишпей жаткан китептер базарда сатылып жатканы тууралуу көйгөй жаралганга чейин эле бул маселени текшерүү өтүнүчү менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке, Ички иштер министрлигине кайрылганын кабарлаган.

Бул окуялардан кийин коомчулукта Кыргызстандын акчасын, паспорт, күбөлүк, аттестат сыяктуу документтерди жана окуу китептерин баскан, коопсуздук чаралары жогорку деңгээлде деп эсептелген мамлекеттик басмаканадан “китептер кантип сыртка чыгып кетти?” деген суроо коюлган.

“Азаттык” бул тема боюнча иликтөө жасаган.

Маалым болгондой, Бакытбек Султанов 2010-жылы “Принт Экспресс” аттуу басмакананы негиздеп, көп жыл полиграфия жаатында ишкерлик менен алектенип келген. 2022-жылы өзү “Учкунга” директор болуп кеткенде жеке ишканасынын жетекчилигине уулу Данияр Мураталиевди дайындаган.

“Принт Экспресс” бул жылдар аралыгында башка каражаттардан сырткары китептерди, анын ичинде башка окуу китептерин да басып турган. Данияр Мураталиев базарда сатылган китептерге “Принт Экспресстин” тиешеси жок экенин айткан. (BTo)



Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG