Кыргызстан PISA тестине 2009-жылы акыркы жолу катышып, 2025-жылы кайра уланткан.
Тест жалпысынан алганда окуп-үйрөнүүнүн 16 жылдык аралыктагы натыйжаларын көрсөткөнү менен ортолуктагы методологиянын, изилдөө тармактарынын жана катышуу системаларынын өнүккөндүгүнө байланыштуу түз упайларды салыштыруу этияттык менен жүргүзүлүшү керек.
2009-жылы Кыргызстандын көрсөткүчтөрү мындай болгон: окуу боюнча 314 упай, математика боюнча 331 жана илим боюнча 330 упай топтоп, PISA тестке катышкан өлкөлөрдүн ичинен акыркы орунда турган. Окуучулардын болжол менен 83% баштапкы делген 2-деңгээлге да жеткен эмес.
Ал эми 2025-жылкы жыйынтык мындай болду: окуу боюнча 344 упай, математика боюнча 364 жана илим боюнча 363 упай топтоп, PISA тестке катышкан 91 өлкөнүн ичинен 80-орунда турат (бул маанилүү деле эмес). Окуучулардын болжол менен 88% баштапкы делген 2-деңгээлге да жеткен эмес.
PISA тесттин 2025-жылкы масштабы алда канча кеңири. Өзгөчөлүгү - илим негизги тармак болуп, математика жана окуу кошумча тармактар катары каралган да, изилдөөгө "Санариптик дүйнөдө окуп-үйрөнүү" делген өзүнчө тармак киргизилген. Анда окуучулардын билимдерин өнүктүрүү жана көйгөйлөрдү чечүү үчүн санариптик куралдарды алгылыктуу колдоно алуу жөндөмү изилденген.
Ошондуктан, Кыргызстан боюнча 2025-жылдын жыйынтыктарын 2009-жылкы көрсөткүчтөр менен карама-каршы коюу опурталдуу. Маселе упайларынын жогорулаганында же төмөндөгөнүндө эмес.
Талкуунун баарын эмоцияларды сыртка таштап Кыргызстан дээрлик 16 жылдык тыныгуудан кийин кайра келген учурда билим берүү системасында кандай реформалар жүрдү, алардын натыйжалары кандай болуп жатат, жана бул кыймыл келечекке кандай жол салып жатат, ошого бурсак.
Мени менен үзөңгүлөш билим тармагында албан эмгектерди кылып жаткан профессор Дүйшөн Шаматов менен 2012-жылы Кыргызстандын PISA боюнча 2006-2009-жылдардагы жыйынтыктарын изилдеп, илимий макалабызда мындай көйгөйлөр менен келечекте өнүгүү жолдорун сунуш кылдык эле. Окурман, сиз да буларга үңүлүп көрүп үн кошуңуз:
Негизги көйгөйлөр:
1. Окуу сабаттуулугунун төмөн деңгээли
Окуучулардын текстти түшүнүү, маалыматты талдоо, салыштыруу жана аны жаңы кырдаалда колдонуу жөндөмдөрүн системалуу түрдө өнүктүрүү зарыл. Бул үчүн окуу сабаттуулугун БИР ГАНА ТИЛ ЖАНА АДАБИЯТ сабактарында эмес, бардык предметтерде ИНТЕГРАЦИЯЛOO керек.
2. Математика жана табигый илимдерде практикалык багыттын жетишсиздиги
Математика жана табигый илимдерди окутууда теориялык маалыматты өздөштүрүүгө караганда, алган билимди практикада колдонууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүү маанилүү. Проблемалык тапшырмалар, эксперименттер, долбоорлор жана турмуштук кырдаалдарга негизделген маселелер окуучулардын функционалдык сабаттуулугун өнүктүрүүгө жардам берет.
3. Мугалимдердин кесиптик компетенциясындагы айырмачылыктар
Өлкө боюнча мугалимдердин кесиптик даярдыгы жана методикалык мүмкүнчүлүктөрү бирдей эмес. Айрым аймактарда квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги билим сапатына түздөн-түз таасир этет.
4. Билим берүү ресурстарынын теңсиздиги
Шаар жана айыл мектептеринин, ошондой эле ар кандай аймактардагы билим берүү мекемелеринин китептерге, лабораториялык жабдууларга, санариптик технологияларга жана башка окуу ресурстарына жеткиликтүүлүгү айырмаланат.
5. Окуучулардын окууга болгон мотивациясы
Окутуунун салттуу, мугалимге борборлоштурулган формалары айрым учурларда окуучулардын активдүү катышуусун чектеши мүмкүн. Окуучунун өз алдынча изилдөөсүнө, суроо берүүсүнө, пикир айтуусуна жана маселени чечүүгөмүмкүнчүлүк берген ыкмаларды кеңири колдонуу зарыл.
Негизги сунуштар:
Окуу программаларын жаңылоо.
Окуу программалары окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жана жогорку деңгээлдеги ой жүгүртүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталышы керек. Окуу китептерине текстти талдоого, маалыматтарды салыштырууга жана практикалык маселелерди чечүүгө багытталган тапшырмаларды көбүрөөк киргизүү зарыл.
Математика жана табигый илимдерди практикалаштыруу.
Математика жана табигый илимдер сабактарында проблемалык тапшырмалар, эксперименттер, лабораториялык иштер, долбоорлор жана реалдуу турмуштук мисалдар системалуу колдонулушу керек.
Мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүн күчөтүү.
Мугалимдер үчүн үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү системасын өркүндөтүү маанилүү. Тренингдер жана семинарлар теориялык маалымат берүүгө гана эмес, жаңы педагогикалык технологияларды практикалык жактан колдонууга багытталышы керек.
Билим берүү ресурстарын тең бөлүштүрүү.
Аймактык теңсиздикти азайтуу үчүн мектептердин окуу китептери, лабораториялык жабдуулар, компьютердик техника жана интернет сыяктуу ресурстар менен камсыз болушуна өзгөчө көңүл буруу зарыл.
Окуучулардын мотивациясын жогорулатуу.
Интерактивдүү окутуу, долбоордук иштер, илимий ийримдер, эксперименттер жана топтук тапшырмалар окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттырууга жардам берет.
Сырттан келген идеяларды түздөн түз көчүрүү:
Кыргызстанда билим берүү реформаларынын олуттуу бөлүгү эл аралык уюмдардын жана донорлордун колдоосу менен жүргүзүлүп келген.
Эгемендүүлүктөн кийинки мезгилде БУУнун түзүмдөрү, Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, USAID, JICA, ЕБРР, ОБСЕ жана башка эл аралык жана бейөкмөт уюмдар билим берүү секторунда ар кандай долбоорлорду ишке ашырышкан. Бул кызматташтык билим берүү системасына каржылык, техникалык жана эксперттик ресурстарды тартууга мүмкүнчүлүк берген. Ошол эле учурда реформалардын жергиликтүү муктаждыктарга шайкештиги, долбоорлордун бири-бири менен координацияланышы жана алардын узак мөөнөттүү туруктуулугу маанилүү маселе бойдон калууда.
Silova жана Steiner-Khamsi (2009) белгилегендей, постсоветтик өлкөлөрдөгү билим берүү реформаларынын айрымдары тышкы таасирлердин негизинде киргизилген же эл аралык стандарттардан артта калбоо аракети менен кабыл алынган. Мындай шартта реформанын ийгилиги үчүн тышкы тажрыйбаны механикалык түрдө көчүрүп алуу эмес, аны өлкөнүн социалдык, экономикалык жана маданий шарттарына ылайыкташтыруу зарыл.
Координация жана бирге иш алып баруу
Кыргызстандагы дагы бир маанилүү көйгөй - билим берүү секторунда иштеген ар кандай уюмдардын ортосундагы координациянын жетишсиздиги. Окуу программаларын жаңылоо, окуучуларды баалоо, мугалимдерди даярдоо, окуу китептерин иштеп чыгуу жана билим берүү инфраструктурасын жакшыртуу сыяктуу багыттар ар башка долбоорлордун алкагында өз алдынча жүргүзүлгөн учурда системалуу натыйжа алуу кыйын.
Ошондуктан билим берүү реформаларынын натыйжалуулугу үчүн мамлекеттик органдар, мугалимдер, мектеп администрациялары, жогорку окуу жайлары, ата-энелер, изилдөөчүлөр жана эл аралык өнөктөштөр ортосунда туруктуу координация болушу зарыл.
Шерине