Агартуу министрлиги соңку жыйынтыкты жетишкендик катары бааласа, адистер арасында ача пикир жаралды. Сынак эмнени көрсөттү? Андан кандай бүтүм чыгаруу керек жана билим берүү тутумунда эмнелерди оңдоо зарыл? Агартуучулар мына ушул суроолордун үстүндө баш катырууда.
Көп жылдык тыныгуудан кийинки катышуу
PISA-2025 сынагынын жыйынтыгы Словакиянын Братислава шаарында 8-сентябрда жарыяланды. Программага бул ирет 91 өлкө катышып, жалпысынан 762 миңге жакын окуучу камтылды.
Сынактын баяндамасында белгиленгендей, изилдөөдө ар бир бешинчи баланын табигый илимдер, математика жана окуу боюнча билими өтө төмөн экени аныкталды. Катышкан окуучулардын 45%, демек дээрлик жарымы окуу сабаттуулугу боюнча базалык деңгээлге жеткен эмес. Башкача айткандай, алар окуган нерсесин түшүнбөй калат, же талдай албайт. Изилдөө балдардын китеп окуу жөндөмү да өтө төмөндөп кеткенин көрсөткөн.
PISA-2025 изилдөөсүнүн баяндамасынан төмөнкү үзүндүнү келтирели:
“PISA изилдөөсүнүн жыйынтыгы балдардын жетишкендигине боюнча бир беткей эмес картинаны көрсөттү: көпчүлүк өлкөлөрдө билим берүүнүн жыйынтыктары кыйла түшүп кетти жана улам-улам начарлап баратат. PISA-2025 сынагынын маанилүү багыты – табигый илимдер орточо упайлар жаатында изилдөө жүргүзүлгөн өлкөлөрдө 2015-жылдан бери кыйла түшүп кеткенин көрүүгө болот”.
PISA (Programme for International Student Assessment) – окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоочу эл аралык программа. Ал алган билимин жана көндүмдөрүн реалдуу турмуштук кырдаалдарда канчалык деңгээлде колдоно аларын үч жылда бир жолу баалап турат. Изилдөө функционалдык сабаттуулукту, ой жүгүртүү, маалыматты талдоо жана практикалык маселелерди чечүү жөндөмүн баалайт. Тест түрүндө 2000-жылдан бери үч жылда бир өткөрүлүп келе жаткан сынакка 15 жаштагы окуучулар катыша алышат.
Сынакка Кыргызстан 2006-жылы жана 2009-жылы катышып, акыркы орунду алган жана ошол бойдон ага катышпай калган.
PISA-2025 тестирлөөсүнө Кыргызстандагы 197 жалпы билим берүү уюмунан 6700дөн ашуун окуучу катышкан. Натыйжада 91 катышуучу өлкөнүн ичинен Кыргызстан 80-орунду ээлеп, 11 позицияга жогорулаган.
Словакияда изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялоого катышкан Кыргызстандын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева муну жетишкендик катары баалады:
“Эң башкысы биз эң артта эмеспиз. 91 өлкө катышса, биз 80-орундабыз. Бардык багыттарда туруктуу, динамикалуу өнүгүү бар. PISA’нын өкүлдөрү жана бул жердеги билим берүү министрлери бул коомдун балага жасаган мамилесин чагылдырарын белгилешүүдө. Кенже курактагы балдарды өнүктүрмөйүнчө PISA’да эч качан ийгиликке жетише албайбыз”.
Окуучулардын жетишкендиктерин баалоочу эл аралык PISA сынагы Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун (OECD – ЭКӨУ) буйрутмасы менен жүргүзүлөт. Уюмга жалпы 38 мамлекет, көбүнчө Европа Биримдигиндеги өлкөлөр мүчөлүк кылат. Баш кеңсеси Парижде жайгашкан.
"Өзүбүздү алдабайлы, бул азырынча жетишсиз"
Кыргызстандан кийин Косово, Гватемала, Ливан, Замбия, Марокко, Кения, Ирактын Күрдстан аймагы, Руанда турат. Математика жана табигый илимдер боюнча биринчиликти Кытай, окуу боюнча Сингапур алган.
Жакынкы өлкөлөрдөн Казакстан 66-орунда, Грузия 67-орунда, Монголия 68-орунда жана Азербайжан 69-орунда чыккан.
PISA-2025 сынагында Кыргызстан ээлеген орунга байланыштуу коомчулукта талаш пикирлер жаралды. Бирлери муну “билим берүү тутумуна коюлган диагноз катары кароо керек” дешсе, башкалары “тиешелүү кемчиликтерди оңдоого мүмкүнчүлүк” катары баалашууда.
Бакытбек Абдуллаев, билим берүү боюнча адис:
“91 өлкөнүн ичинен 91-орунда болсок деле, маселе рейтингде эмес. 80-орундабыз деп Агартуу министрлигин же бийликти сындоонун өзү маселени чечпейт. Эң маанилүүсү ооруп жатканыбызды кабыл алуу, туура диагноз коюу үчүн себептерин изилдөө анан дарылоо. Башта ошол диагнозду туура коюп алалы”.
Абдывахап Нурбаев, экс-депутат:
“PISA’нын жыйынтыгын биринчи кезекте өзүбүздү алдоо үчүн эмес, өзүбүзгө чынчыл суроо берүү үчүн колдонушубуз керек. Ооба, Кыргызстандын айрым көрсөткүчтөрү өскөн. Муну жокко чыгаруунун кереги жок. Бирок 17 жылдык аралыкты эске алганда, бул өсүштү билим берүү системасындагы олуттуу сапаттык өзгөрүү деп атаганга азырынча негиз жетишсиз. Анын үстүнө биздин позициябыз кескин өзгөрүп кеткен жок”.
“Биздин чыныгы көйгөйүбүз 80-орун эмес. Негизги көйгөй – мектепте тогуз-он жыл окуган балдардын чоң бөлүгү алган билимин турмуштук маселелерди чечүүдө толук колдоно албай жатканы. Андан да кооптуу жагы – окуучуларыбыздын басымдуу бөлүгү функционалдык сабаттуулуктун базалык деңгээлине жетпей жатканы. Бала текстти үн чыгарып окушу мүмкүн, формуланы жатка билиши мүмкүн, бирок окуганын талдоо, маалыматтарды салыштыруу жана алган билимин жаңы кырдаалда колдонуу жагынан кыйналууда”.
2025-жылкы изилдөөдө Кыргызстандын орточо көрсөткүчү табигый-илимий сабаттуулук боюнча 363 упайды, математикалык сабаттуулук боюнча 364 упайды, ал эми окуу сабаттуулугу боюнча 344 упайды түзгөн. 2006-жылкы жана 2009-жылкы изилдөөлөрдө болсо кыргызстандык окуучулар 285тен 331ге чейинки жыйынтыкты көрсөткөн. Дал ушул нерсе өсүш катары сүрөттөлүүдө.
Сынактагы Кыргызстандын алгачкы көрсөткүчтөрүн эксперттер Дүйшөн Шаматов менен Кеңешбек Сайназаров иликтеп чыгып, атамекендик билим берүү тутумунун катачылыктарына аныктама беришкен. Алар: балдарды окутуунун начардыгы, мугалимдердин кесиптик компетенциясынын төмөндүгү, практиканын жетишсиздиги, билим берүү ресурстарынын жеткиликсиздиги жана башкалар. Бул көйгөйлөр азыр деле чечилип кеткен жок.
Билим берүү боюнча эксперт Кеңешбек Сайназаров өз пикири менен мындайча бөлүштү:
“2025-жылдын жыйынтыгына биз дагы кененирээк анализ кылышыбыз керек. Адистер азыр алдын ала сунуш-пикирлерин айтып жатышат, мен да теңдеп ойлорду айтканга аракет кылып көрөйүн. Биз, биринчи кезекте окуу китептерине тексттерди талдоого, маалыматтарды салыштырууга, практикалык маселелерди чечүүгө багытталган тапшырмаларды аябай бай киргизишибиз керек деп айтат элем. Акыркы жылдары Кембриж системасына жана Сингапур системасына ылайыкташтырылып, даярдалып жаткан китептердин ичинде ушундай элементтер толтура. Экинчиси, математикалык жана табигый илимдердин сабагында проблемалык тапшырмалар, эксперименттер, лабораториялык иштер, долбоорлор жана реалдуу турмушта колдонулчу ар кандай мисалдар менен байытыш керек. Математика менен табигый илимдер бул жөн гана формула менен теория эмес. Ушул жагынан алганда биздеги жеке менчик мектептер бизде локомотив болуп берүүдө. Мамлекеттик мектептер ошолорду көрүп, билип, өзгөрүүгө дуушар болуп жатышат. Мында чеке жылытарлык жылыштар бар. Мектептердин курулушу, лабораториялык жабдуулар менен жабдылышы да жакшы натыйжаларды берет деп ишенем. Үчүнчүдөн, мугалимдердин үзгүлтүксүз окутуу системасына чоң басым жасообуз кажет. Ага ансыз да көңүл бурулуп жатат, кайрадан каралып чыгып, ар аймактагы тиешелүү бөлүмдөр ишин жандантууда. Бул да колдоого аларлык көрүнүш”.
Баса, буга чейин Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары да Кыргызстандын билим берүү тутумунун, айрыкча кыргыз тилдүү мектептердин көйгөйүн ачыкка чыгарган. 2025-жылы анда “Алтын сертификат” алган 54 окуучунун бирөө гана, 2026-жылы 55 окуучунун алтоо гана кыргыз тилдүү мектептерден болгон. Бул да коомчулукта талууга жем таштаган.
Шерине