Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:56

"Бөлөк планетага түшкөндөй болдум". Папуа-Жаңы Гвинеяда иштеген Канагат

Маприк айылынын орто мектеби. Мектеп мүдүрү менен IT ресурс борборун ачуу жана дыйкандарга, мектеп мугалимдерине окутуу боюнча сүйлөшүү учуру.
Маприк айылынын орто мектеби. Мектеп мүдүрү менен IT ресурс борборун ачуу жана дыйкандарга, мектеп мугалимдерине окутуу боюнча сүйлөшүү учуру.

Папуа-Жаңы Гвинея – Тынч океанынын ортосунда жайгашкан, Австралия материгинин жанындагы өлкө. Бул жер тууралуу кыргыз коомунда маалымат болмок түгүл, аталышын билгендер да сейрек кездешет.

Анткен менен кыргызстандык Канагат Алышбаев бул өлкөдө беш жылдан ашык убактан бери ар кандай долбоорлорду ишке ашырган. Учурда ал Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду – ЮНИСЕФ менен ал өлкөдөгү ишмердигин улантууда.

“Артымда Тынч океан. Бул жерди жергиликтүүлөр Саншайн жээги деп коюшат. Кыргызстандагы Бостеридей болгыон жай, эс алганы көп келишет”, - деди Канагат Алышбаев видео байланышта артындагы толкуп жаткан мухитти көрсөтүп.

Ал Папуа-Жаңы Гвинеяда төрт жарым жылдан бери жүргөнү үчүн жер-суу аттарын, элинин өзгөчөлүктөрүн билип, уруулардын түшүнүктөрүн да айырмалап калган. Ага карабай аны ыраакка жумушка жөнөткөн Бириккен Улуттар Уюму коопсуздугунан чочулап, үй-бүлөсү менен ал жерде чогуу жашаганга уруксат бербейт.

“2021-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык Телекоммуникация уюмуна сынак аркылуу жумушка кабыл алындым. Бул оор жана өтүүгө кыйын сынак. Жумушка кабыл алгандан кийин мага Папуа-Жаңы Гвинеядагы долбоорду беришти. Кооптуу жана тропикалык аймак болгону үчүн жалгыз барасың дешти. Мага түрк, орус тилдүү же араб өлкөлөрүнө барсам кыйла жеңил болмок. Бул жакта мага эле эмес, биз менен иштеген бардык чет элдиктер үчүн кыйын болду. Башка өлкөгө эмес, бөлөк планетага түшкөндөй эле жүрдүк. Алты ай дегенде жаңы шартка көнүп, элге аралашып, көнө баштадык. Азыр сурасаңар, кайсы папуас кайсы аймактан экенин айырмалап бере алам”.

Район борбору Вевактын четиндеги жээк.
Район борбору Вевактын четиндеги жээк.

Бир жарым жылдан кийин Алышбаев үй-бүлөсүн Австралиянын Брисбен шаарына көчүрүп барган. Баласы жергиликтүү мамлекеттик мектепке кирген. Өзү ара-чолодо Папуа-Жаңы Гвинеядан Брисбенге келип, үй-бүлөсүнөн кабар алып турат.

“Ишибиз бюджетке миллиондогон салык түшүрдү”

Папуа-Жаңы Гвинеяда БУУнун беш институтунун биргелешкен долбоорлору иштеген. Алышбаев анын айыл чарба багытындагы жумушун, тагыраагы, какао, ванилин жана балык чарбасын санариптештирүүнү колго алган. Бул чоң долбоордун жыйынтыгында аймактарда 20дан ашык IT ресурс борборлор ачылып, миңдеген дыйкандарга, мектеп мугалидерге жана жергиликтүү бийлик кызматкерлерине ар кандай IT тренингдер өткөрүлгөн. Алышбаевдин айтымында, бул иштердин жыйынтыгы менен какао жана ванилди сертификациялоо эл аралык талаптарга ылайык өтүп, туура таңгакталып, үйрөтүлгөн онлайн маркетинг жана коммерция көндүмдөрүнүн арты менен миңдеген тонна товарлар экспорттолуп жатыптыр.

Мындан тышкары электрондук айыл чарба стратегиясын жасап чыгышкан.

“Мамлекет деңгээлинде биринчи жолу айыл чарба министрлигине жана какао агенттигине жасалма интеллект менен интеграцияланган маалымат системалары жасалып ишке берилди. Жыйынтыгында, өлкөнүн айыл чарба тармагы санариптештирүү жолунда кыйла алдыга кадам таштады. Экинчи долбоорубуз - Маалыматтык коммуникациялар жана технологиялар министрлигинде санариптештирүү стратегиясын, электрондук өкмөт жол картасын жазып чыктык. Үчүнчүсү “Акылдуу аралдар жана акылдуу айылдар” деген долбоор иштеди. Мамлекеттин санариптештирүү жол картасы жасалды. Электрондук өкмөт боюнча көптөгөн иштер аткарылды. Ал эми айыл чарба багытындагы үч тармакты айтпадымбы, бул өлкөдө дыйкандар санариптештирүү боюнча биринчи жолу тажрыйба алышты. Айрым өндүрүүчүлөр мунун арты менен электрондук коммерцияны колдонуп, товар экспорттоого өтүштү. Миңдеген тонна ванил, жүз миңдеген тонна какао сыртка сатылды. Бул тарыхта биринчи жолу. Мунун арты менен мамлекетке миллиондогон доллар салык түштү жана миңдеген адамдар иш менен камсыз болушту.

БУУнун Папуа-Жаңы Гвинеядагы институттарынын кызматкерлери кечки тамактануу учурунда.
БУУнун Папуа-Жаңы Гвинеядагы институттарынын кызматкерлери кечки тамактануу учурунда.

Дагы бир “Акылдуу айылдар” деген долбоордун арты менен алыскы аймактардагы мектептерге интернет жеткиргенин эстеди. Мунун арты менен айылдагы окуучулардын дүйнө менен таанышууга шарт түзүлүп, онлайн сабактар өткөрүлүүдө.

“Кишилерге кол салуу болуп турат”

Алышбаев бул аралдагы жакшы жылыштарды санаганы менен ал жактагы жашоо-турмуш оор, ал жакта күн кечирүү көп деле коопсуз эмес.

“Эгемендик алганына 50 жыл болгон, бирок бул жактагы абал кудум биздеги 1990-жылдарды эске салат. Жаш муундар арасында жумушсуздук күч. Сыртта чет элдик же жергиликтүү кишилерге кол салуу болуп турат. Арзыбаган буюм-тайым үчүн өлтүрүп деле кетиши мүмкүн. Элдин деңгээли өтө жогору эмес жана уруучулук, жердешчилик түшүнүктөрү күч. Башында келгенде менин өмүрүмө да коркунуч жаралган эки-үч окуя болду. Кийин алар жөнгө салынды. Биз жергиликтүү эл менен түз иштегенибиз үчүн алар да бат түшүнүп, таанып калышты”.

Улуттар Уюму бул өлкөдө жүргөн кызматкерлер үчүн коопсуздук талаптарын киргизген. Алар жашаган жайдан өз алдынча чыгууга уруксат жок. Зарылдык болгондо гана, мисалы, азык-түлүк сатып келүүгө болот.

“Анда да үчөө-төртөө болуп чогуу чыгабыз. Антпесең сыртта абал кооптуу. Ичкен-чеккен кишилер сага кол салышат. Бая айткандай, арзыбаган нерсе үчүн өлтүрүп деле коюшу мүмкүн”.

Батыш Сепик провинциясындагы Айтапе аймагындагы мектептердин бирине Санариптик ресурс борборунун ачылышында. 2025-жыл, ноябрь.
Батыш Сепик провинциясындагы Айтапе аймагындагы мектептердин бирине Санариптик ресурс борборунун ачылышында. 2025-жыл, ноябрь.

“Ак жүздүүлөрдөн көптү күтүшөт”

“Папуа” сөзүн малай тилинен которгондо “тармал чачтуулар” дегенди түшүндүрөт. Алар байырлаган аймак миңдеген жылдар бою дүйнөдөн обочолонуп жашап келген. Аралды 16-кылымда батыштык деңиз саякатчылары ачышкан. Ал жерди Африкадагы Гвинея жээгине окшоткону үчүн ошентип атап коюшкан. 19-кылымда бул аймакка да оторчулуктун таасири жетип, Германия менен Британия экиге бөлүп башкарган. Кийин ал жерди толугу менен Австралия багындырып алган. Ортодо Жапония аралдын көп бөлүгүн ээлеп, экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки капитуляциядан соң кайра Австралия башкарып калган. 1975-жылы Папуа-Жаңы Гвинея көз карандысыздыгын жарыялаган.

“Оторчулукту көргөнү үчүн да ал жакта ак жүздүү кишилерди башкача көрүшөт. Бул жакшы мааниде. Алардан көптү күтүшөт. Мисалы, долбоорду ишке ашырууда ындыларга караганда ак жүздүү кишилерди көбүрөөк угушат. Бирок кээде аларга кызганыч менен караган учурлары да бар. Мисалы, кытайлыктар келип көп ишкердик кылышат, чакан бизнесте жүргөн индонезиялыктар да бар”.

“Уруу башчысы көп маселени чечет”

Мекендештин айтымына караганда, Папуанын алыскы аймактарында уруулардын таасири азыр деле күч. Кээде мыйзам иштебей, алардын ички түшүнүктөрү алдыга чыгып кетет.

“Жунглиде мыйзам иштебейт. Мисалы, бир маселе чыкса, полициянын же башка мекеменин күчү жок. Аны ошол жердеги уруунун чоңу менен сүйлөшүп чечесиң. Трайбализм өтө күчтүү. Бир ишти баштаардан мурда жергиликтүү бийлик менен чогуу ошол уруулардын башчыларына барып сүйлөшөсүң. Алар уруучулукту карманганы менен окуган-көргөн, англисче эркин сүйлөшөт. Башында түшүнбөстүктөр болгону менен кийин жакындан таанышып, байланышып жүрдүк. Долбоорлор менен тааныштырып, пландарды айтып, чогуу иштедик. Бул аймактар кооптуу болгону үчүн БУУнун башка институттары менен бирге барар элек. Анткени уруулар ортосунда чыр чыгып, бири-бирин кырып салганга чейин барган учурлар болуп турат. Мисалы, биз иштеген аймакта Сепик деген дарыя агып өтөт. Ал жерде крокодилдер байырлаганы үчүн жергиликтүү эл крокодилди “коргоочу” катары көрүп, ыйык тутушат. Уруу аралык жаңжалдарда бири-бирин өлтүрүп, крокодилге жем кылып ыргыткан күндөрү да болду. Бирок бул сейрек кездешет”.

Вивак аймагынын панорамасы. Артта Сепик өрөөнү жана Бисмарк деңизи.
Вивак аймагынын панорамасы. Артта Сепик өрөөнү жана Бисмарк деңизи.

“Жаратылышы жагынан Балиден ашып түшөт”

“Экватор сызыгында жана жанында жайгашкан өлкөлөргө, Африканын ортосу, Түштүк Американын түндүк тарабы, Индонезия же Папуа-Жаңы Гвинеяга Кудай ченебей бериптир. Ал жерлерде өсүмдүк өстүрүп, дыйканчылык кылуу кыйла жеңил. Өзүнөн-өзү өсө бере тургандай шарт бар. Дайыма жай. Климат кээде жаанчыл, кээде кургакчыл болуп калат. Кооздугун сүрөттөп айтуу мүмкүн эмес. Жарнамаларда, кинолордо Балинин жаратылышы кооз деп көрүп калабыз го. Ал жакка турист көп барганы үчүн тебеленди болуп калган. Бул жактарга көп киши барбаганы үчүн аябай кооз. Бали бул жакка караандабайт деле. Чети океан болгону үчүн балыктын жүздөгөн түрүн көрөсүң.

Элинин айрым мүнөздөрүн кыргыздарга окшотом. Меймандос, кең пейил, ийкемдүү. Бирок алар туш болгон кыйынчылыктардан улам жогоруда айтканымдай кооптуу жагдайлар болуп турат. “Жаман улут же эл жок, жаман адам бар” дегендей”.

Канагат Алышбаев буга чейин Бишкекте БУУнун өнүктүрүү программасынын Санарип экономика багытындагы долбоорун жетектеген. Долбоордун жыйынтыгында өлкөнүн Санариптик көндүмдөр стратегиясы жасалып билим берүү министрлиги тарабынан бекитилген. Ошто IT хаб ачылып, ондогон стартаптар ишке берилген жана көптөгөн жаңы иш орундары ачылган. Бишкекте Жогорку технологиялар паркы менен бирге 50 миңден ашуун жаштарга онлайн IT ишкерлик боюнча ар кандай ментордук тренингдер, хакатондор, акселераторлор өткөрүлүп жаңы стартаптар ишке киргизилген. Ага чейин төрт жыл Австриянын Вена шаарында БУУнун башкы штабында ар кайсы санариптештирүү кызматтарда эмгектенген. Дүйнөлүк масштабдагы интеграцияланган татаал маалымат системаларын, онлайн окутуу жана онлайн китепкана платформаларын техникалык жактан өнүктүрүү жана камсыз кылуу кызматтарын аркалаган.

Канагат Алышбаевдин жашаган батиринен тарткан сүрөтү. Сепик аймагы, Папуа-Жаңы Гвинея.
Канагат Алышбаевдин жашаган батиринен тарткан сүрөтү. Сепик аймагы, Папуа-Жаңы Гвинея.

“Бул жактагы элдин турмушун көрүп, бооруң ооруйт. Аларга жардам болсун деп бизге ишенип берилген милдетти майын чыгара аткарганга аракет кылдык. Өзүңдүн мекениңе, туулган жериңе кызмат кылган жакшы. Бирок алыскы аймактарга, адамдарга, кебетесине, улутуна, динине жана башка айырмачылыгына карабай жалпы адамзатка кызмат кылуу да эң маанилүү иш деп ойлойм”.

Канагат Алышбаев былтыр жыл аягында Папуа-Жаңы Гвинеядагы долбоорлорун жыйынтыктап, жазында үй-бүлөсү менен Бишкекке көчүп келген. Бир канча убактан кийин ага Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду – ЮНИСЕФтен байланышып жумушка чакырган. Ал ошентип март айынын башында кайрадан Папуага кайтып, Билим берүү министрлиги жана мектептер үчүн IT долбоорлорду ишке ашырууну улантууда. Бул өлкөдө министрликтин маалымат системаларын өнүктүрүү жана 13000ден ашуун мектепке онлайн окутуу платформасын даярдоо, окутуу иштеринде алгачкы ийгиликтер болгонун айтты.

  • 16x9 Image

    Түмөнбай Абдинаби уулу

    Түмөнбай Абдинаби уулу "Азаттыктын" кабарчысы. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү. 

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG