Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкта бир катар сыйлык, наамдар биринчи ирет берилүүдө. Буга чейин мамлекеттик сыйлык, ардак наамдардын 46 түрү 22ге кыскарган мыйзам кабыл алынган эле. Айрымдар совет доорундагыдай эле сыйлык, наамдардын түрү көп экенин айтып, дайыма сындап келишкен.
“Эмгек Баатырлары”
"Ынтымак ордо" жарыялаган тизмеде сыйлыктардын сап башында “Эмгек баатыры” даражасын алгандар аталды. Бул наам төрт кишиге берилген. Алардын бири атактуу обончу, ХХ кылымдын соңундагы кыргыз музыка өнөрүнүн эң көрүнүктүү өкүлү Рыспай Абдыкадыров болду.
Легендарлуу обончу көзү тирүүсүндө “Эл артисти” наамын албай кеткени дайыма коомчулукта талкуу жаратчу. “Наам-сыйлыктар жең ичинен берилип, татыктуу кишилер унутта калат” деген дагы дооматтарга негиз болуп келген. Ал 200 ашуун обон жаратып, легендага айланган инсан. Абдыкадыров 1994-жылы 53 жашында узакка созулган оорудан каза болуп, сөөгү Оштогу Сулайман-Тоонун этегине коюлган. Анын ысымы Ош шаарындагы филармонияга ыйгарылган эле.
“Эмгек баатыры” даражасы Кыргыз эл артисти, композитор Муратбек Бегалиевге берилди. 71 жаштагы Бегалиев Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрынын башкы директору.
Андан сырткары Кыргыз эл мугалими Бектур Исаковго дагы ыйгарылды. 84 жашка чыгып калган белгилүү агартуучу 50дөн ашык окуу, усулдук эмгектердин, 300гө жакын илимий-усулдук макалалардын автору. Агартуу тармагында анын усулдары өзгөчө бааланат.
Бул жолку “Эмгек баатыры” даражасы ыйгарылган төртүнчү киши 2020-жылдын Октябрь окуяларынан кийин президенттик администрациянын башчысы болуп, кийин малекеттик катчы, андан соң БШКнын мүчөсү болуп иштеп жаткан Сүйүнбек Касмамбетовго ыйгарылды. Ал узак жылдар Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин орун басары болуп иштеген.
“Эмгек баатыры” деген үч жыл мурун мамлекеттик сыйлыктардын катарына кошулган. Айрымдар ошол кезде муну СССР доорундагы “Социалисттик эмгектин баатыры” наамын дагы эске салат, мындай сыйлыктын зарылчылыгы жок” деп сындашкан эле. 2024-жылдан тарта бул наам дагы бериле баштады.
Ал эми мурдагы "Ата Мекен баатыры" наамы сыйлыктардын катарынан алып салынган.
Алгач Кыргыз эл артисти, маркум Элмирбек Иманалиевге "Эмгек баатыры" берилген. Андан кийин коомдук ишмер, белгилүү ишкер Аскар Салымбековго да ушул сыйлык ыйгарылган.
Кыргызстанда "Кыргыз эл баатыры" деген эң жогорку наам бар. Өлкөнүн эгемен тарыхында "Кыргыз эл баатыры" жогорку наамына ээ болуп, кийин соттолгон эки киши болду. Буга чейин ушундай наамды алган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абакка кесилсе, быйыл УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге райондук сот чечими чыккан.
Сыйлык алгандардын эң жашы отузда
Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театрынын биринчи категориядагы артисти Темирлан Сманбеков, театр жана кино актеру Болот Тентимишов, Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрынын драма артисти Самидахан Халматов, театр режиссеру, Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси Уланмырза Карыпбаев жана Карамолдо Орозов атындагы мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин башкы дирижеру Боромбай Кулахматовго Эл артисти наамы берилди.
30 жаштагы Уланмырза Карыпбаев сыйлык алгандардын эң жашы болду. Ал КМШ өлкөлөрүнө таанылган белгилүү театр режиссёру. Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси болуп эмгектенет. Театр искусствосунда өзүнүн чыгармачылык багыты менен айырмаланат. Айталы, 2023-жылы жаш режиссер койгон спектакль коомчулуктун кызуу талкуусуна себеп болгон. Бишкекте Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук драма театры койгон “Күн кармаган бала” спектаклиндеги каарман эне оорукчан бакма баласын жылаңач жуунтуп жаткан жери көптөргө жаккан эмес. Чыгарма жазуучу Султан Раевге таандык. Театрга кызыккан дагы, кызыкпаган дагы кишилер соцтармактарда бул окуяны кызуу талкуулашкан. "Чындык жалгыз болот, чындык жылаңач болот. Бул спектаклдин мааниси да ошондо” деген эле жаш режиссер.
Бул жолу III даражадагы "Манас" ордени Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовго ыйгарылды. Бул кызматка ал 2024-жылы дайындалган. Мунун алдында Мамлекеттик ипотекалык компанияны жетектеди.
57 жаштагы Шыкмаматов көп жылдар саясатта, оппозицияда жүргөнү менен дагы белгилүү. 2015-жылы “Ата Мекен” партиясынан VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Фракция лидери болгон. 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин азыркы бийликтин командасына кирген.
Жеңишгүл Өзүбекова "Эл жазуучусу", Атантай Акбаров "Эл акыны", Сатар Айтиев "Эл сүрөтчүсү" наамын алышты.
Акын Анатай Өмүрканов менен ырчы Саламат Садыковага "Кыргызстандын сыймыгы" ардак наамы берилди. Бул дагы алгачкы жолу берилип жаткан сыйлык.
Быйыл биринчи жолу "Кыргызстандын жаратманы" наамы ыйгарылды. Мындай сыйлыкты мамлекеттик ишмер Таштанбек Акматов, EnsiliTech британиялык биотехнологиялык стартабынын тең уюмдаштыруучусу, Бат университетинин химия профессору Асел Сартбаева алды.
Президенттин жарлыгына ылайык, "Эрдик" орденин, "Ардак" медалын алгандар дагы бар.
Сыйлык, наам 46дан 22ге азайды
Сыйлык-наамдарга келгенде "советтик менталитеттен кете албай жатабыз" деген сын дайыма эле айтылат.
Быйыл апрелде президент Садыр Жапаров "Мамлекеттик сыйлыктар, ардак наамдар жана мамлекеттик сый акылар жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Аталган мыйзамда мамлекеттик сыйлыктардын, ардак наамдардын жана мамлекеттик сый акылардын мурдагы 46 түрү 22ге кыскарган эле.
"Эрдик" ордени биринчи категориядагы мамлекеттик сыйлык болуп бекитилген, даражалары алынган. "Ардак" медалы экинчи категориядагы мамлекеттик сыйлык болуп саналат. Андан тышкары "Кыргыз Республикасынын жаратманы" жана "Кыргыз Республикасынын сыймыгы" ардак наамдары кошулган.
Ошондой эле "Кыргыз Республикасынын эл мугалими", "Кыргыз Республикасынын эл дарыгери", "Кыргыз Республикасынын эл артисти", "Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу", "Кыргыз Республикасынын эл акыны" жана "Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү" деген наамдар сакталып калды.
Ал эми мурдагы “Ата Мекен баатыры”, “Данакер” ордени, 3-даражадагы “Эрдик” ордени, “Даңк” медалы, "Эмгек сиңиргендиги" тууралуу ардак наам жана "Ардак грамота" алынып салынган.
Шерине