Президент Садыр Жапаров "Мамлекеттик сыйлыктар, ардак наамдар жана мамлекеттик сый акылар жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Аталган мыйзамда мамлекеттик сыйлыктардын, ардак наамдардын жана мамлекеттик сый акылардын мурдагы 46 түрү кыскартылып, 22ге түшүрүлдү.
«Эрдик» ордени биринчи категориядагы мамлекеттик сыйлык болуп бекитилди, даражалары алынды. «Ардак» медалы экинчи категориядагы мамлекеттик сыйлык болуп саналат.
Андан тышкары «Кыргыз Республикасынын жаратманы» жана «Кыргыз Республикасынын сыймыгы» ардак наамдары кошулду.
Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын эл мугалими», «Кыргыз Республикасынын эл дарыгери», «Кыргыз Республикасынын эл артисти», «Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу», «Кыргыз Республикасынын эл акыны» жана «Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү» деген наамдар сакталып калды.
Ал эми мурдагы «Ата Мекен Баатыры», «Данакер» ордени, 3-даражадагы «Эрдик» ордени, «Даңк» медалы, "Эмгек сиңиргендиги" тууралуу ардак наам жана "Ардак грамота" алынып салынды.
Мыйзамда ошондой эле сыйлыктарга көрсөтүү процесси, аларды ыйгаруу жол-жоболору, сыйлангандардын укуктары менен милдеттери так аныкталган.
Документте мындан тышкары мамлекеттик сыйлыктар жана наамдар менен сыйланган жарандар үчүн социалдык кепилдиктерди белгилөө да каралган.
"Мамлекеттик сыйлыктар, ардактуу наамдар жана мамлекеттик сый акылар тууралуу" мыйзамдын жаңы редакциясынын долбоору быйыл январда парламенттин каршылыгына туш болгон. Айрым депутаттар сыйлыктардын кыскарганын сындап, миңдеген жарандардын шагын сындырган мыйзам болорун айтып чыгышкан.(ZKo)
Шерине